Жарылган газ баллонунан көз жумган бир үйдүн жалгыз кызы акыркы сапарга узатылат

Жарылган газ баллонунан көз жумган бир үйдүн жалгыз кызы акыркы сапарга узатылат

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын борборундагы коомдук тамактануучу жайдагы газ баллонунун жарылышынан каза болгон Нурайым Аманкалиеванын сөөгү бүгүн, 12-январда, туулуп-өскөн Липенка айылында жерге берилет. Бул тууралуу «Турмуш» сайты жазып чыкты. 

18 жаштагы Нурайым. Сүрөт «Турмуштан» алынды. 

Алардын маалыматына караганда, 18 жаштагы Нурайым бир үйдүн жалгыз кызы болгон. Маркум Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айылындагы Тарас Шевченко орто мектебин ийгиликтүү аяктап, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетинде 1-курста окуп жаткан. Окуу менен катар Каракол шаарындагы тез татым жайында иштеп да жаткан. 4 бир туугандын ичинде 3 агасынан кийинки үйдүн кичүүсү болгон. Апасынан 6 жыл мурда ажыраган. Атасы, бир туугандары менен чогуу жашачу.

ӨКМ маалыматына таянсак, 10-январда Караколдогу коомдук тамактануучу жайда газ баллону жарылган. Анын айынан чыккан өрт 15:30да чектөөгө алынып, саат 15:42де толугу менен өчүрүлгөн. Кырсык кесепетинен 6 адам жаракат алып, бир адам — 18 жаштагы Нурайым каза болгон…

 Өрт газ баллонун этиятсыз колдонуудан улам чыккан…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.