Эрнис КЫЯЗОВ: «Иш бөлмөмдө ташына турган буюм-тайымым жок экен, жайнамазымды алдым да кеттим»

Эрнис КЫЯЗОВ: «Иш бөлмөмдө ташына турган буюм-тайымым жок экен, жайнамазымды алдым да кеттим»
“5-каналдын” кечээги жетекчиси Эрнис Кыязов азыркы жетекчиси Рахат Сулайманов, кесиптеш агасы Нарын Айып менен түшкөн сүрөттөрүн «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырып, төмөндөгүдөй пост калтырды:
— “Ээси келсе бээсин бер” дегендей, бүгүн «Бешинчи каналга» өйдө жактан “катталар” келип калыптыр капыл-тапыл. “Бээни ушул киши минип чапкылап көрсүн” деген Маммүлк фондусунун, жеке акционердин чечимин көтөрө келишиптир. Бээни минчү киши өзүм тааныган эле досум, ТВ майданда илгери далай отту-сууну бирге кечишкен чекист Рахат Сулайманов экен. Былтыр, октябрда күргүштөп келип “телеканалды басып алабыз, тартып алабыз” деген басмачы кишилердей эмес түрлөрү. Өкүматтык кагаз менен, сылык-сыпаа, жадырап-жайнап келишти эле, жадырап тосуп алдым. “Колунан иш келбей кетип аткан жокмунбу?”,-деп жылмайсам, “Сизге жетекчилик ыраазы, колуңуздан келишинче телеканалга салым коштуңуз, жакшы иштедиңиз” дешти бир ооздон. Андай болсо жакшы экен деп, өкүмөттүн акырынан жем жеген «Бешинчи каналды» Рахатка карматып, жамааттын көзүнчө ийгилик кааладым. “Момундай-тигиндей проекттерди ачып, саясий тараптардын баарын чакырган ТВ долбоорлорду кыялданып, планын чийип аттым эле, эми ушунун баарын туура десең ишке ашыр, досум” деген каалоолорду айттым Ракеге. Өзүм Рахатты креслого олтургузуп, “Кудай өзү туура жолдон адаштырбасын, оомин” деп бата бердим.
Чогулушка жыйналган жамаат кандайдыр трагедия болгонсуп улутунуп, сумсайышат, “Баары жакшы болот, негизгиси, айлык акыңар буюрса стабилдүү болот” деп жадырай тамашаладым. Иш бөлмөмдө көп деле ташына турган буюм-тайымым жок экен, жайнамазымды алдым да, кошуна кабинеттеги аксакал кеңешчим Нарын Айып агага жолугуп, ыраазылык айтып, а кишинин батасын алгандан кийин, Рахатка: «Досум, бизди бир сүрөткө тартып койчу” деп, бир-эки ирмем сүрөткө түштүк.
Ошол достор, эртең буюрса таң заарлап чыгыштан баягыдай эле таң атат, короздор кыйкырбаса деле Күн чыгат.. Тирүүлүк уланат. Пенделер күн сайын өзү менен өзү күрөшмөйдү улантат. Кудайга шүгүр, таланттуу жамаат менен иштешкениме, ошол тагдырды буюрган Жаратканга рахмат! «Бешинчи каналда» колуман келишинче өз потенциалымды жумшоого аракет кылдым, кимди таарынтсам, капа кылсам, “ушул жигит момундай иштерди кылса болмок” деп кимдир бирөөлөрдүн үмүтүн, ишеничин актай албай калсам кечирим сурайм. Аллах өлкөбүздү, өлкөдө жашаган баарыбызды сактасын, оомин!
Айтмакчы, бүгүн эле эртең менен катчы кызыбыз “Эрнис байке, «Бешинчинин» «Ютуб» каналындагы катталуучулар 100 миңден ашты»,- деди эле. Эки жылда балким бул аз эле көрсөткүчтүр, бирок сан үчүн эмес, сапат үчүн иштеген жамаатка ыраазылык билдирем”.
Белгилей кетсек, кечээ, 12-январда УКМК кызматкери Рахат Сулайманов «5-каналга» директор болуп келген. Бу телеканалды Эрнис Кыязов эки жыл жетектеди. Ал бул кызматка 2018-жылы май айында дайындалган…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.