Садыр ЖАПАРОВ: «»Жардамчысымын, өкүл баласымын” деп менин атымды саткандарды камакка алгыла!»

Садыр ЖАПАРОВ: «»Жардамчысымын, өкүл баласымын” деп менин атымды саткандарды камакка алгыла!»

Бүгүн, 13-январда, президенттик шайлоодо жеӊип чыккан Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга, укук коргоо органдарына эки тилде (кыргыз, орус) кайрылуу жасады.

Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери!

 «Садыр Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын, кеңешчисимин” деп ар кайсы жерлерге барып,  опузалоо менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар мага келип жатат. Мейли ким болбосун, пара талап кылган болсо, мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо дагы, дароо камакка алгыла! Мындан ары мыйзамсыз, адилетсиз иштерге жол берилбейт!
Садыр ЖАПАРОВ: «Мамлекетти өзүм гана башкарам. Досторго, шопурларга, жардамчыларга жана туугандарга башкартпайм!»

Садыр Жапаров 10-январдагы шайлоодон кийинки басма сөз жыйынында журналисттердин суроолорго жооп берип жатып, мамлекеттик башкарууга тууган-урук, жакындарын кийлигиштирбей турганын айткан.

Мурдагы президенттердин бирөөсү 15 жыл иштеди. Биринчи беш жарым жылдык ишин жакшы иштеди. Андан кийин айлана-чөйрөсүндөгүлөргө ушундай бир таасирге кирип кеткен. Аны баары билет, талдап турат. Экинчи президент да 2-3 жыл жакшы иштеп, андан кийин айлана-чөйрөсүндөгү жакын адамдарына башкартып жиберди. Андан кийинки президентибиз да жардамчыларына, айдоочуларына башкартып жиберген учурлар болгон. Бирок менде андай катачылыктар болбойт. Анткени биз тарыхтан сабак алган адамдарбыз. Кудай буйруса, мамлекетти канча жыл башкара турган болсом, ошончо жыл өзүм гана башкарам. Досторго, шопурларга, жардамчыларга жана туугандарга башкартпайм!

Эске сала кетсек, 10-январда президенттик шайлоого 17 талапкер катышып, Садыр Жапаров жеӊип чыккан. Ал шайлоонун баштапкы жыйынтык (79% добуш) менен атаандаштарынан алдыда келатат. БШК айтымында, автоматтык эсептеги добуштардын 98%ы саналып бүтүп, кол санак уланууда. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова: «Бюллетендерди кол менен саноо жүрүп жатат, аймактык шайлоо комиссияларында иш улантылууда, натыйжасы 19 күндүн ичинде чыгарылат«, — деп билдирген 11-январда.

Белгилей кетсек, шайлоо жыйынтыгын эл аралык уюмдар тааныды. Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Түркия, Индия, Монголия жана Иран президенттери Садыр Жапаровду куттукташты…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.