Карлыгач САРНОГОЕВА: ««Улутчул» деп атамды куугунтукташканда, колдоп, Ак калпак кийгем…»

Карлыгач САРНОГОЕВА: ««Улутчул» деп атамды куугунтукташканда, колдоп, Ак калпак кийгем…»

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: Бүгүн, 14-январь — Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана 3-даражадагы «Манас» орденинин ээси, азил-какшык аралаш саптары менен далайды чычалаткан, далайды алдастаткан, далайдын жүрөгүнөн түнөк тапкан, кыргыз деп келип, кыргыз деп дүйнөдөн өткөн Байдылда Сарногоевдин жарык дүйнөгө келген күн. Замандаштары Байдыке деп калчу сүйүктүү акыныбыз Таластын Кара-Ой деген айылында 1932-жылы жарыкка келген делет. Бирок өмүрлүк жубайы Зина Сарногоеванын айтканы боюнча чыныгы туулган жылы — 1928-жыл. «Мен киммин? Мен бир акын жаман сары,/ Колунда койкоңдогон калам сабы» деген Байдыкебиз көзү тирүү болгондо бүгүн 89 жашка чыкмак экен. Турмушта тапкан керемет  жубайы, эстүү аялзаты Зина Сарногоева экөө беш — үч уул, эки кыздуу болушкан. Тилекке каршы, тун баласы Баястан агабыз каза болуп калган. Учурда акындын өмүр көчүн улап бир небере, эки чөбөрө да чоӊоюп жатат…

Эми биз, Байдылда атабыздын туулган күнүнө карата архивдеги кыздары, баласы, небересинин эскерүүлөрүн баштадык. Алгач Зина апабыздын 2005-жылы «Бишкек таймс» гезитине берген эскерүүсүн бердик. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот. 

Байдылда САРНОГОЕВ: «Кызым Карлыгачка»

Кагылайын Карлыгачым, канатым.

Сенсиӊ менин шекер, балым, набатым.

Апаӊ деле бир топ өӊдүү жан эле,

Андан ашып сен суйкайып барасыӊ.

 

Акылдуусуӊ, боорукерсиӊ билемин,

Кыз дегенге кыйбайт сени жүрөгүм.

Уулум болуп узак кетпей жанымдан,

Үйүмдө эле жүрсө деген тилегим.

 

Ал тилекке сен жеткирээр бекенсиӊ,

Аай, ишенбейм… кандай кылсаӊ өз эркиӊ…

Бир жигитиӊ бизден жакын көрүнүп,

Биздин үйдөн  башка жайга көчөөрсүӊ.

 

Айла канча, актык ишке каралдым,

Апаӊ менен сенсиз үйдө калаармын.

Обонуна салып туруп Шаршендин,

Ордуӊ карап, бир дорулдап алаармын.

Бул саптарды Байдылда атабыз Карлыгач аттуу кичүү кызына арнаган экен. Атасы айткандай, ата-эненин кыйбаса да жүрөгү, Карлыгач кызы бир жигитти жакшы көрүп, турмуш куруп, жубайы экөө Дилбара аттуу кыздуу болушкан. Диля деп эркелеткен ошол суйкайган сулуу кызы да кийин турмуш туткасын кармап, ата-энесине эки небере тартуулаган. Тилекке каршы, Карлыгач эжебиз жолдошунан, Диля атасынан ажырап калганына көп жыл болду…

…Карлыгач эжебиз менен журналисттик жолубузда далай баарлаштык. Атасы тууралуу сөз болгондо, чын жүрөгүнөн төгүлүп сонун баян куруп берчү. Ар бир сөзүнөн атасына болгон сагынычы, жакшы көрүүсү, кусалыгы байкалып турчу… Соӊку учурда баарлашуубузга ар кыл шарттар улам тоскоол болуп, жаӊыртып маек куралы деген максатыбыз ишке ашпай турат… Буйруса, ал дагы алдыда деп, азырынча 3 жыл мурда, 2018-жылы 5-мартта «Алакан» сайтыбызга берген маегин сунуштап турабыз…

Архивден…

«Артыңда уулуң калса — өзүң калганың, кызың калса — изиң калганы» дегендей, айтылуу акын Байдылда Сарногоевдун артында өзү да, изи да калды. Тээ бир кезде Байдылда атабыздын “Ак калпак” аттуу китеби чыкканда, андагы бийлик аябай эле куугунтуктаптыр. Ошондо Карлыгач эжебиз 9-класста окуп жаткан кези экен, атасын колдоп, уялбай эле мектепке калпак кийип барыптыр… 5-март — Ак калпак күнүнө карата Карлыгач айым менен маектештик.

— Алгач, учурдан пайдаланып, мырзаларды бүгүнкү майрамы, 5-март – Ак калпак күнү менен куттуктайм. Байке, инилердин башынан ак калпак түшпөй, эне тилибизде сүйлөшсүн. Атам өз тилибизге өтө күйгөн киши эле. Биз орус класста окудук. (Күлүп) Атамдын мыктылыгынан киргиз болбой, кыргыз болдук да. Сүйлөй да, жаза да билебиз. «Мектептен орусча сүйлөгүлө, үйдөн кыргыз тилинде гана сүйлөйсүңөр. Өз тилиңерди унутпагыла!»,-деп эскертип турчу.  «Ак калпак» аттуу китебинин ичинде мындай ыр бар эле:
«Орус тили жылдыз да,
Ушул улуу заманда…
Бирок кыргыз кыргызча,
Сүйлөбөгөн жаман да.
Эне тилин билбеген,
Эси жогун аныктайт.
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт
«.
Ушул ырынан кийин «улутчулсуң» деп, аябай куугунтукталды. Ошондо да атам сынган жок. Кайра мындай деген ыр жазып салды:
«Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн.
Кызыл эт кезден торолтуп,
Кыялым көккө күүлөгөн.
Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн
«.

Атаңыз куугунтукталганда, кимдер колдоду эле?
-Атамды кайраттандырып, үч киши жөлөк болду. Алар — мээримдүү энекем, ошол кезде милиция органында, болгондо да начальник болуп иштеп турган Болот Шерниязов жана Кадыркул Даутов. Алар эч нерседен коркпой, керек болсо ыр кечесин өткөрүп салышты. Ошондо атам:
«Жебедей учсам дечү элем,
Жел менен кошо сызыла.
Желбей да калдым бир топ жыл,
Жем түшүп кетип бутума
«,- деп жазды. Анан атама колдоо көрсөтөлү деген ниетте Баястан байкем экөөбүз башыбыздан калпак түшүрбөй кийип жүрдүк.

Сиз анда канчанчы класста элеңиз?

— 9-класста окучумун. Эркектердин калпагын кийип, мектепке барып жүрдүм. Калпактын жашыл оймосу болсо жашыл, күрөң болсо күрөң пальто же бут кийим кийчүмүн. Ал кийин модага айланып кетсе болобу. Кыздардын көпчүлүгү меникиндей кылып калпак, пальто тиктирип кийе башташты. Атамды жаштар колдоду деп аябай сүйүнгөм. Дегеле атамды коомчулук колдогон. Атамдын ырлары мамлекетке жакпай, китептерин чыгарбай, аябай эле бут тосушканы эсимде. Чыккан китебин да саттырбай койгон күндөрү көп болгон.

-Атаңыздын ырларын жатка билесизби?
— Ооба. Атам көп кырдуу талант эмес беле. Бардык жанрда ыр жазчу да. Лирика ыры:
«Жайкы түн, жымжырт айлана,
Асманда калкыйт Ай гана.
Айга окшоп мен да токойдо,
Кыдырып жүрдүм жай гана
«,- деген. «Акындын жүрөгү дайыма жаш» дегендей, атам дагы ошондой болчу. 50 жашка чыкканда:
«Элүү жаш жүздүн жарымы,
Элүүгө чыккан карыбы?..
Өңүмдү бырыш басса да,
Өчө элек жаштык жалыны.
Жылгындай кезди кыйбаймын,
Жигиттин ырын ырдаймын.
Жылт берип жылдар өтсө да,
Жыйырма беш жаштан жылбаймын
«,- деп жазган. Ошол жылдары апама арнап, мындай деп ыр жазган:
«Ак үйдө жанган шамы бир,
Азыр да жашпыз аны бил.
Андагы кезди элестеп,
Агай деп койчу дагы бир.
Өзөнгө тиккен багы бир,
Өмүрлөш жанбыз аны бил.
Өбүшүп бүттүк дебестен,
Оозуңду тосчу дагы бир
«.
Атам ар кыл теманы жазды. Жаштарга да арнап, тамаша-чыны аралаш ыр жазган эле. Ал мындай:
«Эки сөздүн башын жөндөп кошо албай,
Эрдемсийсиң акынмын деп уялбай.
Өзгөлөрдү сынаганды койсоңчу,
Өзүң жатып жумурткадан чыга албай.
Карыларды «халтурщик» деп бүтүрдүң,
Ошол сөзүң өзүң болбо түшүнгүн.
Мен да сенин мээге жукпас, жүүнү бош,
Бука сийдик ырларыңа түкүрдүм
«.
Негизи атамдын ырлары адамга күч-кубат берет. Атамдын ырлары менен кошо элеси эч качан өчпөйт. Ал түбөлүк сакталат.

Атаңыз түшүңүзгө киреби?

 

— Ооба. Атамдын көзү өтүп кеткенден кийин, атамдын жаркын элесине арнап, 2004-жылы «Ый жана элестер» аттуу жука китеп жазгам. Ал алгач гезитке жарык көргөн. Ошондо кубанып түшүмө кирген. Анан атамды башынан бери колдоп, бардык нерсебизге жардам берип келаткан Болот Шерниязовго арнап ыр жаз деп кирди. Түн бир оокум болчу. Ойгонуп кетип, залга кирип, колума ручка, кагаз алдым да, мындай деп жаздым:
«Ар дайым атам айтчу эле,
«Улутчул дешет билбеген.
Улутун кимдер сүйбөгөн.
Кызыл эт кезден торолтуп,
Кыялым көккө күүлөгөн.
Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн»
Атамдын ошол сөздөрүн,
Болотбек байкем жолдоду.
Каркыра сыздап турганда,
Жардамга «Эрлер» жок болду.
Коргойбуз деген бир гана,
Өмүрбек, Болот Шер болду.
Жардамсыз шордуу Каркыра,
Ажырап бизден жок болду…
Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн.
Улутун сүйгөн Шер Болот,
Улутчул эмес, патриот!
Болоттой эрлер көбөйсө,
Бакубат жашоо тез болот.
Аман жүргүн ар дайым,
Арстан жүрөк Эр Болот!» 

Маектешкен Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.