«Коронавирустун үчүнчү толкуну февраль-март айында күтүлүүдө» дейт министр. Ага дарыгерлер даярбы?

«Коронавирустун үчүнчү толкуну февраль-март айында күтүлүүдө» дейт министр. Ага дарыгерлер даярбы?

Кыргызстанда коронавирус кайра көбөйдү. Бу жаман илдетке чалдыккандардын жалпы саны 83 430 га кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү 20-январдагы маалыматына караганда, жаман илдет бир сутка ичинде эле 162 кишиге жугуп, Бишкекте эки адам көз жумган.

Бишкек – 46;
Ош – 11;
Чүй облусу – 72;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 24;
Жалал-Абад облусу – 2;
Баткен облусу – 2.

Алымкадыр БЕЙШЕНАЛИЕВ: «Вируска каршы эмдөөгө акча бөлүнө элек»

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун үчүнчү толкуну февраль-март айында күтүлүп жатканы тууралуу буга чейин «Марал» радиосуна берген маегинде билдирген. Анын айтымында, коронавирустун үчүнчү толкунуна дарыгерлер даяр, 4-5 айга жете турган дары, жеке коргонуу каражаттары бар, болгону вируска каршы эмдөөгө акча бөлүнө элек.

«Акча бөлүнсө, эки ай ичинде эмдөө башталат. Орусиянын вакцинасын алууну пландап жатабыз. Биринчи болуп өзүм, үй-бүлөм эмдөөдөн өтөт. Андан соң дарыгерлер алышат», — деген Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча, 19-январга карата маалыматына караганда, коронавирус былтыркы март айынан башталгандан бери Кыргызстанда 1390 адам каза болду.

Пандемия учурундагы шалаакылыгы үчүн кайсы жетекчилер суралууда?

Эске сала кетсек, коронавирус Кыргызстанда 2020-жылы жазында башталган. COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 18-мартта аныкталган. Кыргызстанга сырттан да, ичтен да пандемияга гуманитардык жардам бөлүнгөн. Келген каражаттар туура эмес бөлүштүрүлүшү боюнча азыр андагы премьер-министрлер М.Абылгазиев, К.Боронов, вице-премьер-министрлер А.Өмүрбекова, А.Исмаилова күбө катары Финполго суракка чакырылууда.

Финпол Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Газель Соболь» үлгүсүндөгү 10, «Форд Транзит» үлгүсүндөгү үч «Тез жардам» автоунаасы (1 млн. долларга) кымбат баада сатылып алынган, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген деп билдирген эле. Дал ушул маселе боюнча мурдагы Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев камакка алынган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.