Бүгүн Кыргыз Эл акыны Рамис Рыскулов акыркы сапарга узатылат

Бүгүн Кыргыз Эл акыны Рамис Рыскулов акыркы сапарга узатылат

Эсен болуп, эстей жүр!

Узак оорудан улам 87 жашында (26-январда) көз жумган Кыргыз эл акыны Рамис Рыскулов бүгүн, 28-январда, акыркы сапарга Бишкектеги Герцен көчөсүндөгү үйүнөн (саат 14:00дө) узатылат. Сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу Жазуучулар бирикмесинин басма сөз кызматы билдирди.

Баскан жолу…

СССР Жазуучулар союзунун жана СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, СССР Эл чарба көргөзмөсүнүн лауреаты Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Туу айылында туулган. 1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москва шаарындагы Борбордук Комсомол мектебине жөнөтүлүп, ал жерде 2 жыл билип алып, М. Горький атындагы Бүткүл Союздук адабият институтуна өтөт. Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинен баштап, кийин «Ленинчил жаш» гезитинде, «Ала Тоо» журналында эмгектенген. Ырлары «Кыргызстан маданияты», «Эркин тoo» ж.б. гезиттерге жарыяланган. Биринчи ырлар жыйнагы “Жаз” 1959-жылы жарык көргөн.

Мыкты котормочу да болгон. Кыргыз тилине Пушкин, Маяковский, Некрасов, Вознесенский, Михалков, Есениндин чыгармаларын которгон. Кылган эмгектери сыйлыкка татыган. 1986-жылы «Ырлар» жыйнагы А. Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон. Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Эл акыны ардак наамдары берилген.

Сүрөттү да мыкты тарткан. 1987-жылы «Иисустун өнүгүшү», «Жылмаюу» аттуу сүрөттөрү Москвада өткөн элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүндө диплом алган.

Париждеги СССР элдеринин элдик кол өнөрчүлөрүнүн II фестивалында жеңүүчү болгон.

 

СҮРӨТ

Катып койгун азыр сага керексиз,
Бул сүрөтүм жүрсүн сенде себепсиз.
Ушул кездер түштөй кайып болгондо,
Эскерерсиң анда кандай элек биз.

Колуң тийсе кезегинде карарсың
Мени эмес, өткөн күнүң самарсың.
Ай. Жашчылык айтып бүткүс баяның
Кайда калдың, аттиң ай деп жанарсың.

АЙЫЛЫМ

Толуп ташып дайрадай
Токтолбогон айылым.
Токтоп өтөм сага деп
Толкун жолдон кайрылдым.

Биздин айыл жел айыл,
Жаз келгенде сел айыл.
Түпкүлүгүн ойлосоң
Түгөнбөгон кен айыл.

Көк чыкканда жаңырып,
Дуулдаган айылым.
Заман темпин кубалап
Зуулдаган айылым.

Кызыл жайда кызарып
Кылкылдаган айылым.
Кыз баланын үнүнөн
Шыңкылдаган айылым.

Дайра кирсе кечүүсүз,
Ташкындаган айылым.
Келбетиң сенин көрүүгө
Шаштым дагы айылым.

ГЕНИЙДИН ТАБИЯТЫ

Түшүнүксүз болот гений чынында,
Чок ташыйт ал келе жаткан кылымга.
Ошон үчүн аны дароо таанышпай
Кайсакташат кана алышпай сырына.

Гений койсо катуу коëт чекитти,
Чыгармада билет жандан кечишти.
Билет жана качан жарк деп чыгууну,
Билет качан сценадан кетишти.

Далай жылдар артта калат негедир,
Кызыкпастан жылдызданган багыңа.
Эч ким күтпөй эч нерсени турганда,
Атып чыгат бийиктикти сагына.

Генийлердин иши турат кычырап,
Чындык үчүн тагдыр жолу бычылат.
Ошон үчүн чыйрак чыгат сөздөрү,
Ыргактары ырларынын чытырап.

КҮНДҮ ТОСУП ЧЫККЫЛА

Эй, адамдар, ар күн таңда,
Күндү тосуп чыккыла!
Шимиргиле күн нурларын
Денеңерге,
Сиңиргиле көздөргө.
Ар күн таңда,
Ар күн таңда
Күн жолунда баскыла.
Күн менен бир иш баштап,
Күндөй ишти жасагыла!
Күндөй араан сүргүлө!
Күнүң тийгиз адамдык
Адамдарга!

СҮЙӨМҮН ПУШКИН СҮЙГӨНДӨЙ

Күйөмүн Байрон күйгөндөй,
Сүйөмүн Пушкин сүйгөндөй.
Тагдырын бүтүн дүйнөнүн
Башыма болом үйгөндөй.

Энтигип жашап жүрөмүн,
Ат болуп туйлайт жүрөгүм,
Алдыңа тартып койсом дейм,
Жашоонун жашыл мүрөгүн.

ЛАБИРИНТ

Лабиринт- шаар,
Көчө толо адамдар.
Тааныштарым кайда житкен.
Кээ жолуккан такыр калат жолукпай.
Түшүп башка трамвайга
Адашкандан адашам.
Барып калам барбайм деген жагыма.
Көрбөйм деген адамдарды
Көрө баштайм.
Тунук витрина ичинде
Турушат
Сулуу манекендер
Жер асты жол, асман жол,
Ошондо да кетким келбейт
Лабиринттен,
Кызыгына улам анын берилем.
Кезем- кезем Лабиринт шаар ичинде
Кезем, кезем!

О, ДҮЙНӨ

Чындыктын чытырмандуу чыйырлары,
Чынынан чыйрыктырып ойго салды.
О дүйнө кайда минип баратасың,
Токунуп токтоо билбес толкундарды.

Кете бер кечүү терең, күндөр терең,
Адашат акыл-ой да жетпей ченем.
Ааламды батырууга демденесиң,
О, жүрөк, баатырсың эмне деген.

О, дүйнө чегин таппай тентиреген.
О, көлдөр, сыр бербестен мелтиреген.
О, дүйнө, түпкүрүнө шыкааласам,
Тирөөч жок ай-жылдызда же тиреген.

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.