Аида САЛЯНОВА: «Эрнис Асек уулун тирүүсүндө баалай албай, баркына жетпей калдык…»

Аида САЛЯНОВА: «Эрнис Асек уулун тирүүсүндө баалай албай, баркына жетпей калдык…»

Эсен болуп, эстей жүр!

Мыкты котормочу, акын, журналист, философ, гений Эрнис АСЕК уулу былтыр 29-январда дүйнөдөн өткөн. Сөөгү ушул күнү 31-январда Ат-Башы районундагы киндик каны тамган айылы  Кызыл-Тууда жерге берилген. «Чиренип жатат сөөгүм…» деп селт эттирген ырындагы сапта жазгандай, кантели, куттуу үйүнүн төрүндө эмес, жер алдында чиренип жатканына туптуура бир жыл болду…

“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнис АСЕК уулун жылы бою эмгеги менен эскерген адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилүүдө… Эки гений ага-ининин эмгегин, жакшылыгын унутпай эстеп, эскерип, куран окутуп келаткан жакшы адамдарга өзүмдүн, үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдирем.

Назира СААЛИЕВА

 «Котормо болуп калганда Эрнисти көп эстейм…»

«Убакыт учкан куш» деген ушу турбайбы. Мыкты котормочу, журналист Эрнис Асек уулунан ажыраганыбызга жыл айланып калыптыр…
«Атасына теӊ бала, атасынан кем бала, атасынан артык бала» деп коет эмеспи кыргызда. Кыргызга аттын кашкасындай таанымал ага-ини атасынан кем болушкан жок. Асанаалы (Асек) Эшимканов көптөгөн элди дарылап, мыкты дарыгер катары элдин эсинде калганы азыркыга чейин Ат-Башыда айтылып келет. Эӊ өкүндүргөнү — үчөөнүн теӊ өмүрүнүн кыска болуп калганында. 50 жашка чыкпай кетишти. Үчөө теӊ турмушта акыйкатты издеген инсандар болгон.
Эрнистин кыска өмүрүндө, он жылдай убакытта жакындан таанып-билип калдым. Алгач агасынын «Асаба» гезитинде башкы редактор болуп иштеп, кийин агасынын аманатын аткарып «Баягы Асаба» деген аталыш менен чыгарды. Ошондо да мыкты редакторлугун көрсөттү. Ал коомдо болуп жаткан адилетсиздикке чыдап отура алчу эмес. Акыйкат сөзүн ар убакта айтып турду. Мен оппозицияда жүргөндө бийликтен коркпой, кызматташып, келинчеги Назира экөө ар дайым жардамын аяган жок. Колдоп турушту. Эрнис мага керектүү котормолорду сапаттуу, тез которуп берип турду. Азыр да котормо болуп калганда Эрнисти көп эстейм. Кыргызда «маңдайы жарык» деп коет эмеспи. Эрнистин маӊдайы жарык, жүзүнөн нур чачырап турган касиеттүү инсан эле. Оор басырыктуу, орундуу сүйлөгөн, адамгерчилиги, мыкты котормочулугу менен эсте калды. Өтө эле жаш кетип, жубайы Назираны, балдарын өкүттө калтырды. Баарыбыздын эле ичибиз ачышып жатат. Жаш кетти. Аттиң, тирүүсүндө баалай албай, баркына жетпей калдык…

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.