Бекназаров жаштарга Аксы окуясынын тарыхын айтып, бийликке Шералы хандын чокоюн эскертти!

Бекназаров жаштарга Аксы окуясынын тарыхын айтып, бийликке Шералы хандын чокоюн эскертти!

Кыргызстандын Малайзиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаровдун кезектеги билдирүүсү редакциябызга келип түштү. Ал төмөндө:

— Урматтуу Кыргыз калкым! Кадырман жаштар!

Быйыл 17- мартта, кыргыз тарыхында кара тамга менен жазылып калган, жыл сайын мамлекеттик деңгээлде эскерилүүчү Аксы окуясына 19 жыл болот. Агезде төрөлгөн балдар да 19 жашка чыгышты. 19-29 жаштагылар саясатка аралашып, эгемен доорунун 30 жылдык мезгил ичиндеги тарыхый окуяларын айтып калгандарын угуп жүрөм. Ошондуктан тарыхый окуяны, акыйкат эскерүү үчүн, ошол Аксы окуясынын башкы «күнөөкөрлөрүнүн» бири катары, бул эскерүүнү жаштар сиздерге багыштаймын…

Кыргыз тарыхындагы борбору Аксыкент шаары болгон мамлекеттеги, Кокон хандыгынын ордосундагы,Түштүк кыргыздар Орус империясы тарабынан басып алынгандагы, Кыргыз жергесинде Совет мамлекетин куруудагы, эгемен Кыргыз Республикасын түптөөдөгү жана анын «хандык» бийлик жүргүзгүсү келген президенттери менен күрөшүүдөгү Аксылыктардын өзгөчө ролу жөнүндө айта берсе сөз көп. Башкасын айтпаганда да, Нүсүп атабыздын Шералыны Таластан Коконго алып барып, хандык тактыга анын эски чокоюн кошо илип: «Ким элең, ким болдуң?!» кыяздагы өткөнүн унутпоо сабагы, азыркы заманда да баа жеткис тарбиялык, философиялык мааниси терең саясый жосун. Нүсүп атабыздын Шералыны такка олтургузбай, өзү такка олтурганга толук мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок ал олтурбаган, себеби Аксылыктар бийлик үчүн эмес, кыргыздардын эркиндиги, кыргыз жеринин бүтүндүгү, адилеттүүлүк же жалпак тил менен айтканда, эгемендүүлүк, көз карандысыздык үчүн күрөшкө чыгат…

Ата-бабалардын жолун жолдоп,Үзөнгү-Кууш, Сары-Жаз, Какшаал, Хан-Теңиринин айрым участоктору Кытайга, Каркыранын, Көк-Сайдын, Маймактын айрым участоктору, Токмоктун тушундагы айланпа жолдун 800 метри Казахстанга берилип жатканда, Акаевдин бийлигине (2001- жылдын башында) Жогорку Кеңештин жоон топ депутаттары буга каршы чыккан. «Чыккынчы» Акаевге импичмент жарыяланарынан коркушкан анын командасы Аксынын депутаты Азимбек Бекназаровду 2002- жылдын 2-январында камакка алышат. Анын камакка алынганын билген Аксылыктар , «Депутатыбызды үй камагына чыгарып бергиле!» деп бийликке кайрылышат. Алардан оң жооп албаган соң, депутатын коргоо күрөшүн баштайт. Аксылыктарды А.Масалиев, Д. Садырбаев баштаган Жогорку Кеңештин жоон топ депутаттары, айрым мекенчил инсандар, саясатчылар, журналистертибиз  колдоп чыгышат. Росиянын, АКШнын, ОБСЕнин жана башка айрым эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Аксылыктар менен жолугушат, угушат, аларды колдошот. Аксылыктарды колдоп, Бишкекте ачкачылык акциясында жаткандардын ичинен Шералы Назаркулов шейит кетет. Ага карабай, Акаевдин бийлиги, Аксылыктарды уккусу, көргүсү келген эмес. Тескерисинче, аларга каршы мамлекет бардык күчүн жумшаган. Армия, милиция, башка күч структуралары, сот, прокуратура, мамлекеттик ММКлар, жети дубандын дүжүрлөрү, сатылма жарым каралар, айрым бизнесмендер колдонулган. Аксылыктар эки жарым ай бою күч органдары тарабынан мыйзамсыз кармалды, сабалды, шылдыңдалды, кемсинтилди, бөлүнүп жарылды. Бирок, Аксылыктар сынбады, сатылбады…Акырында аларга каршы ошондогу Өкмөт башчы К.Бакиевдин жашыруун кол койгон «Буран», «Тайфун» аскер операциялары колдонулду, жөө жалаңдап райондун борборуна тынчтык митингке бараткан эл, Боспиектин тушунда ээн жерде мөндүрдөй жааган окко кабылды. Ошентип «жер саткан» бийлигибиз, «жерибизди сатпа» деген өз элине ок чыгарды. Аксы жергеси канга боелуп, 6 адам окко учту, жүздөгөн жаран жаракат алды. Аксы жергеси ого бетер ыйга батты, кыйналды, ийилди, бирок тез эле кайра чыйралды.

Кара-Суу айыл аймагында Акаевдин бийлиги таптакыр токтоду…Бир нече мектептер жабылды…Күрөш улантылды. Бийлик «аксылыктардан жеңилгенин» 2002- жылдын май айында өткөн Коопсуздук Кеңешинде расмий мойнуна алууга аргасыз болду. Бирок Аксылыктар күрөшүн токтоткон жок. Эми Акаевдин бийлигин кетирүү үчүн «Акаев кетсин» урааны менен 2002- жылы, жайында Аксы-Жалал-Абад, Аксы-Ош, Аксы-Бишкек улуу жөө жүрүштөргө чыгышып, жалпы элдин мекенчилдик аң сезимин ойготту. Аксылыктарды Акаевдин айрым чиновниктери аргасыз колдоого өтсө, акаевдик режимден зордук- зомбулук, куугунтук көргөндөр эми Аксылыктардын айланасына биригишти. Аксылыктар баштаган үч жылдык саясий күрөш башкача айтканда, 2005- жылдын 24- мартында Акаевди , Кыргызстандан качып кетүүгө аргасыз кылды. Бийликке, «манты жеп олтурган жерден» Шералыга окшоп Бакиев келди…Ошентип Аксылыктар дагы бир жаңы тарых жаратышты…

Бакиев бийлигинде…

Аксылыктар Акаевди жеңгени менен, анын чек арага байланыштуу кол коюп берген келишимдерин Акаевдин ордуна бийликке келген Бакиев жана анын үй- бүлөлүк «Ак-Жол» парламенти ратификациялап беришти. Мисалы, Кыргыз-Казак чек арасы боюнча 2001- жылкы кол коюлган келишим, аксылыктардын таасири менен 2008- жылга чейин, парламенттен өткөрүлбөгөнү менен, Бакиевдик үй- бүлөлүк «Ак-Жол» парламенти бийликке келери менен 2008- жылы, апрелде ратификациялап, Каркыраны баш кылып, казактарга өткөрүп беришкен. …

Атамбаев бийлигинде…

2016- жылы жазында Өзбекстандын аскер күчтөрү Аксыдагы Ункар-Тоону ( Ункур-Тоо) бир тараптуу ээлеп алып, ал жерде иштеп жүрүшкөн кыргыз жарандарын кармап кетишкен. Аксы-Ала- Бука автоунаа жолун ээлеп алышкан. Ушул окуяга байланыштуу митингке чыккан Аксылыктарга Атамбаевдин бийлиги, Өкмөт башчысы баш болуп, «Ункар-Тоону Өзбекстандыкы, ал жердеги Кыргызстандын объектилерин которуу үчүн жер бөлүп бергиле!» деп Кербен шаардык Кеңешине жашыруун документтерди жиберген. Буга каршы чыккандарды, айрыкча Атамбаев өзү: «Булар канга тойбогон кузгундар, аларды укпагыла, келсе ташбараңга алгыла!» деп чек араны кайтаргандын ордуна Азимбек Бекназаровду кайтартып, элди ага каршы тукурат. Ага карабай Бишкектен, Жалал-Абаддан Бекназаров баштаган жоон топ мекенчил инсандар Аксыга келип, элге жолугуп, «Ункар-Тоо кылымдар бою кыргыздыкы экенин, бир метрин да бербейбиз, Атамбаевдин бийлиги коргобосо, эл өзүбүз коргойбуз!» деп чечим алып, чечимде Өзбекстандын андагы президенти маркум Ислам Каримовго түз кайрылып, «Атамбаевди сыйлабасаң, өз жериң коргоого даяр кыргыз элин сыйла, жолду ач, жарандарыбызды кайтарып бер!» деген кайрылуу алышкан. Ошондон кийин көсөм киши Каримов жолду ачып, кийинчерээк биздин жарандарды коё беришкен.

Садыр Жапаров бийлигинде…

Мен муну эмнеге жазып жатам. Кечээ жакында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиеёв экөө жолукканда, Өзбекстан тарап, Ункар-Тоо боюнча дооматын алганы айтылып жатат. Ункар-Тоо эч качан талаш болгон эмес, аны Атамбаевдин бийлиги жараткан. Өзбекстан кайсы бир чек ара маселесин чечүү үчүн атайын жасалма доомат кылса кылгандыр?! Менимче, алардын Ункар-Тоодон баш тартуусуна 2016-жылкы Кербендеги жыйын таасир эткен, анткени ошондон көп өтпөй кыргыз-өзбек чек арасы боюнча 85 пайызына кол коюлганда, Ункар-Тоо боюнча маселе, өзбек тарабынан ачык калтырылганы жөнүндө тастыкталбаган сөз бар.

Бишкекте Аксы коомунун активисттери чогулуп, президентке, парламентке, Өкмөткө атайын кайрылуу даярдап, Аксылык депутат Кубанычбек Жумалиевдин өзүнө да кол койдуруп киргизилет. Ал кайрылууда,Ункар-Тоону коргоо боюнча, атайын штаб түзүлгөнүн кабарлап, бул маселе парламенттен да которулуусун, «Ункар- Тоону Өзбекстандыкы» дегендерге чара көрүүсү айтылган. Ушундан пайдаланып, Ункар- Тоо боюнча 2016-жылы, жазында Кербенде өткөн жыйынга Бишкектен атайын келишкен: М.Абыловго, Ч.Абыкеевге, Б. Туралга, Б.Асановго, К. Кадыровко, К. Дуйшеевге жана башка «Кырк-Чоронун» жигиттерине, журналисттер: Бекен Назаралиевге, Адилет Айтикеевге, (ошондон кийин АКШга качууга мажбур болгон), Жалал-Абаддан атайын келген Камчыбек Ташиевге, М.Усеновго ж.б. , Кербен шаардык Кеңешинин Ж. Надырбековго окшогон айрым депутаттарына, аксылыктардын атынан ыраазычылык билдирем. Алар жана бийликтен коркпой жыйынга келишкендер болбогондо, мүмкүн Ункар-Тоо алда качан Өзбекстандыкы болмок. Себеби, Атамбаев ошондо кол койгон келишим, азыркы Жогорку Кеңештен талкууланбай эле жашыруун «оптом» өтүп кеткен, Ункар-Тоо да өтүп кетмек. Ункар-Тоону ошентип аксылыктар өздөрү сактап калган. Аксылыктардын бөтөнчө касиеттүү эл экенин жакшы билген Өзбекстандын азыркы лидери Ункар-Тоону талашуудан баш тартып көсөмдүгүн көрсөттү. Бул да тарых… Мына замандаш, аксылыктар бийлик менен бөтөнчө күрөшөт, бирок бийлик үчүн эмес, мекен, намыс, адилеттүүлүк үчүн күрөшөт. 19 жыл мурда шейит болушкан азаматтар, Кыргыз жеринин бүтүндүгү үчүн Чолпонбайдай эле курман болушкан. Аксылыктарды колдоп, саясый ачкачылыкта жатып шейит болгон Ш. Назаркулов саясий өлүмдүн туу чокусун көрсөткөн. Алар Акаевди кетирип, Бекназаровду президент кылабыз деген эмес. Алар «кыргыздын  Үзөнгү-Куушу үзүлбөсүн, Каркырасы учпасын!» деп шейит болушкан. Чыныгы мекенчилмин десең, ошол кыргыз жери үчүн күрөшкө чыгышып, саясий күрөштүн жаңы үлгүсүн көрсөтүшүп, тарыхты өзгөрткөн Аксылыктардын баатырдыгын түбөлүк калтыруу үчүн коюлган Ак үйдүн алдындагы эстеликке келип, таазим кылып, куран түшүрүп Аксы окуясынын таржымалын айта жүр! Аксы окуясынын катышуучуларына жана жабырлануучуларына 19 жыл мурда тартышкан азап-тозоктору, орду толгус оор жоготуулары үчүн, терең урматтоо менен көңүл айтам.

Эске сала кетсек…

2002-жылы 17-мартта Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, 6 адам каза болгон. Ошол кездеги президент Аскар Акаевге импичмент жарыялаган андагы депутат Азимбек Бекназаров камакка алынган. Аны абактан бошотуу, Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талаптарын коюп эл көтөрүлгөн. Аксы окуясына укуктук баа берүү маселеси Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда да көтөрүлгөн. Тилекке каршы, Жогорку сот Аксы окуясы боюнча кылмыш ишти кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечим чыгарган.

Атасы таштап кеткен Нүзүп бий

Нүзүп аталык — жазуучу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагы тарыхый инсан. XIX кылымда Аксы аймагынан чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, аскер башчысы. Атасы Эсенбай өз мезгилинде Кокон ордосунда кадыр-барктуу, таасирдүү адам болгон. Ушул атасы апасын салынды кылып таштап кеткенде, Нүзүп “мен сизден да кыйын болом” деген намыс менен чоңоет. Айткандай эле ал Кокон хандыгында катардагы сарбаздан миң башыга чейин көтөрүлгөн, баатырдыгы, чечкиндүүлүгү, даанышмандыгы, акылы, кашкөйлүгү менен алыс-жакынга таанылган өтө таасирдүү даражага жеткен. Ордодо «аталык» мансабын негиздеп, Нүзүп аталык аталып, аталыктан бий даражасына чейин жеткен. Анын акылы менен катуу каршылыктарга карабай ордо душмандардан тазаланып, хандык калыбына келтирилип, Таластан өмүрүнүн көбү мал менен өтүп келаткан Шералы такка отурат.

Тилекке каршы, “кайдан келдиң, ким элең, эстей жүр” деп Нүзүп аталык көрүнө жерге “чокоюн” илдирген Шералы хан эскисин унутуп, бузукулар тилине кирип жарлыгы менен Нүзүп бийдин башын алдырат…

Ылакапга айланган “Шералы хандын чокою”…

Шерали хан кокустан бийликке келип калган Кокон ханы. Ал хан тукумунан болгону менен, тарыхый кырдаалдан улам 14 жашынан ордодон алыс Таласта мал кайтарып жашап калат. Нүзүп аны таап, «Мен кантип эл башкармак элем?!” кыйылганына карабай көндүрүп, Таластан Аксыга көчүрүп барып, туш-тараптагы кыргыздарга кат жөнөтүп, кол курап, ак боз бээни курмандыкка чалып, Шералыны ак кийизге салып хан көтөрүп Коконду көздөй аттанат. Канча каршылашты баштан өткөрүп хан кылганыбызды, өткөнүн унутпасын, “Кечээ ким элең? Унутпай жүр!” деп, Шералынын чокоюн ордонун көрүнө жерине илдиртип коет. Шералы хандын тегерегиндегилер “Нүзүп сизди шылдыңдап жатат, андан сиз мыктысыз, аны жок кылуу керек” деп бузуп отуруп, Нүзүптүн башын алуу жарлыгына мөөрүн бастырып алышкан да, ишке ашырышкан… 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.