ВИДЕО — Элчи Азимбек Бекназаров 11-апрелде кыргызстандыктарды каякка чакырды?

ВИДЕО — Элчи Азимбек Бекназаров 11-апрелде кыргызстандыктарды каякка чакырды?

Кыргызстандын Малайзиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаровдун кыргыз элине болгон кезектеги кайрылуусу редакциябызга келип түштү. Ал бу жолу 11-апрелде жарыяланган референдумга чыгарылган жаңы Конституциянын долбооруна байланыштуу Венециялык комиссиянын аракеттери тууралуу пикирин билдирип, тынчсызданган. Аны толугу менен, эч өзгөртүүсүз беребиз.

Урматтуу кыргыз элим!

2010-жылкы кыргызчасы менен орусчасы, өзбекчеси бири-бирине дал келбеген, карама-каршы келген Конституциянын долбооруна Венеция комиссиясы оң корутунду эле бербей, материалдык да жардам бергенин билесиздер. Ошондогу алардын оюндагыдай жаздырылган конституциянын айынан 2012-жылдан тарта, Парламенттик Башкаруунун Кыргызстанда баркы кетти, саясый коррупцияга жол ачылды, партия ээлери тизме түзүү, депутаттыкка талапкерлерди тандоо менен чексиз байыды. Парламентке куудулдарыбыз айтып жүргөндөй «Оозуң кайда?» десе, көзүн көрсөткөн «120 кой» келди. Парламентке кайсы партия өтөөрүн эл эмес, президенттер, анын шоопуру, катчылары, жакын туугандары чечкен заман орноду… Ушундай жыйынтыктан кийин Кыргызстандагы парламентаризмди «ким өлтүрдү?» деген суроого, бир эле президенттер, Атамбаев, Жээнбеков же алардын арыгын 2012-жылдан тарта чабышкан «сойку» депутаттар, партиялар эле эмес, азыр асмандан түшө калгансыган ушул Венециялык комиссияларга окшогон НПОчулардын да күнөөсү чоң деп айтаар элем. Мындай эл аралык комиссиялар бизге окшогон өз жолун табууну издеп жатышкан жаш өлкөлөрдүн мыйзам долбоорлоруна өз сунуштарын берип, жардам бериши керек. Бирок референдум жарыяланып элге чыгарылган долбоорго чейин. Эми ал долбоор өзгөртүлбөйт же кабыл алынат же четке кагылат. Аны Кыргызстандын эли чечет. Венециялык комиссиянын референдум учурунда тескери корутунду берип түштөн кийин акыл айтып, айрым батышчыл саясый-коомдук уюмдар, саясатчылар, активисттер аркылуу каршы болуп жатканы, биздин эгемендүүлүккө шек келтирүүгө тете иш. Референдумга чыгарылган Конституциянын долбоорунун үстүнөн Конституциялык Кеңешме үч айдан ашык иштеди, «сунуштарыңарды бергиле» деди. Эгерде биздин Башмыйзамыбыз эл аралык стандартка ылайык жазылышын кааласа, эмне үчүн анда бул уюм өз сунуштарын ошол талкуу учурунда беришпеди? Менимче, аларга Кыргызстанда, айрыкча башкаруунун түрүн шайлоо системасын жана башка адам укуктары менен эркиндиктерин мурдагыдай алардан сурабай жазып, өзүбүздүн түпкүлүктүү элдин кызыкчылыктары, каада-салты, маданияты, элдик курултай сыяктуу улуттук демократия институттары башка улуттук дөөлөттөрү камтылган Башмыйзам жазылышы жакпайт. Мен ал комиссиянын көптөгөн мүчөлөрү менен убагында жолуккам, сүйлөшкөм. Аларда деле, биздин депутаттарга окшогон мыйзамды түшүнбөгөн «кой-эчкилери» көп, ар кайсы өлкөдөн келишкен. Эч качан алар Кыргызстанга, анын элине кызыкпайт, алардын максаты кыргыздар да, алар каалагандай «көкмөк» түскө айланышса дейт.

Урматтуу Кыргызстандык мекендештерим!

Венециялык комиссиянын бир эмес, жүз корутундусу болсо да, ал сенин кызыкчылыгыңа дал келбейт. Эгемендүү, эркин эл экениңди далилдеп, Батыштын бир чоң «НПОсунун» кагазын жайылтып жаткандарды укпай, ага алаксыбай өзүң тандаган башкаруу камтылган Конституцияга 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумга келип добуш бер! Атуулдук милдетиңди аткар!

Урматым менен Азимбек БЕКНАЗАРОВ

Жанар АКАЕВ: «Депутаттардын колу-бутун кайрып добуш берүүгө алып келишти»

Белгилей кетсек, 12-мартта президент Садыр Жапаров Конституциянын долбоору боюнча референдумду 11-апрелде өткөрүү жөнүндө мыйзамга кол койгон. 11-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам долбоорун парламентте талкуулаганы менен эч өзгөртүү киргизбей чукул кабыл алышкан. Жыйынга 100 депутат катышып, 94ү макул, алтоосу каршы добуш берген. Каршы бергендердин бири — Жанар Акаев. Анын айткандарын төмөндөн уксаңыз болот:

Депутаттар кабыл алган долбоор боюнча Кыргызстан жарандары 11-апрелдеги референдумда өз добушун бериши керек. Муну менен катар дал ушул күнү жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо да өтөт.

Садыр ЖАПАРОВ: «Конституциянын тагдырын эл добушу чечет»

Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда долбоор боюнча мындай деген: «Баш мыйзамдын жаңы долбоору сунушталып 11-апрелге референдумга коюлду. Кудай буюрса, Конституциянын тагдырын элдин добушу чечет. Мен бул Конституция мамлекетти алдыга жылдыра турган Конституция болот деп ойлойм. Мамлекетте тартип орното турган Конституция болот деп ишенем».

Жаңы долбоордо президенттин ролу…

Жаңы долбоор боюнча, президент 5 жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат жана аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт. Азыркы өкмөт жоюлат, анын ордуна Министрлер кабинети түзүлөт. Министрлердин кабинетин жетектеген адам президенттик администрацияны да башкарып калат. Парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскарат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.