ВИДЕО — Айзаданын өлүмү: шалаакылык кылган милицияларга иш козголду

ВИДЕО — Айзаданын өлүмү: шалаакылык кылган милицияларга иш козголду

Криминалдык милиция кызматкерлери Айзада Канатбекованы уурдоого шектелген үчүнчү, төртүнчү адамды кармашты. Бул тууралуу билдирген Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кечээ 26 жаштагы Т.К. Бишкекте, 30 жаштагы Н.О. Жалал-Абад облусунда кармалган. Ушул тапта тергөө иштери уланып жатат дешет…

Кармалгандарды эсепке алганда, ушуну менен кылмыш ишине  катышы бар төрт киши кармалды. Буга чейин, 7-апрелде, 29 жаштагы Р.А., 8-апрелде 26 жаштагы К. Т. колго түшүп, шаардык милициянын тергөө абагына киргизилген.

Айзаданы өлтүргөн Теңизбаев деген ким? 

Айзада Канатбекова 5-апрелде Бишкектеги Медеров-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен өтүп бараткан жерден күч менен унаага салынып кеткен боюнча изделип жаткан. Тилекке каршы, эки күндөн кийин кыздын жансыз денеси талаадан табылды. Тагырагы, аны уурдаган эркектин сөөгү да анын жанынан, Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Бул кайгылуу окуя боюнча Шаардык милиция кечээ ММКга маалымат берди. Алардын айтымында, 27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдоого шектүү 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кесип жанын кыйган. Такталган маалыматтар боюнча, ал мурда Орусияда ар кандай кылмыш менен  үч жолу соттолуп, абакта отуруп чыккан. Биринчи жолкусунда — 2008-жылы 20-мартта Омск шаарынын Киров райондук соту аны 158-берененин («Уурулук») негизинде үч айга эркинен ажыраткан. Экинчи жолу — 2009-жылдын 26-ноябрында Красноярск шаарынын Темир жол райондук соту аны 61-берене («Тоноо») менен эки жылга абакка кесип, 2011-жылдын июнунда бошонуп чыккан. Үчүнчү ирет 2012-жылы 10-июлда Москванын Зеленоград райондук соту аны 162-берене («Карактоо»), 163-берене («Опузалап акча талап кылуу») менен 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. 2017-жылдын 29-июнунда абактан чыгып, Кыргызстанга депортация болгон.

Бир үйдүн алмончоктой жалгыз кызы. Апасынын айтымында…

Мыкаачынын колунан бейажал тапкан Айзада Канатбекова бир үйдүн жалгыз кызы болгон. Ал Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин аяктаган. Акыркы айларда трикотаж фабрикасында котормочу-технолог болуп иштеп жүргөн. Ата-энеси ажырашып кеткендиктен таята-таенесинин колунда өскөн. Апасы Назгүл Шакенованын айтымында, Айзада абдан тартиптүү, жароокер, боорукер, жоош, сыйчыл, жөндөмдүү кыз болгон. Жакын арада Түркияга кетем деп турганда Теңизбаевдин колунан мыкаачылык менен ажал таап апасын кайгыга салып отурат.

Маркумдун сөөгү кечээ, 8-апрелде Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарындагы бейитке жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ОИИБ жетекчиси Канат Жумагазиев да катышты.

Бактыгүл ШАКЕНОВА: «Милиция өтө начар иштеди»

Айзаданын таяжеси Бактыгүл Шакенованын айтымында, кызды издөөдө милиция кызматкерлери абдан начар иштеп, өтө шалаакылык кылган. Аны «Турмуш» тарткан ВИДЕОдон уксаныз болот:

Прокуратура милицияларга иш козгоду…

Бишкек шаардык прокуратурасы Айзада Канатбекованын уурдалып, өлтүрүлүшү боюнча фактыны териштирди. Анын жыйынтыгында, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин так аткаргандыгы-аткарбагандыгы боюнча «Шалаакылык» беренеси менен өндүрүш иши катталып, райондук милициянын кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

Башкы көзөмөл органынын расмий сайтында кабарлангандай, тергѳѳ ишин жүргүзүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.

Белгилей кетсек, мындай кандуу окуя 2018-жылы болгон. Анда 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет жасаган.

Ушул окуядан кийин ал аймактагы милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси «Шалаакылык» боюнча кылмыш иши козголуп, кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында 23 кызматкер жоопко тартылып, анын бешөөсү кызматтан кетип, 8 кызматкер иштен алынып, 7 кызматкер кызмат ордуна туура келбейт деп аныкталып, калганына дисциплинардык жаза чегерилген эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.