Анталья шаарындагы мелдеште алтын медаль тагынган Аманбеков менен Ибрагимовду ким куттуктады?

Анталья шаарындагы мелдеште алтын медаль тагынган Аманбеков менен  Ибрагимовду ким куттуктады?
ИИМдин Ички аскерлердин колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеште жеңген аскер кызматчыларын куттуктады. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы бүгүн, 14-апрелде, билдирди.
Алардын айтымында, 8-апрелден 12-апрелине чейин Түркия мамлекетинин Анталья шаарында («Turkish Open Kickboxing European Cup») кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеш өтүп, ага ИИМдин Ички аскерлеринин 705-аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары улук лейтенант Авазбек Аманбеков (60 кг. салмакта) жана лейтенант Рустам Ибрагимов (63,5 кг. салмакта) катышып, жеңүүчү деп табылып, алтын медалдын ээси болушту.
Жеңиш ээлерин Кенжекулов бүгүн куттуктап, спортчуларга мындан ары да ийгиликтерге жетишип жогорку бийиктиктерди багындыра беришине тилектештигин билдирди.
Сыйлык ээлерин «Алакан» сайтынын эмгек жамааты да куттуктайт!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.