Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Саясатта түбөлүк достук жок, түбөлүк кызыкчылыктар гана бар»

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Саясатта түбөлүк достук жок, түбөлүк кызыкчылыктар гана бар»
Орусия президенти Владимир Путин менен Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 8-майда Москвада жолугуп, кыргыз-тажик чек ара жаңжалын талкуулашат. Э.Рахмон 9-майдагы Жеңиш парадына да катышат. Ал эми биздин президент Садыр Жапаров Москвадагы парадга катышпастыгын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу Орусиянын мамлекеттик «РИА Новости» агенттиги бүгүн, 5-майда, жазып чыкты.
Мындай жаңылык коомчулукка катуу тийип, учурда кызуу талкууланууда. Журналист, акын, котормочу, аналитик Жыргалбек Касаболотов  «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу пикирин билдирди.

Жаңы дипломатиянын зарылдыгы

Жакында орус президенти Владимир Путин тажик кызматташы менен кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышууну талкуулай турганы расмий айтылды. Буга чейин бийликтин айтканынан чыкпаган орус ЖМКлары да кыргыз тарапты күнөөлөгөн маалыматтарды таратышкан. Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк экинчи согуштагы жеңиштин майрамына чакырылган жок. Демек, бул орус дипломатиясы бул чатакта ачыктан ачык тажик тараптын таламын талаша тургандыгынын белгиси.
Мындай мамиленин бир нече себептери бар. Былтыр октябрда бийлик алмашып жатканда чет өлкөлүк ортомчулар, анын ичинде Орусиянын өкүлдөрү Кыргызстандагы саясий күчтөр менен макулдашып, бийликти өткөрүүнүн ырааттуу, системалуу жолун сунуш кылышкан. Чынында жаман деле сунуш эмес болчу. Бирок ал Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин сүрмө тобу менен ишке ашпай калган. Ушунун өзү жаңы келген бийлик канчалык даражада айтылган сөзгө жоопкерчиликтүү экендигинен сигнал берген окуя болгон. Кийин Руслан Казакбаев барып бардык сүйлөшүүлөрдү бүтүрүп келгенден кийин түшүнөн чочугансып Лавров менен жолугушкусу келген эси жок саясатчыларыбыз чыкты. Алар көп өтпөй чечүүчү кызматтарга дайындалганы, андан соң чек ара маселелерине киришкени кыргыз тарап дипломатиялык жол-жоболорду да билбей тургандыгын айгинеледи. Эптеп уюштурган визиттин аркасында Москва 44 орус мектеп ачтырууга макулдук алып, Жерүйдү ээледи. Башкача айтканда эч нерсесин уттурган жок, өз максатына жетти. Кыргыз тарап уттурганы болбосо уткан жок. Бирок эми төңкөрүштүн аркасы менен келип, эшиктин ордуна тешикти сүзгүлөгөн кыргыз саясатчылары башынан эле орус тараптын купулуна толбой жаткандай.
Анын үстүнө ооган талибдери күч алып, АКШ ал жактан кеткени жатканда Тажикстандагы позициясы Москва үчүн кыйла маанилүү болуп келатканы да көрүнүп турат.
Экинчиден, кыргыз тарапка жиберилген мунай өндүрүмдөрү Кыргызстандын өз муктаждыгына гана жумшалышы керек болгонуна карабастан бир топ бөлүгү аткезчилик жол менен тажик тарапка өтүп кетип жатканы тууралуу маалыматтар орус тарапты нааразы кылганы тууралуу маалыматтар бар. Анын масштабы белгисиз, бирок орус дипломатиясы тажик тарапка оогонунун да, эки жак тең кыргыз тараптын ушундай талуу жерин билгичтик менен колдонгонунун да сыры ушуга жакын сыяктанат.
Ушуларды эсепке алганда, Кремлдеги башчылардын жеке симпатия менен антипатиясы албетте, кыргыз-орус саясатынын жүрүшүнө таасир этери түшүнүктүү. Антсе да Тажикстандын агрессиясынан кийин утурумдук башчылардын эмес, мамлекеттердин объективдүү кызыкчылыктарына чындап эле байланышкан жагдайлар көзгө даана урунуп чыга келди.

Кагылышта караан болбогон Канттагы база

Ушуга чейин эле Орусиянын Кыргызстандагы аскердик объектилери расмий Бишкек үчүн чындап актуалдуу болгон коопсуздук маселелеринде эч нерсеге жарабай турганын эскерттик эле. Акыркы окуялар муну даана көрсөттү. Бул үчүн өтө татаал анализдин деле кереги жок. Ушу тапта Кыргызстандын Кытай жана Казакстан менен чек ара маселелери расмий чечилген. Ал жактан агрессия болушу өтө күмөн. Болсо так ушу Орусия менен өнөктөш Тажикстан жана Өзбекстан менен гана болот. Ал эми Канттагы авиабазага негиз болгон ЖККУ — уюмдун аймагына ТЫШТАН кол салуу болсо гана ишке кире турган орган. Башкача айтканда, Кытай кол салса гана кийлигише алат. Кытай кол салгыдай чек ара маселелери жок. Анын стратегиясы башка — Бээжин өз коңшуларын согушпай-этпей эле арзан насыялар менен көз каранды кылып келатат. Канттагы авиабазанын жана башка орусиялык түзүмдөрдүн Кыргызстанды коңшу өлкөлөрдүн агрессиясынан коргой турган бир да милдеттенмеси жазылган эмес. Демек анын расмий аткара турган бир да функциясы жок. Кыргызстанга тийгизе турган бир да пайдасы жок.
Жалпысынан ЖККУнун ички карама-каршылыгы ал түзүлгөндө эле башталган. Бул уюм НАТОнун аналогу болуп, жалпы коопсуздукту камсыз кылуу дымагы бар болчу. Анын мүчөлөрүнүн бирине кол салуу баарына кол салуу болуп эсептелет деген принцип ошондон алынган. Бирок НАТОнун бул жагынан чоң айырмасы бар. НАТОго мүчө болгусу келген өлкөлөр коңшулары менен чек ара жаатында өз ара дооматтары болбошу керек. Бизде андай эмес. Так ушул уюмдун ичиндеги чек ара чатактары биринчи орунда турат.
Бул карама-каршылык азери-армян согушунда ачыкка чыкты. Илгери ачык эле армяндарга жан тартып курал-жарак жагынан жардам берген Орусия бул жолу кийлигише алган жок. Анткени согушкан эки тараптын экөө тең КМШнын мүчөсү. Азербайжан экономикасын өнүктүрүп, армиясын күчкө толтуруп алган үчүн, бир эсе Түркия тараптын жардамы менен ишенимдүү жеңишке жетишти.
Ушул окуялардын баары ЖККУнун актуалдуулугун жокко чыгарып, Канттагы авиабаза баш болгон орусиялык аскер түзүмдөрүнүн бир да практикалык зарылчылыгы жок калганын айгинелеп турат.
Саясатташкан Евразия Экономикалык Биримдиги
ЕАЭБге кирип жатканда Кыргызстандын саясатчылары кыргыз өндүрүмдөрү жаңы базарга чыгып, жумушчу күчү жагынан жеңилдик болорун айтышкан эле. Бирок иш жүзүнө келгенде бир гана жагынан пайдасы тийди — кыргыз мигранттары бир топ жеңилдик алышты. Ал эми товарлардын өтүшүн ала турган болсок, Казакстан чек араны жаап салып атканда бул уюмдун алкагындагы процесстер анын уставдык документтерине эмес, мамлекет башчылардын жеке мамилесине көбүрөөк көз каранды экени кашкайып көрүнүп калды. Чек арада тизилип турган машинелерди азыр да эч ким унута элек. Бизден кеткен экспорт эмес, алардан келген импорт күчөдү. Ал тургай күйүүчү майдын келишин жеңилдетти деген менен, ал деле Орусиянын маанайына жараша болорун акыркы баалар көрсөтүүдө.

Колу узун Орусия жана кошуналар

Жалпысынан ушу тапта Кыргызстан Казакстанга бир жагынан, Орусияга үч жагынан, Кытайга эки жагынан көз каранды. Казакстан кыргыз товарларынын агымына таасир эте алат. Орусияда кыргыз мигранттары көп, андан тышкары күйүүчү май ошол жактан келет, анын үстүнө орус тилинин аркасы менен маалымат жагынан да Москва бизге чоң таасир эте алат. Кытай товарлары арзандыгы үчүн бир эсе кыргыз өндүрүшүн, бир эсе керектөөчүлөрдү камсыз кылып турат. Экинчи көз карандылык — карыз.
Ошол эле учурда канчалык парадоксалдуу көрүнбөсүн, тескерисинче Тажикстан менен Өзбекстан бизге көбүрөөк көз каранды. Атап айтканда, Тажикстанга бара турган товарлар менен күйүүчү майдын кыйла бөлүгү биз тараптан өтөт. Кыргыз-өзбек чек арасы ачылгандан бери өзбек товарлары кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн позициясын алсыратып, алар утуп жатат, биз утулуп жатабыз. Демек, бул мамлекеттерге карата рычагдарын расмий Бишкек ойдогудай колдоно элек.
Белгилеп кете турган жагдай — кыргыз-тажик тирешинде Өзбектан бизге караганда Тажикстанга көбүрөөк жан тартат. Жакшы көргөнү үчүн эмес, экөөнүн ортосунда кызыкчылыктар кагылышы жетиштүү. Тек, Кыргызстандын алсыраганы Өзбекстандын кызыкчылыгына объективдүү түрдө туура келет. Алсырап жаткан коңшуну жарга такап чек ара маселелерин чечип алуу да, анын ресурстарына теңата болуп ээлик кылуу да оңой.
Объективдүү, аздыр-көптүр туруктуу мамлекеттик кызыкчылыктар ушундай.

Эмне кылыш керек?

Аскердик кызматташтык. Орусия эң чырлуу коңшулар менен чек ара маселесин чечүүдө өнөктөш катары ишенимден кетти, ЖККУ Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кыла албай тургандыгы белгилүү болду. Мындай шартта расмий Бишкек бул аскердик уюмдан чыгып, Орусия менен эки тараптуу мамилеге өткөнү оң. Ошондо башкалардан да курал-жарак түрүндө жардам алганга мүмкүнчүлүгүбүз болот. Колдон келсе курал-жарак ар тараптуу болгону жакшы. Бул бир эсе аскерлердин ар тараптуу маневрлуулугун күчөтөт, экинчи жагынан согуша турган тараптардын даярдыгын начарлатат. АКШдан тартып Кытайдыкына чейин, орустардыкынан тартып Израилдикине чейин ала бериш керек. Бул багыттагы дипломатияны күчөтүү зарыл. Аскердик чалгын иштерин андан бетер.
Орусия жана экономика. Ырас, кыргыз мигранттары жибере турган акчанын агымы деле азайып баратат. Демек алар мекенине кайтып келип иш орду менен камсыз болушу өкмөттүн стратегиялык максаты болууга тийиш. Бирок ушу тапта алардын кайтып келиши азыркы экономикалык шартта ички туруктуулукка зыян гана келтирет. Анткени андай шарттар даяр эмес.
Орусияга болгон көз карандылыктан кутулуш үчүн Кыргызстанда Батыштагы өнөктөштөрдү таап келип электромобил заводун ачтырып, өндүрүмүн өлкө ичинде бюджеттик баа менен саттыруу максатка ылайык. Ошол эле учурда Кытайдан электр энергиясын Күндүн, шамалдын күчү менен өндүрө турган жабдууларды алып келүүнү жолго коюш керек. Бул кайсы бир деңгээлде күйүүчү майга болгон көз карандылыктан алыстатып жүрүп отурат. Түпкүлүгүндө биз бензиндин же солярканын эмес, табияттан алынган электр энергиясынын эсебинен жашаган өлкө болушубуз керек.
Ал эми Өзбекстанга карата экономикалык изоляция, Тажикстанга карата толук экономикалык блокада саясатын колдонуу максатка ылайык. Ошондо тескерисинче орус тараптын Кыргызстанга болгон көз карандылыгы күчөйт. Чек ара маселелерин ушул жагдайларды колдонуу аркылуу чечүү жакшы натыйжа берет. Биздин колубузда көзүрлөр болмоюнча жана алардын натыйжалуулугуна көзүбүз жетмейинче чек ара боюнча сүйлөшүүлөргө барбаш керек. Биздин аймактагы объектилердин кайсынысын болбосун чогуу пайдаланалы деген сунуштардын баары коңшуларга пайда, бизге зыян.
Түркия жана Батыш. Ушу тапта Түрк Кеңешинин жана Түркиянын ролуна үмүт арткан маанайлар көбөйдү. Түрк Кеңешине кирген мамлекеттер бул маселеде Кыргызстан менен тилектештигин билдиришти. Түркия гуманитардык жардам жагынан даярдыгын көрсөткөнү менен аскердик жардам берүү жагынан карманып турат. Анын да себептери бар. Кыргыз дипломатиясы, кыргыз мамлекет башчылары өздөрүн толук жоопкерчиликтүү өнөктөш катары көрсөтө элек. Ошентсе да бул багытта дипломатияны күчөтүүгө жол ачылды. Ал аскердик-техникалык кызматташтык жана инвестицияларды тартуу жагынан жакшы натыйжа бериши мүмкүн.
Ырас, Түркияда кыргыз мигранттары да көбөйүп баратат. Бирок ушу тапта түрк экономикасы өзү кыйналып турган чагы. Анын үстүнө бул өлкөдөгү жумуш орундарынын көбүн Сириядан келген качкындар ээлеп алганына көп болду. Исламдашуу саясаты Түркияны араб мамлекеттери менен көбүрөөк жакындаштырууда. Бул утурумдук да, кыйла узакка созулган да тенденция болушу мүмкүн. Бирок ушул жагдайларды эске алып коюу пайдалуу.
Батыш мамлекеттеринин Кыргызстанга карата саясатынын үч зыяндуу, эки пайдалуу принциби бар. Зыяндуу жактары — биринчиден, Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдардын көбү чындап келсе жарандык коомдун өкүлдөрү катары эмес, тармактык согуштун (сетевая война) элементтери катары кызмат кылат. Экинчиден, Батыш мамлекеттери Борбор Азияны чек аралары ачык, Европа Биримдиги сыяктуу реалдуулуктан алыс бир аймак катары көрүшөт. Эгерде Кыргызстан үстөмдүк абалда болсо бул бизге пайдасы тийгизе турган жактары көп болмок. Азыр бизге зыяны көбүрөөк. Үчүнчүдөн, Батыш мамлекеттери түшүнгөн адам укуктарынын принциптери, аларды чечүүнүн жолдору (эпатаж, коомчулукту нес кылуучу ыкмалар) кыргыз элинин улуттук иденттүүлүгүнө, түпкү өзөгүнө, нарк-насилине түп тамырынан зыян. Ал эми пайдалуу жактары — технологиялар менен стратегиялык инвестициялар. Мисалы, электромобилдерди кураштыруу боюнча заводдорду тартууга ылайыктуу эң алдыңкы технологиялар Батыштан гана келет. Ал эми инвестициялык жагын айта турган болсок, ГЭСтерди салуу өңдүү долбоорлорду Орусия, Казакстан, Өзбекстан же Кытай сыяктуу жакын жайгашкан мамлекеттер менен эмес, Батыш мамлекеттери менен салган максатка ылайык. Болгону Кумтөрдөн оозу күйгөн Камбаратаны үйлөп ичет болбош үчүн келишимдер так, даана, кыргыз тараптын кызыкчылыгын жакшылап эсепке алган документтер болууга тийиш.
Саясатта түбөлүк достук жок, түбөлүк кызыкчылыктар гана бар. Тажикстандын агрессиясы биздин коомго биз өзүнчө мамлекет экенибизди, өзүнчө кызыкчылыктарыбыз болушу керек экенин даана көрсөтүп койду. Мунусу чоң сабак, ал үчүн рахмат айтышыбыз керек. Эми өз башыбыз менен ойлонуп, өз кызыкчылыгыбызды ойлошубуз зарыл.
Эске сала кетсек, 28-апрелде Ыйык Рамазан айында кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптын кол салуусунан абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болгон.
29-апрелде тажик жарандары Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев менен 10 тургунду барымтага алышкан. Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, барымтадагылар 1-майда Кыргызстанга кайтарылып, Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүшкөн.
29-30-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлүп, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланган. Соңку расмий маалыматка караганда, мекендештерибиздин арасында каза болгондордун саны 36га жетип, 189 жараныбыз ар кандай жарааттарды алышкан.Эӊ кейиштүүсү, тажик аскерлеринин аткылоосунан Лейлектин кичинекей тургуну, 12 жаштагы окуучу кыз Мадина Рахматжанова миномет огунун чачырандысы тийип, Арка айылында тажик тарап ок атканда айылдан канал кечип качып чыгышкан жергиликтүү тургундардын арасында 5 жашар Абидин Турсунбаев деген бөбөк ошол каналдагы сууга агып кетип каза болду…

 «Алакан” сайтынын эмгек жамааты кошуна Тажикстан тараптын куралдуу агрессиясы, баскынчылыгынан улам мамлекетибиздин чек арасын, чек арадагы айылдарды, жарандарыбызды коргоп курман болгон жоокерлерибиздин жана бейажал тапкан боордошторубуздун, кырчындай кезинде өмүрлөрү кыйылган Мадина менен Абидиндин
жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.