УКМК Мелис Аспековдон жабыркаган адамдарды аларга кайрылууга чакырды

УКМК Мелис Аспековдон жабыркаган адамдарды аларга кайрылууга чакырды

УКМК Мелис Аспековго карата козголгон экинчи кылмыш иши тууралуу түшүндүрмө таратты. Алардын айтымында, Аспековдун үстүнөн анын иш-аракеттеринен жабыркаган адамдар арыз жазышкан.

Сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жаткан жагдайлар боюнча айтсак, арыз жазгандардын бири Б.Л. аттуу аял Аспеков анын тууганын абактан бошотуп берем деген убада менен андан 15 миӊ доллар алганын жазган. Жабырлануучунун кызынын арызы боюнча, Аспеков анын күйөөсүн түрмөдөн чыгарып берүү убадасын берип, алдоо жолу менен алардын батирин өз жубайына каттатып алган.

Эми УКМК, Мелис Аспековдон жабыркаган башка да адамдар бар болсо, аларды өздүгүн «ачыкка чыгарбоо» шарты менен деле атайын кызматка кайрылууга чакырды.

Эске сала кетсек, Мелис Аспеков шериги Улан Жураев менен ушул жылдын башында камакка алынган. Аларга карата «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилиги «опузалап коркутту, акча талап кылды» деп арыз жазган болчу. Өз кезегинде УКМК, Аспеков менен Жураев аталган ишканадан 250 миң доллар талап кылышканын, Жазык кодексинин «Опузалап акча талап кылуу» беренесинин негизинде кармалышканын жана сотко чейинки териштирүү иштери башталганын билдирип чыккан. Кийин Улан Жураев, тергөө менен кызматташууга макул болду делип  үй камагына чыгарылып, Аспеков болсо камакта калтырылган болчу.

Өткөн жумада Аспековдун иши Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда каралып, анда аны 20-июлга чейин №1 тергөө абагында кармоо чечими чыккан. Сотко чейин Аспеков УКМКнын тергөө абагында отурган болчу. Ал сот залынан чыгарылып баратканда, ага карата козголгон экинчи кылмыш иши «жасалма» жаралганын, бул аны “коркутуу аракети” эле экенин, эми өмүрү коркунучта калганын билдирген болчу.

Айтмакчы, Мелис Аспеков акыркы учурларда бир кыйла чуулуу билдирүүлөрдү «өзүндөгү далилдер» менен «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу коомчулукка жарыялап дүӊ салып жаткан болчу. Ал жарыялангандардын биринде өлкө башчысы «Садыр Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана депутат Асылбек Жээнбековдон өзүнүн шайлоо кампаниясына 10 млн доллар алган» деген маалымат да тараган. Учурдагы Президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөп, экс-президенттин жактоочусу Асылбек Кочкоров болсо: «Алдамчылыкка шектелген чуулгандуу Мелис Аспеков социалдык тармактар ​​аркылуу Жээнбековдор Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясын каржылаган деген билдирүү таратты. Ар бир акыл-эси жайында адам, Аспековдун чуулгандуу өмүр баяны менен таанышып, бул алдамчылык, кылмыш иш-аракеттери менен өзүнүн атына көө жаап алгандыгын билет… Аспековдун бул билдирүүсү ачыктан-ачык калп, биз аны жалган жалаа жапканы үчүн сотко берүүнү көздөп жатабыз​​», – деп билдирип чыккан эле…

Анткен менен көп өтпөй президент тууралуу маалыматтар Мелис Аспековдун «Фейсбуктагы» баракчасынан өчүрүлгөн…

Бүгүн болсо, Мелис Аспеков, сот отурумуна чейин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: «анын баракчасын анын атынан ким иштетип жатканын, кимдер эмне жарыялап жатканын билбестигин, шайлоо кампаниясы өзүнчө узак баян экенин, ал боюнча ага чабуул жасалып жаткандыгы эскертилгендиктен, өзүнө каршы көрсөтмө берип албаш үчүн жактоочулары менен кеӊешмейинче эч нерсе айтпай тургандыгын» билдирип чыкты… Дагы бир пикири боюнча, Финполдун мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеевге карата жалган көрсөтмө алуу үчүн да ага карата кысым-кыйноолор болуп жатыптыр…

Кыскасы, Мелис Аспековдун айткандары боюнча белгилей турган болсок, ага коюлган айыптоолор боюнча анын да өз чындыгы бар. Ток этери, ал коюлуп жаткан айыптоолор менен макул эмес, себеп дегенде УКМК аны акча алып жаткан жеринен кармаган эмес жана аны «опузалап алган» деп жаткан акчалар боюнча айтылгандар да чындыкка дал келбейт…

Эми соттун тараза ташы кайда оойт, ким билет, айтор, кийинки соттук отурум 8-июнга дайындалды.

Баса, тергөө менен кызматташууга макул болду делип үй камагына чыгарылган Улан Жураевди Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-майда күнөөлүү деп таап, 260 миӊ сом айып пул салганы да бүгүн белгилүү болду…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “УКМК Мелис Аспековдон жабыркаган адамдарды аларга кайрылууга чакырды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.