Нуржамал Султанбекованын «Асаба», Мелис Эшимканов, Эрнис Асек уулуна арнаган ырынын тарыхы…

Нуржамал Султанбекованын «Асаба», Мелис Эшимканов, Эрнис Асек уулуна арнаган ырынын тарыхы…

Жалал-Абад облусундагы Токтогулда жашап жаткан 64 жаштагы Нуржамал Султанбекова акын эжебиз бир кезде айтылуу «Асаба» гезитинин окурманы болсо, бүгүн бир учурда Эрнис Асек уулу негиздеп, таштап кеткен  «Алакан» сайтыбыздын окурманы.

Тилекке каршы, эл эсинде калган «Асаба» гезитинин ээси, негиздөөчүсү, коомдук ишмер, экс-депутат Мелис Эшимканов да, ал басылмага чоӊ салым кошкон бир тууган иниси, журналист. акын, котормочу Эрнис Асек уулу да бүгүн жарыкчылыкта жок. Жазмыш экен, оо дүйнөгө экөө теӊ 49 жашында кете беришти. Гений ага-ининин эрте кетип калганына кабыргасы кайышып, жаркын элестерине арнап эжебиз ыр жазыптыр. Маегибиз ушул ырдын тарыхынан башталды.

Эже, бул ырды жазууга эмне түрткү болду?

— Бул ырды жазганга түрткү нерсе, 25-апрелде Филармониянын чоң залында «Өмүр менен өлүмдүн «жарк» дей түшкөн учкундары» аттуу Эрнис АСЕК уулун эскерүү кечеси болду. Эрнис деген жерде сөзсүз алгач агасы Мелис, Мелистин аты аталганда айтылуу «Асаба» гезити эске түшөт. «Асаба» эл ушунчалык кыйналып турган кезде жаралган эле. Калк наны жок отурса дагы ушул гезитти сатып алып окушчу. Ушунчалык элге жакын гезит эле, кадимкидей жаңы санын күтчүбүз…

«Асаба». Мелис Эшимканов. Эрнис Асек уулу. Үчөө чогуу жүрүп, чогуу эскерилет. Мыкты гезитке мыкты инсандар топтолгон, аларды чогулткан Мелис Эшимкановго рахмат десек болот. Эмне деген залкарлар иштеди: Кубатбек Жусубалиев, Түгөлбай Казаков, Алым Токтомушев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Эрнис Асек уулу, Төлөгөн Карыкеев (Кимбийке), Табылды Эгембердиев, Шайлообек Дүйшеев, Каныбек Иманалиев, Жыргалбек Касаболотов. Эӊ жаш эле Эрнис менен Жыргалбек болсо керек эле. Экөө дүйнөлүк адабияттан котормолорду берип турушчу. Эрнис Франц Кафканын жазгандарынан которуп көп берди, атүгүл аны менен сүйлөшкөнүн да жазганына таӊгалганбыз. «Өмүр менен өлүмдүн «жарк» дей түшкөн учкундары» рубрикасынын алдында Эрнис канчалаган залкар адамдарды алып чыкты. Ушул рубрикасы эскерүү кечесинин аталышы болуптур, ошондон улам, «Асабадагы» көп нерсе эске түшүп, ыр жазылды…

Эл жүрөгүнө кондуруп орнотуп кеткен ошол гезиттин ээси Мелис Эшимкановдун, агасынын артынан кеткен Эрнистин жаш кеткени өкүндүрөт. Ушул эки генийди эске салып эскерүү өткөргөн Эрнистин өмүрлүк жары Назирага аябай ыраазы болдум. Эскерүү өтөөрүн укканда эле ушул ырды жазып келейин деп ойлогом, ден соолукка байланыштуу келе албай калдым.

Дагы бир жолу баса белгилейм, жолдошунун басып өткөн изин өчүрбөй, чыгармаларын жарыкка алып чыккан Назирага миң мертебе рахмат! Себеби, Эрнистин ыр китеби «Каалгасын» чыгарды. Китептин түйшүгү оңой эмес,  эскерүү кечесине дагы туйшөлдүргөн бир топ каражат керек. «Апам, бир туугандарымдын жардамы менен тобокелге салып эскерүү кечесин өткөрүп жатам» деген интервьюсун угуп, ичим аябай жылыды. Бир туугандары силерге, апаӊарга таазим! Күйөө баланы минтип барктагандар өтө сейрек кездешет. Эрнистин өзү өтсө да аркасында өчпөгөн изи калды! Эрнистин чыгармаларынын китеп болуп чыгышын экинчи өмүрү башталды дээр элем! Эскерүү кечесине барбасам да, Ютубдагы «Алакан ТВдан» толук чыгарылышын көрдүм. Жогорку деңгээлде өтүптүр. Чыгаан журналист Назиранын талыбаган эмгегиңе таазим!

Архивден…

«АСАБА».  МЕЛИС ЭШИМКАНОВ жана ЭРНИС АСЕК уулунун жаркын элесине!

Миң- миңдеген элдер суудай агылып,

Ар бир сандан, күтүп күчтүү жаңылык.

Ал кездеги «АСАБАНЫН» күчүнөн,

Калган бийлик, кадимкидей ак уруп!

 

Чыркыраган чындык өкүм жүргүзүп,

Журналистин дараметин билгизип.

Алып чыккан эң биринчи жарыкка,

Күндөй жарык, күчтүү нурун тийгизип!

 

Нечен жолу бут тоссо да ташка алып,

Бирок бийлик алдастаган апкаарып.

Абийирин төгүп турган ар санда,

Адилетсиз жаткандарын башкарып.

 

Кууп чыкса да мекемесин жаптырып,

Бир ийилбей, күлгөн дешчү каткырып.

Алсыз бийлик  эмнелерди кылбады,

Жаралгандай жүрөктөрүн таш кылып!

 

Салса дагы муунта күчтөп салыгын,

Бузган эмес сызгырса да калыбын!

Айлалары бүткөнүндө түгөнүп,

Акырындап тарткан кайра тамырын…

 

Акыл берип, өтө кыска жаш берген,

МЭЛИС!  ЭРНИС! көп муш жеди, ак жерден!

Жашайт бирок, жүрөгүндө элинин,

Акыйкаттын анык жүзүн апкелген!

Нуржамал СУЛТАНБЕКОВА,

2021-жыл, март

P.S. Акын эжебиз Нуржамал Султанбекова тууралуу кенен маалымат билгиӊиз келсе, ырларын окуйм десеӊиз, анда бул жердеги ШИЛТЕМЕни басыӊыз.

Эрнис АСЕК уулунун эскерүүсүнүн толук чыгарылышы:

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.