АКСЫ: селде агып кеткен 5 жашар баланын сөөгү 5 күндөн кийин табылды

АКСЫ: селде агып кеткен 5 жашар баланын сөөгү 5 күндөн кийин табылды

Бүгүн, 17-июлда, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел агызып кеткен бойдон изделип жаткан 5 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, бүгүн, саат 15:20да куткаруучулар Кара-Суу  менен Нарын дарыяларынын кесилишинен жаш баланын сөөгүн табышкан. 12-июлдан бери изделип дайынсыз болуп жаткан 2016-ж. туулган К.А. аттуу бөбөктүн жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Эске сала кетсек, 12-июлда, саат 18:00 чамасында Аксыда катуу жаап өткөн жамгыр кесепетинен сел каптап, 8 адамды агызып кеткен. Тилекке каршы, катуу кирген селден агып кеткендердин бири да аман калган эмес. Жансыз денелери табылган 6 адам бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Эки жарым жаштагы кыздын сөөгү 14-июлда табылган.

Алты маркумдун үй-бүлөсүнө 1 миллион 300 миң сом, ушул кырсыкта өмүрү кыйылган эки баланын жакындарына 150 миң сомдон берилди. Каражат президенттин жана Министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан бөлүндү.

Албетте, оор жоготуулардын ордун эч бир акча толтура албайт. Жазмыш экен, капилет келген селден каза болгондордун жакындарына дагы бир ирет көӊүл айтабыз, Алла тааладан сабыр тилейбиз… Кайрат кылыӊыздар…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.