Ок атуучу спортчу кызыбыз Каныкей Кубанычбекова мелдешке чыгып, 48-орунду ээледи

Ок атуучу спортчу кызыбыз Каныкей Кубанычбекова мелдешке чыгып, 48-орунду ээледи

Кечээ, 23-июлда Япониянын Токио шаарында XXXII Жайкы Олимпиада оюндары башталып, ачылышы болуп өттү. Олимпиаданын уюштуруучулары «гендердик теңчиликке байланыштуу желекти аял менен эркек көтөрүп чыксын» деген эрежени киргизген. Кыргызстандын байрагын ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүп чыкты.

Олимпиадага 16 спортчу катышууда. Алар:

  1. Айсулуу Тыныбекова,
  2. Айпери Медет кызы,
  3. Мээрим Жуманазарова,
  4. Атабек Азисбеков,
  5. Акжол Махмудов,
  6. Үзүр Жузупбеков,
  7. Эрназар Акматалиев,
  8. Владимир Золоев,
  9. Дарья Маслова,
  10. Нурсултан Кеңешбеков,
  11. Роман Петров,
  12. Бакдөөлөт Расулбеков,
  13. Каныкей Кубанычбекова,
  14. Айаал Лазарев,
  15. Денис Петрашов,
  16. Жоламан Шаршенбеков.

Бүгүн… 

Бүгүн, 24-июлда Ок атуу боюнча мелдеш Осака шаарында өттү.

10 метрге пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча аялдар арасындагы квалификациялык мелдешке 50 спортчу катышты. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 5:30да башталды.

Биздин ок атуучу кызыбыз Каныкей Кубанычбекова мелдешке чыгып, 612,8 упай топтоп, 48-орунду ээледи.

Кимдер байгеге ээ болду?

Мелдештин финалдык бөлүгүнө чыгуу үчүн спортчу 628,5 упай топтош керек. Финалга 8 спортчу чыгып, кытайлык спортчу Цянь Ян 251. 8 упай менен алтын, 251. 1 упай менен орусиялык Анастасия Галаш күмүш утуп алды. Швейцариялык Нина Кристен 230.6 упай менен 3-орунду ээледи.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

4 thoughts on “Ок атуучу спортчу кызыбыз Каныкей Кубанычбекова мелдешке чыгып, 48-орунду ээледи

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.