Бактыбек Сыдыковдун атасы Үсөн Сыдыков каза болду. Эртеӊ акыркы сапарга узатылат

Бактыбек Сыдыковдун атасы Үсөн Сыдыков каза болду. Эртеӊ акыркы сапарга узатылат

Бүгүн, 28-июлда, 78 жаштагы белгилүү мамлекеттик, коомдук ишмер Үсөн Сыдыков Бишкекте көз жумду. Алдын ала маалыматка караганда, ал узакка созулган оорудан улам көз жумган. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртеӊ, 29-июлда, саат 10до, Опера жана балет театрынын алдында өтөт.

Үсөн Сыдыков Ош облусундагы Ленин районуна караштуу Хиля айылында 1943-жылы 15-мартта туулган. «Жаңы Кыргызстан» партиясын жетектеген. 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2004-жылы «Кыргызстан элдик кыймылынын» аткаруу комитетинин төрагасы, 2005-2006-жылдары, андагы президент Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчиси болгон.

«Ош окуясына тиешеси бар» деп аты аталып, аудио тарап чыр болгон. Бирок өзү мындай маалыматты четке кагып келген. 2010-жылы, 14-майда түштүктө контрреволюциялык аракеттерди уюштурууга шектелип, камалып, 2-июлда үй камагына чыгарылган.

«Манас» эл аралык аэропортунун мурдагы жетекчиси Бактыбек Сыдыковдун атасы.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.