БЕКЕШЕВ: «Президент бул мыйзамды өткөрүү керектигин айтты, айтса эле позицияңарды өзгөртө бересиңерби?»

БЕКЕШЕВ: «Президент бул мыйзамды өткөрүү керектигин айтты, айтса эле позицияңарды өзгөртө бересиңерби?»

Бир ай мурун Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында өтпөй калган «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору кечээ, 28-июлда, кайрадан добушка коюлуп, колдоо тапты. Демилгечи депутаттар — Айнура Осмонова жана Гүлшат Асылбаева.

Коомчулукта талаш-тартышты жараткан мыйзам долбоорун 97 депутат колдоп, бешөө каршы чыкты. Депутаттардын мындай кадамы жарандык коомчулукта кызуу талкууда…

Чуу жараткан долбоор тарыхы…

Артка кайрыла кетсек, жарандык коом өкүлдөрү былтыр да, быйыл да бул мыйзамга каршы митингге чыгышкан болчу. Активисттер  мыйзамга кол койбоосун президенттен да суранышкан эле.

Негизи «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова алгач демилгелеп чыкканда эле коомчулук реакция кылып, социалдык тармактарда чуу жараткан болчу. Бирок парламент ал каршылыкты билбегендей, туйбагандай удаа-удаа экинчи жана үчүнчү окууда карап, кабыл алып, президенттин кароосуна жөнөткөнгө да үлгүрүшкөн эле. Бирок ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кол койбой, макулдашылган вариантты иштеп чыгыш үчүн кайра Жогорку Кеңешке кайтарганы маалым.

Анан, быйыл, 2-июнда, парламентте макулдашылган вариантты иштеп чыга турган топ түзүлүп, жыйынтыгында мыйзам долбоору «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» деп өзгөртүлүп, бирок парламенттен колдоо тапкан эмес.

Жогорку Кеңеш регламентинде эмне деп жазылган?

Жогорку Кеңеш регламентине ылайык, четке кагылган мыйзам долбоору алты айдан кийин гана кайра каралат. «Мыйзам долбоору четке кагылган учурда Жогорку Кеңеш аны кайра кароого четке кагуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес киришиши мүмкүн» деп Жогорку Кеңештин регламентинин 55-беренесинде бадырайып жазылып турат.

Дастан БЕКЕШЕВ: «Регламент бузулуп жатат»

Анан, ошол бадырайып жазылган берене, регламент бузулуп жатканын депутат Дастан Бекешев кечээ айтып чыктыю

— Мен түшүнүп жатам, президент бул мыйзамды өткөрүү керектигин айтты. Бирок мен түшүнбөй жатам, силер жөнөкөй киши эмессиңер да. Депутат кандай добуш берип жатканын билиш керек. Президент айтса эле позицияңарды өзгөртө бересиңерби? Регламент боюнча алты айдан кийин каралышы керек. Ал учурда жаңы парламент келет, ошолор келгенде карай берсин«, — деди Бекешев.

«Медиа полиси» да регламентке каршы келет дейт…

«Медиа полиси» институту бул долбоор боюнча кеңири анализ жүргүзгөн. Анда 28-июлда өтпөй калган мыйзамды кайра добуш берүүгө алып чыгуу Баш мыйзамга, эл аралык келишимдерге каршы келерин, адам укугун, сөз эркиндигин чектей турганын,  регламентке каршы келээрин, кайра добуш берүүгө алты ай өткөндөн кийин гана алып чыгуу мүмкүн экенин белгилешкен…

Ким билет, мөөнөтү аяктаганына карабай, узартып алып, мыйзам токуп, мыйзам, токтом кабыл алып, айтор, «Укмуштуунун төөсү жорго» дегидей эле иштерди кылып жаткан депутаттарыбыз бул жерден да «жөндөштүрүп» кетишеби дейбиз…

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.