Иса Өмүркуловго Түркияда операция жасалды. Бир айдан кийин дагы операция болот

Иса Өмүркуловго Түркияда операция жасалды. Бир айдан кийин дагы операция болот

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери, депутат Иса Өмүркуловго Түркияда операция жасалганын «АКИpress» жазып чыкты. Алардын маалыматтарына караганда, депутаттын боору ооруп жүргөн. Операция дүйшөмбү күнү жасалган. Бир айдан кийин дагы операция жасалат.

Эске сала кетсек, Иса Өмүркулов чет өлкөгө узак убакытка дарылануу үчүн кетип жатканына байланыштуу фракция лидерлигин убактылуу депутат Өмүрбек Бакировго өткөрүп бергени боюнча КСДП фракциясынын депутаттарына кат жазганы 4-июнда белгилүү болгон. Депутат Асел Кодуранова Өмүркуловдун фракция лидерлигин убактылуу депутат Өмүрбек Бакировго өткөрүп бергени мыйзамсыз экенин айтып, «Иса Өмүркулов эч кимге айтпай-дебей Өмүрбек Бакировго таштап кетиптир. Бакировго каршылыгым жок, бирок, бул мыйзамсыз чечим болду”, — деген эле…

Ээнбаш баласынын азабын тартып жатабы?..

Белгилей кетсек, 15-майда, кечки саат 22:30 чамасында «Порше Пономера» машинесинин айдоочусу Бишкектин Масалиев көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө бурулган жерде 28 жаштагы кызды уруп кеткен. Текшерүүлөр натыйжасында айдоочу спирт ичимдигин ичип алганы жана ал Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркулов экени тастыкталып, сотко чейинки териштирүү башталган.

Бирок 22-майда Бишкек шаардык милициясы иликтөө токтотулганын, кырсыктан жеңил жаракат алган М.Ж. “эч кимге дооматым жок” деп арыз жазып бергенин, айдоочуга 22 миң сом айыппул чегерилгенин билдиришкен.

Азамат Өмүркулов 2011-жылы да үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына себепкер болуп, эки жылга шарттуу кесилген эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.