ВИДЕО — Коронавирустан сактануу тууралуу ыр. Бийлеген дарыгер. Эмдөөгө чакырган президент

ВИДЕО — Коронавирустан сактануу тууралуу ыр. Бийлеген дарыгер. Эмдөөгө чакырган президент

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү — 29-июлдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен 13 адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2306 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 930 адамдан табылган, эң көбү Бишкек шаарында (528) жана Чүй облусунда (142).

Бул оору жуккандардын расмий катталган саны 161 015ке жетти. Бир күндө 1450 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3746 адам жатат, 12 164 бейтап үйдөн дарыланып жатат дешет.

Эске сала кетсек, ааламды аралай адам өмүрүн алып жаткан коронавирус илдети 2019-жылы Кытайдын Ухань шаарынан башталып, кыска аралыкта дүйнөгө жайылган болчу. Бизге, Кыргызстанга, 2020-жылы жазында келгени эсибизде: COVID-19 вирусуна чалдыккандар 18-мартта аныкталган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда азыр Sputnik V, Sinopharm, AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар. Эмделгендердин жалпы саны 500 миңден ашты.

Садыр ЖАПАРОВ: «КОВИД-19га каршы эмдөөдөн өтүшүңүздөрдү дагы бир жолу суранабыз»

Эмделгендер арасында президент Садыр Жапаров да бар. Ал 23-июлда, «Бишкек парк» соода борборундагы эмдөө пунктуна уулу менен барып, журналисттердин көзүнчө Кытайдын Sinopharm препараты менен эмделип, ага улай кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакыра кеткен эле. Эмдөө боюнча элге кечээ, 28-июлда, экинчи жолу дагы кайрылды:

Урматтуу кыргызстандыктар!
КОВИД-19га каршы эмдөөдөн өтүшүңүздөрдү дагы бир жолу суранабыз. Акыркы күндөрү ооруканага түшкөн жарандарыбыздын дээрлик 100 пайызы вакцина албагандар болуп жатат.
Бюджетибиз ансыз да эңшерилип турганда ого бетер оорчулук келүүдө. Жалпысынан 20 миллион долларга жакын каражатка вакцина алып келип жатабыз. Андан тышкары, бир оорулууну 14 күн дарылоо үчүн миң долларга чейин каражат сарпталууда.
Эмдөөдөн өтпөй коюу менен өзүңөргө, жакындарыңарга, кошунаңарга жана мамлекетке чоң зыян келтирип жатасыздар.
Ошондуктан, урматтуу кыргызстандыктар, көптөн-көп сураныч, вакцина алыңыздар!

Баса…

Кечээ, 28-июлда, Казакстан гуманитардык жардам катары бөлүп берген QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы Бишкекке келди…

Коронавирустан сактануу ыкмалары тууралуу ырда бийлеген белгисиз дарыгер…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.