Чуу жараткан «Манастын уулу Семетей» тасмасы тууралуу мамкатчы үн катты

Чуу жараткан «Манастын уулу Семетей» тасмасы тууралуу мамкатчы үн катты

Коомчулукта кызуу талкууланып жаткан, жалаӊ нааразычылыкты жараткан «Манастын уулу Семетей» тасмасынын тартылып жатышы тууралуу мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев бүгүн, 2-августта, акыры үн катты. Ал жообун «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди, ал толугу менен төмөндө:

— “Манастын уулу Семетей” деген кино тартылып жатыптыр” деген сөз чыккандан бери коомчулукта уу-дуу кеп жүрүүдө. Бир тарабы тартып жаткандарды:  “Тарта алышпайт. Дараметтери жетпейт” десе, экинчи тарабы: “Тартып көрүшсүн. Балким жакшы тартышат” дешүүдө. Тасманы тартууну баштагандар болсо: “Президент Садыр Нуркожоевич Жапаровдун колдоосу менен…” деген сөздү баса белгилеп айтышууда. Мамлекеттин маданий, руханий идеологиясына жоопкер адам катары маалыматты угаарым менен аталган тасманын сценарийин сураттым да окуп чыктым. Эми сөз кезеги менен болсун.

Биринчиден, “Президент Садыр Нургожоевич Жапаров тасманы колдоп каржылап жатат.” деген сөздүн канчалык чындыгы бар? Мен Президент менен бул маселе боюнча тактап сүйлөштүм. Тасманы тартам дегендер Президентке киргенде: “Манастын уулу Семетей” деген тарыхый мыкты кино тартканы жатабыз. Россия, Казакстан көмөктөшөт. Баары сүйлөшүлгөн” десе, Президент “Андай мыкты кино тарта турган болсоңор мен каршы эмесмин. Тартсаңар тарткыла. Бирок начар тартылып, кийин жакпай калса чыгартпай коебуз” деген. Алар менен кошо кирген адам: “Мен тасманы тартууга каржы жагынан жардам берейин дегем” десе, “Мейлиңиз. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо колдосоңуз колдоңуз” деген. Болгону ушул гана сөз.

Тасма тарткандар бардык жерде жарнамалап жүргөндөй, Президент катуу колдоп, каржылап жаткан жок. Президентке ким болбосун “Жакшы иш жасаган жатам” деп кирсе, ал эмне дейт? “Мейли жасаңыз. Жок дебейбиз” дегендей эле кеп.

Экинчиден, тасманын сценарийи боюнча тартып жаткан Өмүрзак Төлөбеков менен катуу талаш-тартыш жараткан сөз болду. Ачык айтуум керек. Сценарийде саясый ката кетип калган. Сценарийдин башында эле калмак, кангайлар Кыргыздарга бийлик жүргүзүп, Көбөштү хан шайлап, Кыргыздардан салык алып турушкан болушат. Этегине чейин ушундай. Этегинде да Коңурбайга барган кабарчы “Манастын уулу Семетей келип, Кыргыздар салык төлөбөй турган болду” дейт. Бул боюнча Манасчылар деле айтат го, мен окуган Сагынбайдын да, Саякбайдын вариантында да Манас кайтыш болгондон кийин Коңурбай келип Кыргыздарды басып алып салык алганын окубаптырмын. Кино деген бул чек ара билбеген искусство. Эртең бүткүл дүйнөгө “Кыргыздарды калмак кангайлар басып алышып салык алып турган экен» деген маалымат кетет. Көбөштү Коңурбай келип хан көтөрбөй эле бош калган хан тактыга өзү келип отуруп алган да. Манастын варианттарында ушундай эмеспи. Эч кандай сырткы күчтөрсүз эле ички ордо талаш го. Негизи сценарий чийки. Семетейдин эли-жерин табышына өтө чоң роль ойногон Каныкейдин Тайторуну чапканы жок.

Үчүнчүдөн, тасмага мамлекет бир тыйын каржы бөлгөн жок. Жеке менчик тараптар аркылуу каржыланып тартылып жаткандыктан “Тасманы тартууну токтоткула!” деп так кесе айта албайм. Себеби, ага мыйзам жол бербейт. Демократиялык мамлекетте жашайбыз. Антсем өз каражатына чыгып жаткан кайсыл бир эркин гезитти: “Болду гезитиңерди чыгарбагыла!” дегенге же чыгарма жазып жаткан авторду: “Чыгармаңды жазба!” дегенге барабар болот. Болгону мындан ары: “Президент колдоп жатат. Президент каржылап жатат” деген сыяктуу жалган маалымат таратканыңарды, Президенттин атын сатканыңарды токтоткула! Этиканы сактагыла. Эгер тилди алсаңар деги эле бул денгээлде тасманы тартууңарды токтоткула. Тасма начар чыгып калса комиссия түзүп талкуулап туруп Кыргызстанда прокатка чыгарууга уруксат бербейбиз!”,- дедим. Бирок тасма тартылып калса, Кыргызстанда биз чыгарбаган менен башка өлкөлөрдө чыгара берүүгө тарткан тарап укуктуу. Ал жагына биз тоскоол боло албайбыз. Маселе ушунда. Бир айтаар сөз, “Улуттук баалуулуктарды коргоо жөнүндө» деген мыйзам кабыл алуубуз керек да, Кыргыз улутунун нарк-салтына тиешелүү баалуулуктарга мамлекет тарабынан атайын чечим чыкмайын ар ким эле өз билгенин жасай берүүсүнө тыйуу салышыбыз керек. Мындан башка жол жок. Юристтерге аталган мыйзамды иштеп чыгууга көрсөтмө берилди. Жаңы Жогорку Кеңеш шайланып келгенден кийин кабыл алдырууга аракет кылабыз!

Өмүрзак Төлөбеков: «Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен тартылып жатат»

Кинонун продюсери жана сценаристи Өмүрзак Төлөбековдун ММКларга берген маалыматы боюнча, «Манастын уулу Семетей» тасмасы президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен тартылууда.

Анын айтымында, сценарий Жалил Сыдыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде жазылган.

Тасмага эки киши режиссёрлук кылууда: бири — казакстандык режиссёр Дархан Кожохан, бири — кыргызстандык режиссёр, Кыргыз эл артисти Эгемберди Бекболиев.

Башкы оператору — Айбек Жангазиев, чыгармачыл продюсери — Нурлан Мамакеев, аткаруучу продюсери — Жолдошбек Жанжигит уулу, сүрөтчүсү — Садыр Сагынбаев.

Каныкейдин ролун актриса Альбина Имашова, Чыйырдыны Калича Сейдалиева, Бакайдын ролун актёр Темирлан Сманбеков, Жакыптын ролун Эшенкул Барпиев ойнойт.

Бюджети болсо 1 млн долларды түзгөн.

Бирок… «Манас», «Семетей», «Сейтек» баштаган бардык УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРЫБЫЗДЫН баасы-куну, улуттун АР-НАМЫСЫ, ТАРЫХЫ, БАСКАН ЖОЛУ БУРМАЛАНУУГА ЖОЛ БЕРИЛБЕШИ КЕРЕК! «Жеке менчик тараптар аркылуу каржыланып тартылып жаткандыктан» деп УЛУТТУН УЛУТТУГУНА, УЛУУЛУГУНА ДОО КЕТИРИП алакан жайып, ийин куушуруп отура берген болбойт го дейм! 

Жалпы эл, кайсы тармак өкүлдөрү болбосун, баарылап бул маселеге реакция кылып каршы турушубуз керек деген пикирдемин!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

4 thoughts on “Чуу жараткан «Манастын уулу Семетей» тасмасы тууралуу мамкатчы үн катты

  1. Уведомление: Алакан

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.