Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: «Энем кадимки Байтик баатырдын чөбөрөсү. Билбей жазган авторго капачылык жок»

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: «Энем кадимки Байтик баатырдын чөбөрөсү. Билбей жазган авторго капачылык жок»

Экс-депутат, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов апасы тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына: «ЭНЕ ыйык… Мынча болду эми айтып берейин. (Энемдин арбагы ыраазы болсун). Энем мен үч жашка толгондо каза болгон экен. Элесин билбейм, бирок, өзүм жаратып алган образын кыялымда, ой-толгоолорумда дайым элестетип жашап келем. Түшүмө кирет… Энем таза кандуу кыргыз кызы. Кадимки Байтик баатырдын чөбөрөсү. Байтиктен Байсал, Байсалдан Ахат, Ахаттан Майрам. Менин энем Майрам. Репрессиянын азабынан Сусамырда, Таабалды таякесинин колунда чоңойгон экен.

Авторго капачылыгым жок. Бул анын жан дүйнөсүнүн, адамдык касиетинин күзгүсү. Бул көрүнүш анын жеке трагедиясы», — деп жазды.

Белгилей кетсек, жогоркудай жооптун жазылышына «Фейсбук» колдонуучусу Нургүл Кожомбердиеванын «Шыктуу жигит Шыкмаматовдун энеси таза кандуу калмак. Шыкта кыргызды жек көргөн энесинин каны ойноп турат» деп жазганы себеп болду окшойт. Нургүл айым бул кебин коомчулукта кызуу талкууланып жаткан, «кыргызга жат мүнөздө бурмаланып тартылып жатат» деп  жалаӊ нааразычылыкты жараткан «Манастын уулу Семетей» тасмасын тартууну токтотууну талап кылган ачуу пикирине кошуп жазган.

Эске сала кетсек, “Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасы июль айынын аягында тартыла баштаган. Кино жаратмакчы болуп топтолгон чыгармачыл топ үч жылдан бери даярдык көрүп, бирок ортодо пандемия тоскоол болуп, акыры быйыл сааты чыгып тартып башташкан… Бюджети 1 млн долларды түзгөн кинонун продюсери жана сценаристи — Өмүрзак Төлөбеков.

Бирок тасма тууралуу кабар жыл башында эле айтылып,  Өмүрзак  мырзанын: «Манастын уулу Семетейди» тартуу тууралуу Кыргыз ССРнин Компартиясынын Борбордук комитети менен өкмөтү 1939-жылы токтом кабыл алып, 1947-жылы Алматыда тартып башташып, токтогон экен. Мен сценарийди орус, англис, түрк, кытай тилдерине котортуп, эл аралык долбоор катары киришкени турганда пандемиядан улам иш токтоду. Президенттик шайлоонун астында Садыр Нургожо уулуна жолугуп, бул тарыхый кино долбоорду кенен талкууладык. Ал киши чын дили менен көмөктөшүү ниетин билдирди. Кудай буйруса, азыр тасманы тартууга кызуу даярдык көрүп жатабыз«деп айтканы февраль айындагы бир маегинде жүрөт. Ошол маегинде тасма кетчү каражаттын үчтөн бирин казак, үчтөн бирин орус, үчтөн бирин кыргыз тарап көтөрөрүн, Кыргызстанда мамлекет башчысынын колдоосу менен бизнесмендер демөөрчүлүк кыларын да айткан. Ал сөзүн башка бир жердеги маегинде «Мен бул каражатты президенттен ишкерлер мага карызга эле берип турсун, фильм сатыкка чыкканда кайтарып берем деп сурагам. Өлкө башчысы бизнесмендерди чакырып сүйлөшүп, алар аталган акчаны бөлүп жатышат», — деп бышыктап да кеткен.

Айтмакчы, жогорудагы маектеринин биринде Садыр Нургожоевичке «акыл-парасаттуу, билимдүү, адамгерчиликтүү ишмер, патриот инсан» деп баа берген Өмүрзак мырза Садыр Жапаров тууралуу тарткан даректүү тасмасы боюнча да сөз кылып, ал тасманы каржылагандар деп жаш ишкерлер Марат Мамралиев, Каныбек Курманалиевди айткан. Угушубузча, «Манастын уулу Семетей» тасмасын каржылаган кыргызстандык бизнесмендердин бири да Марат Мамралиев.

Ал эми тасма сценарийи боюнча айтсак, дагы эле Өмүрзак мырзанын дагы бир маегиндеги тастыктоосу боюнча, … “Семетей” эпосунун жана Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” пьесасынын негизинде тартылып жатат». Анткен менен Өмүрзак мырза сценарийди кошумча башка прозаларды да карап чыгып жазган, кайсы прозалар экенин тактап көрсөткөн эмес.

Айтор, илимдүү-билимдүү адамдар, манасчылар, кыргыздын кайдыгер эмес уул-кыздары улуттук баалуулуктарыбыздын, өзгөчө руханий, маданий кенчибиз болгон эпосторубуздун бурмаланып тартылышына каршы болуп жатышканына карабай, тасма тартылгандан кийинки пландарды да укмуш куруп алышкан тасма жаратуучулар «көп чырдын башы» болчудай кинону тартканды токтотушчудай эмес…

Президент менен мамлекеттик катчынын жообу…

Чуу жараткан тасма тууралуу мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев 2-августта  үн катып, «Тасмага мамлекет бир тыйын каржы бөлгөн жок. Жеке менчик тараптар аркылуу каржыланып тартылып жаткандыктан “Тасманы тартууну токтоткула!” деп так кесе айта албайм. Себеби, ага мыйзам жол бербейт», — деген.

Президент Садыр Жапаров бул тасма тууралуу бүгүн үн катып, тагырагы, «Фейсбук» баракчасы аркылуу жооп берди:

“Урматтуу мекендештер!

“Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасынын тартылып жаткандыгы боюнча билдирүү берип коеюн деп чечтим. Анткени менин атым да аталып жатат.
Кинорежиссёр Өмүрзак мырза менин кабыл алуумда болгону анык. Кино тартайын деп жатам деген идеясын айткан. Иштейм деген жараныбызды иштебе деп кантип тыям?
Бирок ошол эле мезгилде бир шарт койгом.
«Бул тема жөнөкөй тема эмес. Ошондуктан, тасманы тартып бүткөнүңүздөн кийин манасчыларды, ак сакал-көк сакалдарды, тарыхчыларды, кыскасы, өнөр адамдарынын баарын бир залга чогултуп алып, биринчи көрүп чыгалы. Кемчиликтери болсо толукташсын, аша чапкан жери болсо алып салышсын. Андан кийин анан чыгарасыз. Болбосо чыгарбайсыз» деген шарт койгом.
Сабырдуулук кылып күтө тургула.
Ар нерсенин өзүнүн убагы келет».

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Азыр тасмадагы одоно катачылыктарды интернет баракчаларында талдап, таап жаткан жарандарыбыз толтура. Маселен, кыргыздын жаш төкмө жана жазмакер акыны Турдубек уулу Садырбек «Фейсбуктагы» баракчасына «Тартпай тамыраң калгырлар!» деп далай каталарды тизмелеп жазып чыкты. Башкалар да тапкан каталар да бир кыйла, ал тууралуу да өзүнчө сөз кылабыз…

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.