Бердибек ЖАМГЫРЧИЕВ: «Чыныбай Турсунбеков агабыздын арбагы ыраазы болсун! Жашасын поэзия!»

Бердибек ЖАМГЫРЧИЕВ: «Чыныбай Турсунбеков агабыздын арбагы ыраазы болсун! Жашасын поэзия!»

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, акын Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун жаш акындар арасында уюштурган «Жаш толкун» поэзия сынагы аяктап, баш байгени акын Бердибек Жамгырчиев жеӊип алып, 100 миң сомго ээ болду.

Бердибек мырзанын айтымында, сынакка 300дөн ашуун акындар катышкан. Уюштуруу иштери жогорку деӊгээлде өткөн. «Женишке жеткен жана конкурска катышкан бардык калемдештерди ак дилден куттуктап, чыгармачылык даӊгыр жол каалайм! Чыныбай агайдын арбагы ыраазы болсун. Жашасын Поэзия!»,-дейт Бердибек Жамгырчиев.

Бердибек Жамгырчиевдин сынакка катышкан ырлары

БУУЛУККАНДА

Түйүлгөн кабагымдан Күн коркуп түнөрчүдөй,

Тагдырдын дөңсөөлөрү таманда түзөлчүдөй.

Толкундай артка кайтпас жалтанткан анык сүрүм,

Тоолорду тамырынан бошотуп жиберчүдөй.

 

Жандуунун баары калды артымда балакайлап,

Жапжалгыз мага таандык катуу күч барат айдап.

Жонумда арстандар… жол улап кете бердим,

Жолумдан чыккан ташты жөн өтпөй жара чайнап.

 

Өрт баскан токой өңдүү качырап колу-бутум,

Өзөктөн сууруп салдым өмүрдүн болумушун.

Канталап каректерим чыкчудай чанагынан,

Каалабайм ушундайда душмандын жолугушун.

 

Көйгөйлөр көз алдымда куюндай сапырылып,

Кадимки каршылаштар ар жерге жашырынып.

Бук толгон жүрөгүмдү тамырдан сууруп салып,

Чаң салдым бүт дүйнөгө бүркүттөй атырылып.

 

Ташка да айланабы бир кезде жан ушундай?

Ажалдын уусун ичтим душмандын каны тургай.

Мүнөзүм тарс жарылды көңүлдүн түпкүрүнөн,

Мүрзөсүн жара тепкен кадимки Алыкулдай!

КЕЧКИ КӨЛ

Ай нурун шуру сымал төгүп түндө,

Ах чиркин поэзия көл үстүндө.

Агарат ак толкундар кереметтүү,

Окшошуп жаңы ачылган өрүк гүлгө.

 

Кайран көл, жапжашсың ээ кылым жашап,

Качанкы ачыла элек сырың жатат.

Ишенген көл сырдашы биз дегенсип,

Ийменип ак жылдыздар жымыңдашат.

 

Аруулук бүт өзүңө кошулгандай,

Арзууга ширелишкен отуң бардай.

Кайрадан кайтып келип, «Эх, көлүм!» – деп,

Алыкул жарпын жазып отургандай.

 

Көркөмүң чебер уздун боёгундай,

Сөөлөтүң карыянын жомогундай.

Сен өлбөс түбөлүктүү… А адамдар

күнүмдүк келип кетчү коногуңдай.

 

Жаштыгым сенде экенин билемин мен,

Жаныма жалын топтойм илебиңден.

Өмүрдө таянарым өзүң барда,

Ыр дүйнө тамып турат жүрөгүмдөн.

 

Толкунуң толкуп турса Ысык Көлүм,

Токтобой ыр куюлар жүрөгүмдөн!

 

ГЕНИЙЛЕР

Генийлер өмүрү жутунбайт,

Чоң тойсо чокчоңдоп кутурбайт.

Жалганга жармашпайт, бир гана,

Жан дүйнө байлыгын утурлайт.

 

Генийлер жөнөкөй кийинет,

Кыйналат, миң өлөт, тирилет.

Жалтырак жамынып жашабай,

Жарык нур көргөнгө сүйүнөт.

 

Жагынбайт чөгөлөп, актанып,

Өз ишин унчукпай аткарып.

Өмүрдү башкача сүрүшөт,

Артында акмалап ак жарык.

 

Ачылып турмуштун арааны,

Ансайын күчөтөт санааны.

Саясат гүлдөгөн өлкөдө,

Көрүнбөйт генийдин карааны.

 

Табышмак өмүрдү сүрүшөт,

Жалындап от болуп күйүшөт.

Биз менен бир жашап жатса да,

Генийлер байкалбай жүрүшөт.

 

Генийдин нурунан Күн жаркыйт,

Генийдин мээринен түн балкыйт.

Биз көрбөс бакыттын чоңдору,

Генийдин жолунда тургансыйт.

 

Кепинге чындыкты жашырып,

Келебиз жалганга баш уруп.

Генийлер баркталбас өлкөдө,

Баркталат кемчонтой, макулук.

 

Түркөйлөр бир-бирин сүрөшүп,

Келечек бир күйүп, бир өчүп.

Жар бойлоп бараткан өлкөбүз,

Генийин четинен түгөтүп!

 

ЭНЕ ЖҮРӨГҮ

Оо энеке, бакыт жаайт жамалыңда,

Ойго баттың, доорумда, заманымда.

Неге анда асманды карап жүрөм?

Бейиш болсо өзүңдүн таманыңда.

 

Ооба бейиш, мээрим бар катылбаган,

Ооба бейиш, бакыт бар жашырбаган.

Тирүүчүлүк өкүмүн сүрөт анан,

Наадандардын максатын батырбаган.

 

Кадамынан күнүгө тапкан ардак,

Кимдер сенин ролуңду аткара алмак.

Тагдырымдан запкы жеп кулап жатсам,

Жүрөгүңдү берерсиң башка жаздап.

 

Балалык доор, өмүр да өтүп жатат,

Бир бурчунан бир бурчка көчүп жатат.

Сенделгенде карайлап жарык таппай,

Сенин гана үмүтүң эшикти ачат.

 

Бир окуя жүрөктү келет өйүп,

Бар бактысы чайпалып, кеме чөгүп.

Жээкке сүрүп бу турмуш таштады эле,

Жан досумдун жаш эле энеси өлүп.

 

Оңой менен кайгыны тоготпогон,

Майышса да кайратын жоготпогон.

Өмүрүндө ыйлабас ошол досум,

Энекелеп, жер муштап шолоктогон.

 

«Карегиме кан толуп көлкүлдөгөн,

Калдым, досум, тагдырдын өртүндө мен.

Энекең бар, сезилбес азыр сага,

Дүйнөдө жок бактылуу сенсиң!» деген.

 

Достун сөзү чынында тереңде экен,

Кайдан билдим, кайгыга эленбесем.

Бар дүйнөмдү ичинен багып жүргөн,

Бакытымдын башаты энемде экен.

 

Байкоо салсам өзүмдү терең карап,

Мен чырпыкмын, балпайган энем дарак.

Октоп келсе мылтыгын ажал бир күн,

Ойлонбостон мен үчүн энем барат.

 

Жолдор татаал өмүрдө эне баскан,

Көөдөндөгү көзүмдү энем ачкан.

Кара түнгө айланып энем жокто,

Каралбаган үйдөймүн желе баскан.

 

Ашууларга көз жетпейт энем ашкан,

Санааларга сөз жетпейт эне баткан.

Энелерди окшотом зор кемеге,

Түйшүктөрдү көтөрүп келе жаткан.

 

Тартиби жок уулдарын кошо жандап,

Эне жүрөт чечилбес түйүндө да.

Таяк менен үмүттү кошо кармап,

Эне жашайт карылар үйүндө да…

 

Жакшы ойлор заматта тебеленип,

Колум барбайт кээ кезде жазарга да.

Оокат сатып, турмушту тегеренип,

Эне жүрөт күнүмдүк базарда да…

 

Кол жетпеген сыйда да эне жүрөт,

Шор кетпеген ыйда да эне жүрөт.

Тирүүлүктү айланып күн сыяктуу,

Тириликти жылыткан эне жүрөк.

 

Тереңинде күн жаткан эне жүрөк,

Сезимине гүл баккан эне жүрөк.

Ата журтка мээримин төшөп коюп,

Таш жолунда өмүрдүн эне жүрөт.

 

Көлөкөңдөй өлгүчө коштогон ким?

Көңдөй уулун жаманга кошпогон ким?

Бейишиңден айрыган тозок ошол,

Энелердин жүрөгү токтогон күн…

 

Эч ким сыздап энесин жоктобосун,

Энелердин жүрөгү токтобосун.

Эске сала кетсек, Чыныбай Турсунбеков 2020-жылы, июлда 60 жашында коронавирус жугузуп алып каза болгон. Октябрда аталган фонд Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте сынак уюштуруп, баш байгени уткан акынга 100 миң сом тапшырылып,  Улуттук жазуучулар союзуна мүчө болуп кабыл алынары айтылган.

Сынактын негизги максаты – жаш акындарга шык берүү жана колдоо көрсөтүү.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.