Айдай сулуу Айсулууга Лондондогу Олимпиадада «киргиз» бут тоспогондо, 2012-жылы эле чемпион болмок… (Маек)

Айдай сулуу Айсулууга Лондондогу Олимпиадада «киргиз» бут тоспогондо, 2012-жылы эле чемпион болмок… (Маек)

Эки ирет: биринчисинде 2019-жылы күрөш тарыхында Кыргызстандан чыккан алгачкы дүйнө чемпиону, кийинкисинде кыргыз кыз-келиндер арасында биринчи жолу Олимпиада оюндарында күмүш утуп «Тарых жаратуучу» даражасына татыган 28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова кызыбыз Олимп оюндарына ушуну менен үчүнчү жолу катышты. 2010-жылдагы эл аралык мелдештерге катышып, алгач жаштар арасында Азия чемпионаттарынын байгесин алган. Кийин чоңдор арасында күч сынашып, 2012-жылы Лондон Олимпиадасына жолдомо алып, 13-орунду ээлеген. Анда ал 19 жашта гана болчу.

Ошол Лондондогу Олимпиададан келгенден кийин жолугалы деп барсак, машыгуу залында балдар менен күрөшүп жаткан экен. Тыныгуу маалында, күрөш килеминин үстүнө отуруп алып маектештик элек. Анда да маанайы өтө чөгүңкү абалда экен. Бир жагы, Олимпиададагы жеӊилүү ызасы тарай элек, анан Лондонго кеткенге чейин башталган сот иши кайра уланып, Айсулууну кайра-кайра сотко чакырып жатышкан болчу… 

Айтмакчы, эси жоктордун айынан бир учурда Айсулуунун жолунда кыйынчылыкты жараткан ошол сот ишинин таржымалын эске салсак, 2012-жылы Лондон Олимпиадасына жакын калганда курбу балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова менен Розалия Тилегеновага 17 жаштагы Ясмина Нурдин кызынын арызынын негизинде «көчөдөн бир кызды сабады» деп кылмыш иши козголгон. Сот күнөөлүү деп тапса, Айсулууну 5 жылга чейин эркинен ажыратуу кооптуулугу жаралган болчу. Бирок Ленин райондук соту Олимпиадага даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков менен машыктыруучу Нурбек  Изабековдун  “олимпиададан кийин сотко келебиз” деген кепилдигинен кийин гана Олимпиадага барып келгенге уруксат берген. Бирок болбогон жаракаттарды айтып чуу салган жабырлануучу тарап ал сот чечимине макул болбой, Айсулууну Лондон олимпиадасына жибербөөнү, ал эле эмес улуттук курама команданын катарынан чыгарып,  жоопкерчиликке тартууну талап кылышканы эсибизде...

Ошондо ушул соттук териштүүлөр машыгуу жагынан өксүтүп, моралдык жактан залал келтирбегенде Айсулуу ошондо эле балким байгелүү орун алып келмек…

Ошол сот ар кыл себептер менен бир жылдырылып, бир создуктурулуп отуруп 8 айдай Айсулуунун нервин, энергиясын, убактысын алып жүдөткөн...

Архивден…

— Айсулуу, Олимпиададан кийин маанайың кандай?

— Жакшы. Олимпиада деген өзгөчө мелдеш. Ага жолдомо алыштын өзү эле чоң жоопкерчилик. Биз деле жеңилип калалы деп ойлогон эмеспиз. Болгон аракетти жасадык. Бу жолу бизге эч нерсе буйруган жок. Эмки 4 жылдыкта буйруп калаар.

— Калыстык болбой калды дешүүдө?

— Мен 63 кг салмактагы швед кыз менен күрөшкөндө калыстык болбой калды. Калыстар тобу акыркы баллды бербей коюшту.

— Толкундануу, коркуу деген болдубу?

— Бир аз толкундануу болду, бирок корккон жокмун. Коркуу дегенди мен чыны билбейм.

— Балким Олимпиадага чейинки болгон сот иши да таасир бергендир?

— Балким. Олимпиаданын алдында бат-бат сотко чакыра беришип, беттешке жакшы даярдана албай калдым. Машыкканга сот аябай эле жолтоо болду. Убактымдын көбү сот залында өттү. Мени күнөөлөп жаткан тарап Олимпиадага бардырбаганга аябай аракет кылышты. Лондонго да кеч бардык. Барып эле күрөшкө чыктым. Барганча да, келгенче да кээ бир журналисттер аябай эле мени шыбап жазып чыгышты. Аны окуган сайын маанай түшөт экен. 4 кг таштап коюпмун, 66 салмактан 62ге түштүм. 62 килограмм саламагым менен 63 кг салмактагы швед кыз менен беттештим да. Негизи спортсмен Олимпиаданын алдында физикалык жактан да, моралдык жактан да түшпөй, күчтүү болушу керек!

— Сот бүттүбү?

— Жок, бүтө элек, 23-августта Ленин районундагы сотто каралат.

— Кандай күнөө коюп жатышат?

— «Бейбаштык» (мелкое хулиганство). Эмнегедир менин сөзүмө сот ишенбей жатат. Анын үстүнө анын күбөлөрү көп, жанында эки бала, үч кыз бар болчу. Менин жанымда курбу кызым гана бар эле.

— Ал кызды мурда таанычу белең?

— Жок. Ал мени сыртымдан тааныса керек деп ойлоп жатам. Болбосо, эмнеге мага тийишет?! Филармония жакта, чак түштө,  саат 13:30та болгон окуя. Мен курбум менен түштөнүп алайын деп баратсам, жер төлөөдөн бир «киргиз» кыз чыга калып, тийишип калды. Көңүл бурбай кетип калгам. Артымдан калбай ээрчип алды, орусчалап сөгүнүп, «мырка, коха» деп. Жиним келип чаап жибердим. Машыгуудан кийин чарчаңкы да абалда болчумун. Мына азыр да чарчап турам. Же ысыккабы, билбейм, айтор, кызыктай эле абалда болуп жатам.

— Баары жакшы болот, чөкпө! Кудайдын көзү түз болсун. Кайсы айылдансың?

— Нарын облусундагы Кочкор районуна караштуу Теңдик айылынан болом.

— Апаң, айылың кандай тосуп алды?

— Апам ырым-жырым менен тосуп алды, башыма суу айлантып… Мен Олимпиадага кеткенден баштап кошуналарым, байкемдин классташтары биздин үйгө келип, баары чогуу отуруп көрүшкөн экен. Апам менин күрөшкөнүмдү биринчи жолу телевизордон көрдү. Буга чейин такыр көргөн эмес. Көрсөткүм келчү эмес. Себеби, апам аябай сарсанаа боло берет. Бул жолу деле тыңгылыктуу көрбөптүр, улам чыгып кетип, кайра кирип аябай чый-пыйы чыгыптыр.

Ата-энең күрөшкө катышып жатканыңды кандай кабыл алышты? Канча бир туугансың?

— Беш бир тууганмын. Кыздардын кичүүсүмүн. 4-майда 19 жашка чыктым. Ата-энем, бир туугандарым колдобосо ушундай ийгиликке жетмек эмесмин. Эң биринчи күрөшкө жол көрсөткөн — бир тууганым, байкем Медер Тыныбеков. Ал өзүнүн алдыга койгон максатына үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жетпей калгандан кийин мени спортко түртө баштаган. Апам да спортсменка, волейболду жакшы ойногон.

— Спортко канча жашыңдан баштап кызыга баштадың эле?

— Беш жашымдан баштап спортту телевизордон үзбөй көрчүмүн. Билесиздер, айылда спорт залы жок. Анан телевизордон көргөнүмдү туурап, өз алдымча машыгып жүрдүм. Мектепте окуп жүргөндө спорттун ар кайсы түрүнө катыштым. 8-класска чейин баскетбол, волейбол, футбол ойноп жүрдүм. 9-класстан баштап каратэге катыша баштадым. 10-класста окуп жүргөндө, Бишкекте кыздар күрөшү бар экенин угуп калып, шаарга келип, 11-классты аяктадым. Алдыга койгон максатыма жетиш үчүн Бишкекке келип, ар кайсы спорт залга барып, өзүмө керектүү, пайдалуу нерселерди агайлардан үйрөнө алдым. Азыр студентмин, 1-курста окуп жатам.

— Кайсы окуу жайда окуп жатасың?

— КТУда, кесибим — экономист. Аны менен катар спорт мектебинде окуп, 1-курсту бүттүм. Спорт мектебине келип, машыгып турам. Күнүгө эки жолу: эртең менен саат 10до, кечинде 5те машыгабыз.

— Жалаң балдар менен машыгып, күрөшөт экенсиң. Беттеше келгенде алар сени аяса керек?

— Жок, аябай калышсын, аяшпайт. Спортто аёо деген жок. Мына азыр бир аз белимди оорутуп алдым… Анын үстүнө айылдан жаңы эле келдим. Эмнегедир алым кетип турат.

— Алдыда кандай пландарың бар?

— Спорт жана спорт. Күрөш менен машыгуу. Дагы көптөгөн Олимпиадаларга барып, ийгиликтерди жаратуу. Алдыга ушундай бир гана максат койдум. Алдыга койгон максатыма жетем деген кызмын, өжөрмүн. Жашмын, келечегим алдыда. Буйруса кийинки Олимпиадага мен башкача маанайда барам…

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,

«Де факто» гезити, 2012-жыл

9 жылдан кийинки Айсулуу…

Айсулуу Тыныбекова Азиянын төрт жолку чемпиону, эки жолу күмүш, бир жолу коло байгесин алды; Азия оюндарынын алтын жана коло медалынын ээси болду; Дүйнө чемпионатынын алтын жана коло медалын тагынды.

Былтыр Сербиянын Белград шаарында өткөн дүйнө кубогунда жеңүүчү болду. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

2019-жылы дүйнө чемпиону болгондон кийин ушул кезге чейин Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде өз салмагында 1-орундан түшпөй келди. Былтыр коронавирус пандемиясынан улам эл аралык мелдештердин көбү өтпөй калган. Ага кошумча Олимп оюндары бир жыл артка жылдырылды. Айсулуу Тыныбекова алты айдан ашык созулган чектөөлөрдөн кийин гана ноябрь айында Польшада өткөн эл аралык мелдешке катышып, алтын байге алды.

Быйыл Токиодогу XXXII Жайкы Олимпиадага барып, 62 кг салмакка чейинки кыз-келиндер күрөшүндө бир канча атаандашын, алгачкысын 8:0 менен утуп, чейрек финалда 6:0, жарым финалда 10:0 менен утуп, эч кимге эч мүмкүнчүлүк бербей утуп финалга чыкты.

4-августта, финалда япониялык Юкако Каваи менен күрөшүп, бир аз убакыт жетпей 4:3 эсебинде упайды алдырып, күмүш медаль тагынып, Кыргызстандагы кыз-келиндер күрөшүндө «тарых жаратуучу» болду.

Спортто алтын тамга менен аты жазылып калган Айсулуу сиңдим, өзүң жогорудагы маегибизде айтканыңдай, өжөрлүгүң менен алдыга койгон максатыңа жетип. спортто ийгилик жараттың. Эми бактыңды таап, сүйүктүү жар, бактылуу Эне бол!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Жогорудагы эски маегибизден кийин Айсулууга: «Максатыңа жет, дүйнө чемпиону бол! Сага ишенебиз! Ошондо «киргиз» кыз, ага ишенип, сени кайра-кайра сотко чакырган соттор уялат, шыбап жазып жаткан журналисттер артындан чуркап интервью алууга зар болушат» деп ийгилик каалап кеттим эле. Ошондой болуп кийин кабат-кабат сыйлыкты да, сыймыкты да алып, туубузду желбиретип, Кыргызстандын даӊкын чыгарды. Акыры Олим бийиктигине умтулган максаты толук болбосо аткарылып, күмүш тагынды. Олимпиадага кеткен күндөн кыргыз эли сүрөөнгө алып, Токиодон келгенде сүйүнүч менен тосуп алды. 70ге чукул журналисттер күтүп турушту… Президенттин катарында туруп трибунада сүйлөдү…

Бирок, мунун баары, Айсулуу, бир гана сенин, машыктыруучуларыӊдын, ата-энеӊ, жакындарыӊдын мээнети, эмгеги, түйшүгү, колдоосу менен ишке ашты. Биз сени менен сыймыктанабыз! Бар бол, ар дайым биз менен бир бол, алтын кыз!

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.