ВИДЕО — Кыргыз Эл акыны Гүлсайра Момунова эжебизсиз бир жыл…

ВИДЕО — Кыргыз Эл акыны Гүлсайра Момунова эжебизсиз бир жыл…

Эсен болуп, эстей жүр!

Кыргыз Эл акыны Гүлсайра Момунова эжебизсиз бир жыл өтүптүр. Ооба, ал былтыр, 12-августта 83 жашында коронавирустан каза болуп, сөөгү ушул күнү — 13-августта «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилген.

Чыгармачылык жолунда «Эмгектеги каармандыгы үчүн» ордени, «Даӊк» медалы, Алыкул Осмонов, Түгөлбай ата, Аалы Токомбаев, Жамбыл Жабаев атындагы адабий сыйлыктардын ээси болгон Гүлсайра Момунова 1937-жылы 30-декабрда Талас облусундагы Бакай-Ата (мурдагы Ленинполь) районундагы Кең-Арал айылында жарыкка келген. Бал тил балалык кези да, сербейген секелек учуру да жалпы элдин башынан өткөн оор мезгилдерге туш келген. Балким ошол мезгилдер, балким, башка таасирлер ыр дүйнөсүнө жакын болуусун шарттагандыр… Неси болсо да, убакыт келип мектеп уясынан учкан бакыраӊ көз болочок акын кыз борбор шаарыбыз Фрунзе кезде Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык окуу жайы болуп 1949-жылы түптөлгөн, 1952-жылы В.В.Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер институту болуп өзгөргөн окуу жайга келип кирет да, 1960-жылы ийгиликтүү бүтүрүп чыгат.

Айтмакчы, Гүлсайра Момунова деген жаш акын кызды окурман журтка алгач тааныштырган тунгуч ыры ушул окуу жайда окуп жүргөн кезде жаралган дешет…

Бакыраң көз жаш акын кыздын бара-бара канаты жайылып, ырларынын тематикалык да, мазмундук да чабыты кеӊейип, жаш курагы өйдөлөп, өмүр суусу бүткөнчө калемин таштаган жок. Ырлары украин, казак, өзбек, түркмөн, азербайжан, болгар тилдерине которулуп, бир топ ырларына обон да жаралды. Калеминен төгүлгөн ырларды көӊүлү сүйгөн, назары түшкөндүн баарына арнап, аларды өзү окуп да берчү…

Аттиӊ, ажал улук экен, кылым жашап, кыйла ырды дагы да жазчудай болгон акын эжебиздин жүрөгү 83 жашында былтыркы коронавирус эпкини менен сокпой токтоду… А бирок, ал баскан издерди жаӊыртып кыргыз маданиятына, кыргыз адабиятына калтырган эмгеги, жүрөктөрдө сакталган жаркын элеси калды…

Эсен болуп, эстей жүр, окурманым!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА: «Гүлсайра Момунова… Бул ысым “кечээ көргөн бүгүн жок” болмушту эстетет»

Филология илимдеринин доктору, профессор, акын Аида Эгембердиева «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй эскерүү жазды.

— Былтыр ушул күнү Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова өмүр менен кош айтышкан. Бүгүн “Дасмия” маданий-этнографиялык комплексинде эскерүү болуп, акындын “Улуу кыргыз” аттуу жаңы ыр китеби окурмандарга тартууланды. Төмөндө китеп тууралуу сөз:

“СЕН ЫРЛАРГА ЖАҢЫ ҮН БЕРДИҢ…”

Гүлсайра Момунова… Бул ысым кыргыз жазма адабиятынын тарыхында кумурскадай мээнеткеч, жазган ырлары, жан бүткөнгө жасаган жарөөкөр мамилеси менен замандаштарынын эсинде элеси жылуу сакталган жаркын талантты эстетет. Бул ысым “Келериңде дүнүйө, Кериде жайык конушсуң. Кетериңде дүнүйө, Капкагы сынган комузсуң” деп залкар Токтогул акын ырдаган оомал-төкмөл дүйнөнүн чындыгын эстетет. Бул ысым “кечээ көргөн бүгүн жок” болмушту эстетет. Биз алардын алдында алсызбыз. Колдон келгени – эскерүүлөр…

Гүлсайра эже шаңшып ыр окуган залдарда, кечелерде анын агынан төгүлүп жазган саптарынын баа-баркын анчейин түшүнбөдүк, бул чындык. Адамдын адамга мындай төгүлүүсү мүмкүн эместей, акындын чалкыган ааламы биздин дүйнөбүзгө коошуп-коошпой, ошол окулган ырларды жерип турган учурлар болбой койгон жок, моюнга алам. Ошентип атып, кадимки Токтогулду, Жеңижок, Арстанбекти алдырып ийип бармак тиштегендей абалдабыз.

Акын кетип атып да абалкы акын аталардын салтын улап ааламдын ой-чуңкурун элекке салып, баамынан өткөрүп:

“Тегеретип алгач жумур

Жер жараткан турбайбы

Теңдик кылып аймактарын

Кең жараткан турбайбы

Ээндетпей ошол жерге

Ээлик кылып жүрсүн деп

Адам ата, Обо энеден

Эл жараткан турбайбы”, – деп анализдеген экен. Акындар поэзиясында ырдалып өткөн Күн, От, Суу, Шамалды өзүнчө айтып, бул стихиялар баш ийген улуу күч катары Жаратканды даңазалаптыр. Бул саптар алынган мынабу китептин ичиндеги биринчи ыр “Теңиримдин мыйзамы” деп аталат. Аны дагы, китептеги андан башка ырларды дагы көндүм элестөөлөргө салып жанрлык жактан айырмалоо кыйын. Аталган ыр терменин да, санаттын да сапаттарын өзүндө камтып, андагы көркөм ой толгоолор оданын, лирикалык дагы, публицистикалык дагы чегинүүлөрдүн, философиялык ой жүгүртүүлөрдүн элементтерин таанытат. Мындай жанрлык синкреттүүлүк айрым кийинки ырларына (“Көч келатат”, “Бабаларга кайрылуу” ж.б.) дагы мүнөздүү.

Жогорку эле ырда акын:

“Чөптүн да тамыры бар

Жылда өсөт жаңыланып

Кайда сенин тамырың

Уңгу башат, баркың кайсы”,

– деп, өз замандаштарына толкуп-ташып залдарда ыр окуган, жакын замандаштарын жоктоп кыргыздын боз үйүндө заңкылдап кошок кошкон, эң кийинки улгайган курагында дагы он ырды катар окуп, ага удаа шаңшып ырдаган бийик тембрлүү, мукам үнү менен добуш салат. Бул суроо жедеп “мына жакшы болот, ана жакшы болот” деп күтө берип, чыдамы бүткөндөгү адам көкүрөгүнөн суурулуп чыккан ачуу кыйкырык суроо сыяктуу. Коомдогу болуп жаткан оң-терс көрүнүштөрдүн бардыгын жүрөгүнөн өткөрүп, алардын ар бирине күйүп-жанып, акын чырылдап жүрүп өттү. А бирок ал айрымдардай болуп ааламдын, дүйнөнүн, коомдун караңгы гана жактарын көргөн жок. Ал эң негизгиси караңгыдан айырмалап жарыкты, жамандан айырмалап жакшыны көрө билчү. Башкалар баамдабаган адам сапаттарын баамдап, баамдап эле тим болбой, кеп башында айтылгандай агынан төгүлө ыр жазып келип, кечелерде ыр окучу.

“Эл эмне дейт?” деген ырында:

“Эл эмне дейт?” – дебейт экен көпкөндөр

Абийир-арын айран сымал төккөндөр.

Алдамчылык иче турган ашындай,

Уурулуктун уу сазына белчесинен чөккөндөр”,

– деп, ыр аталышын кайра-кайра кайрып, бүгүнкү коомдогу турмуш чындыгын – өлкө белчесинен баткан карызды, коррупцияны, алып жутарлыкты, дүнүйөкорлукту, абийирсиздикти, өлүк дүйнөнүн кулу болууну, жан-дүйнө жакырлыгын, текеберликти, жердин сатылышын, эл кайгысын ырга салган.

Күнү-түнү күпүлдөтүп “Манас” айткан, “Колунан комуз сайрап күү төгүлгөн, Көөдөндөн коңур добуш үн төгүлгөн. Жалындуу ырларынан таң сөгүлгөн, Жаркырап жүрөгүнөн күн көрүнгөн” элинин (“Кыргыз эл”) пейилин, ниетин издеп, “улуу рух Көкө Теңир колдоосун” сурап, акындын дүйнөсү жанчылыптыр. Буга Болотбек Шерниязга арнаган “Каркыра кайгысы”, “Насирдин Исановго, Садыр Жапаровго” делген “Кумтөр күйүтү”, “Шералы Назаркуловго” делген “Үзөңгү-Кууш үшкүрүгү”, “Кытай туугандарга” делген ырлары күбө.

Башка муун өлчөмүндө, бирок китептин алгачкы ырындагы кайрык, жанрлык синкреттүүлүк “Адил-Аттила баатыр” ырында кайра кайталанат. Өз элине болгон терең урмат, зор сыймык “Аттила баатыр кыргыз болгон” деген максимализмге өсүп жетет. Акын аны өз алдынча тарыхый булактардан алынган маалыматтар менен далилдегенге, ырастаганга аракет кылат, өз кезегинде залкар күүчү Нурак Абдырахмановдун окшош аталыштагы китебин эскере кетет. Айтор, поэма көлөмүндөгү бул ж.б. көп ырларында акын, көрүнүктүү адабиятчыларыбыздын бири 1930-жылдардын поэзиясына баа бергендей, “ойдогуну айтып калууну” гана негизги максаты кылгандай. А жогорку айтылган синкреттүүлүк Г.Момунованын поэзиясында жанрлык жактан гана эмес. Учурунда өзүнө сын катары уккан “жамакчылык” биздин оюбузда жакшы мааниде акындын фольклор менен жазма адабияттын ортосунда көпүрөлүк кылган өзгөчөлүгүн шарттайт. Ал ошонусу менен профессионалдык адабиятка жаңы боек, жаңы үн берди.

“Сен ырларга жаңы үн бердиң.

Ырлар эмес алар тегин

Көргөздүң дейм көзүбүзгө

Көркү башка ырдын жээгин.

Арсланбаптын аркыраган,

Айдарым шамалындай,

Айдадың ырдын желин”

– бул акындын Сүйөркул Тургунбаевге арнаган ыры. Кудайберген Жуманазаров, Замирбек Үсөнбаев, Тилектеш Ишемкулов, Сейит Жетимишев, Жедигер Саалаев сыяктуу калемдештерине арнаган ырларынын ар бири салмактуу ой көтөрүп, ыр арналган адамдарды сыпаттоо, аларга жакшылык каалоо менен гана чектелбейт, аларда акындын поэзия, аалам, дүйнө, адамзат, жан-жаратылыш туурасындагы ой бүтүмдөрү бар. “Жакшы сөз айткым келет” деп бүткүл адамга сүйүүсү жеткен акын өз кезегинде колуна калем кармагандардын баарынын башын бириктирип “Кыздар ай” коомдук бирикмесин негиздегендердин бири болгондугун билебиз. Бул – анын адабияттагы устаттыгынын бир көрүнүшү.

“Бабаларга кайрылуу” – классикалык кошокторду эске салган ыр. Акын мында алардын басып өткөн жолун, тарыхтагы элге жакшы тааныш маалыматтарды жөн гана сүрөттөө эмес, аларды кайсы бир деңгээлде жоктоо, эстөө маанисинде, ошол эле учурда аталар, андан берки муун кетирген катачылыктарга өкүнүү ирээтинде көп окуяларга кайрылат. Каркыра, Үзөңгү-Кууш – жерлер сатылганын айтып, алардан кечирим сурайт. Бул жана башка маанидеги ойлорунда акын ар дайыма кечээги, бүгүнкүнү таразалап, шарты келген жерлерде “Манастын” стилине салып эпостун өзүнүн окуяларын айтып, андагы каармандарды сүрөттөп кеткен жерлер бар. Айтор, адамзаттын, анын ичинде кыргыздын баскан жолу кандай узак болсо, ал тарыхты кайрадан айтып берүү үчүн ал чыгарма эмне көлөмдү талап кылаары өзүнөн-өзү түшүнүктүү. Аталган ыр – китептеги ырлардын эң көлөмдүүсү. Акын өзү ошол тарыхка өз алдынча сереп салып чыгууну туура көргөндөй.

Бул ыр андан ары “алакчындын Бердике” деп баатыр эрдигин сүрөттөө менен уланат. Балким ушул маалыматтар жанрлык табиятын түгөл кылып поэма жазылып, анын мазмунун толуктаса, мыкты чыгарма болмоктур деген ой калтырат. Анткени баарын даярдап, чайнап бергенге караганда поэзияны окурмандын өзү чечмелегени максатка ылайык. Анткени үндөш маанидеги “Айланайын бабалар” ырында дагы Кара-Бото деген баатыр тууралуу айтылып, анын ысымына тарыхтагы көп окуялар байланыштырылат. Бул дагы поэма деңгээлине өсүп жетпеген, өңчөй сүрөттөөлөр жана публицистикалык чегинүүлөр менен чектелген ыр болуп калган. Болбосо ошол аты аталган кейипкерлер жеке образ катары эмес, жалпыланган образ деңгээлине чыкканда, акын жакшы мурас калтырмакпы деген ой келет. Анын үстүнө поэма жанр катары өзүнүн ички тартибин коюп, ашыкча көп сүрөттөлүштөргө жол бермек эмес. Муну айтуу менен акындын жалпы поэзиясына шек келтирген жерибиз жок.

Деген менен, айрым учурда “прозадагы лирика” же “лирикадагы проза” деп бүдөмүк түшүнүүгө туура келген айрым сүрөттөөлөр поэзия бир гана “эмне болсо дагы ойдогу нерсени айтып калуу” эле эмес экендигин эске салат. Эмне болсо дагы “Бабаларга кайрылуу” – акындын чыныгы граждандык поэзиясын туюнткан ыр. Мындай мазмундагы ырды жазуу каалаган калемгерден чоң жоопкерчиликке чейин чыныгы батылдыкты дагы талап кылаары талашсыз нерсе болчу. Образдуу салыштыра келгенде, Ашым Жакыпбектин “Теңири Манасын” сындырып, сап-сап кылса, Гүлсайра эженин “Бабаларга кайрылуусунун” акыркы барактары дал ошого окшошмок.

Манас айтуунун ыргагы менен жазылган “Ааламдык атуул” дастаны Ч.Айтматовго арналган. “Манас” уулбу-кызбы – кыргыздын жалпы урпагын термеп турган нерсе. Мен мурда-кийин жазган макалаларымда Роза Карагулова деген акын эженин дагы маңдай-тескей сүйлөшүп атып эле бир топко чейин “Манастан” үзүндүнү жатка айтып, аягында тунуп туруп калып, кайра сөзүн улай берчү экендигин бир нече жолу эскергем. “Манаска” мындай тартылуу көп чыгармачыл адамдарда бар.

Турмуштук ар бир окуяга калеми баа берген акын “Короновирус – кара тумоо” ырын жазбай кое албайт эле. Ал көргөн-билген эң акыркы чындык ушул апаат болду. Жадагалса ал тууралуу айтканда дагы оорунун дабаасын акын элдик көрөңгөдөн издейт. Миң түркүн аталыштагы, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген дары-дармектер эмес, кыргыздын тоосунда эле өскөн чөптөр ооруга шыпаа болоорун замандаштарынын биринин кыргызчылыктагы, элдик дарыгерликтеги билгилигин айтуу менен баса белгилейт.

Гүлсайра Момунова – улуттук акын. Анын ырларында кыргыз улутунун бүтүндөй тарыхы, баскан жолу, жеңиши-жеңилиши айтылат. Жергиликтүү эмес, дүйнөлүк, ааламдык нерселерди дагы улуттук призмадан карайт. Өзүнүн өмүрдөгү эң акыркы китебин дагы “Улуу кыргыз” деп атаганы бекеринен эмес. Элин улуу сезбеген эл чоң жаңылат, адашат. Бул жагынан, кудайга шүгүр, кыргызды барктаган, даңктаган акындар көп. Кеп ким эмнени жазды? Гүлсайра эже бир арноо ырында өзү баса белгилегендей:

“Жаман ырлар өзү эле,

Мезгил өтсө жок болот.

Жакшы ырлар өзү эле,

Жанып турган от болот…”

Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА,

филология илимдеринин доктору,

И.Арабаев атындагы КМУнун профессору

Асел Эшимканова Гүлсайра Момунованын ырын окуп, элди ыйлаткан…

«Ар нерсенин өз убагы болот» дегендей, сөз кезеги келип турганда айта кетейин. Быйыл, 25-апрелде жолдошум журналист, акын, котормочу Эрнис АСЕК уулунун эскерүү кечесин Филармонияда өткөргөнбүз. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жоктоо дартыма ортоктош болуп, кеңешин берип келаткан Асел жеңем Эрнисти эскерүүдөн мурда жолдошу Мелис байкебизди эскерип өткөнү көрүүчүлөрдүн жүрөгүн жылыткан. Сөзүн ыр менен баштаган эле… Жолдошуна арнап өзү чыгарган ыр экен деп кабылдап, «өзүнүн ырыбы, кимдики?» деп телефон чалып сурагандар да болгон…

Жеңем кезинде орусча, кыргызча ыр жазчу, ошондон улам мен да кызыгып сурап калсам, күлүп: «Кыргыз Эл акыны Гүлсайра Момунованыкы, көптөн бери сахнага чыкпаганга сүрдөп кетип автордун атын айтканды унутуп коюпмун. Жоктоо дартынан чыгалбай жүргөн кезде кайсы бир гезиттен  көрүп, жүрөгүмө жакын болгондуктан бир окуп эле жаттап калгам. Ошол бойдон айтып жүрөм. Ушундай мыкты ырды жараткан акын эжебизге таазим», — деген.

Бул чындык, Гүлсайра Момунова эжебиздин ырлары мыкты болчу. Мыкты болгондуктан орус классты бүткөн Асел жеңеме да таасир берип, ал ырды уккан мен да, көрүүчүлөр да ыйлап жатат да…

5:52ден баштап уксаңыздар болот:

Бул байымдын эскерүүсүндө Гүлсайра Момунова эжебиз тирүү болчу. Куураган коронавирус дарты август айында алып кетти. Тирүүлөрдүн парзы эскерүү, куран окуу экен. Мелис байкебиздин, Эрнистин, Гүлсайра Момунова эжебиздин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Башат
«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун» деп Эрнис жазгандай, алар бар, эскерүүлөрдө, китептеринде жашайт.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.