Куршаб айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борборунун имараты колдонууга берилди

Куршаб айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борборунун имараты колдонууга берилди
Куршаб айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борборунун имараты колдонууга берилди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы бүгүн, 18-августта билдирди.
Алардын айтымында, кечээ, 17-августта Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндө Коомдук алдын алуу борборунун ачылыш аземи болуп, “Милиция менен элдин социалдык кызматташтыгы” долбоорунун негизинде курулган имарат колдонууга берилди. Ачылыш аземге Ош ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Абитов, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Рахымбек Мырзакулов, Өзгөн РИИБдин өздүк курамы, аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин, жаштар комитетинин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышышты. Жеңишбек Абитов аталган коомдук алдын алуу борборунун калктын бейпил жашоосу үчүн орду чоң экендигин баса белгилеп, мындай иш-аракеттерди дагы да жандандыруу үчүн биргеликте аракеттенүүгө чакырды. Мындан сырткары, КААБдын имаратынын курулушуна колдоо көрсөткөн Улуу Британиянын Saferworld UK эл аралык уюмуна, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондуна ыраазычылык билдирип, Өзгөн РИИБдин өздүк курамынын арасынан жигердүү иш алып баруусу менен айырмаланган кызматкерлерге ардак грамота жана төш белгилерди ыйгарды.
Коомдук алдын алуу борбордун имаратынын курулушу үчүн Куршаб айыл өкмөтү 966 744 сом каражат бөлгөн. Мындан сырткары, КААБ куруу программасынын алкагында Америка кошмо штатынын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы коомдук тартипти коргоо жана баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча каржылык көрсөтүү бөлүмү 520 949 сом көлөмдөгү акча каражаты жардам катары берилген. Кеңсе жабдуулары комплект түрүндө жеткирилип, бөлмөлөрдүн эмеректерине 279 950 сомдук каражат берилген.
Алдыда КААБдын иш графигинин түзүүлөрү менен жарандардын кайрылууларын жазуу жана оозеки түрүндө кабыл алып, каттоого, көйгөйлөрдү чечүүгө, жергиликтүү калкка практикалык жардам көрсөтүүгө күч жумшалып, укук бузуулардын алдын алууга багытталган жолугушуулар уюштурула баштамакчы.
Белгилей кетсек, «Милиция менен калктын социалдык өнөктөштүгү» долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомчулуктун (анын ичинде диний лидерлердин, аялдардын жана жаштардын) ортосундагы көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн ишенимдүү өнөктөштүктү түзүүгө багытталган.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.