Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН: «Бекназаров, Ташиев Руслан Бекназаровдун жарыяларын окуйбу?..»

Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН: «Бекназаров, Ташиев Руслан Бекназаровдун жарыяларын окуйбу?..»

«Талибан» кыймылын талдаган Жыргалбек Касаболот. Талибдердин бийликке келишине кубанган Руслан Бекназаров

 Ооганстандын баш калаасы Кабулга «Талибан» кыймылы 15-августта кирип, басып алып, 20 жылга созулган согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Президент Ашраф Гани болсо качып, Ооганстандан чыгып кетип, азыр анын кайда экени белгисиз. Ал эми «Талибан» кыймылы кечээ, 17-августта алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, анда Забиулла Мужахид тышкы, ички душмандар кереги жок экенин, аялдардын укуктары шариятка ылайык сакталарын билдирген.

Мирослав НИЯЗОВ: «20 адам 21-августка чейин учуп кетиши керек»

Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослов Ниязов 16-августта «Азаттыкка» билдиргенине караганда, азыр Кабулда 20дай кыргызстандык бар, алардын колунда билети бар, 21-августка чейин учуп кетиши керек. «Казактардын чартердик учагы барат экен. Чоң коркунуч болсо ошол рейс менен биздин балдар чыгып кетишет. Ооганстанда калган 20 кыргыз жараны ар кандай тармактарда иштегендер. Көбүнчөсү тейлөө тармагында иштеген кыргыз келиндер. Элчилик дагы эвакуация болгонго даярданып жатат. Ошого жараша чара көрүп, план боюнча иш болуп жатат», — деп билдирген М.Ниязов.

Эминуллах КУРМАНАЛЫ уулу: «Ооганстанда абал курч, коркуп отурабыз»

 Кабулда жашаган этникалык кыргыз Эминуллах Курманалы уулу бийликке кайрылуу жасап, «Азаттыкка»: «Менин атым Эминуллах. Улутум кыргыз. Учурда Кабул шаарында үй-бүлөм менен жашайм. Кабулда бизге окшогон 5-6 кыргыз үй-бүлө бар. Гилменд вилайетинде эки, Мазари-Шарифте 2-3, Кундуз шаарында төрт, Фаязбадда төрт үй-бүлө калды. Калган кыргыздар Улуу Памирде жашайт. Өзүңүздөр окуп, билип жатсаңыздар керек. Негизи эле Ооганстанда абал курч. Биз үйдү жаап, сыртка чыкпай отурабыз. Шаардын көчөлөрүндө ок атылып, башаламан болуп жатат. Эми калк такыр көчөгө чыкпай калды. Талибдер жүрөт. Дүкөндөрдүн бардыгы жабык. Коркуп отурабыз. Сыртка чыкмак түгүл, терезелерди ачпайбыз»,-деп билдирген.

Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү…

Ооганстандагы окуя боюнча УКМК 16-августта билдирүү таратты. Андагы кайрылууда: «Биз Кыргызстанда окууну каалаган Ооганстандагы студенттеринин келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө чакырабыз. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында оогандык студенттердин даярдалышы элибиздин ар түрдүү тармактардагы достугун жана кызматташтыгын чыңдоого салым кошот деп ишенебиз”, — деп жазылган. Билдирүүнүн толугун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Оодарылган Ооганстан, коңшулардагы коркунуч»

УКМКнын мындай билдирүүсүнө коомчулуктун көпчүлүгү нааразы болууда. Алардын бири, дайыма, өз убагында пикирин билдирип, туура талдоо жүргүзүп келаткан журналист, котормочу, аналитик Жыргалбек Касаболот. Ал «Оодарылган Ооганстан, коңшулардагы коркунуч» аталышта пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Толугу менен төмөндө:

— Ошентип, Ооганстанда талибдер бийликти алды десе болот. Кабулду талибдер ээледи. Калган негизги шаарларынын баары талибдердин колунда. Батыш мамлекеттери өз өкүлдөрүн шашылыш түрдө алып кетип жатышат. Ооган аскерлери жана башка мурдагы бийликтин өкүлдөрү коңшулаш Тажикстан менен Өзбекстанга качып кирүүдө.

Чынында АКШнын бен Ладенди кармоону талап кылган шылтоосу менен башталган операция Батыш мамлекеттеринин толук утулушу менен аяктады. Ооганстандын чоочун аскерлерди киргизбеген улуттук менталитети ушуну менен үчүнчү баскынчылык согуштун мизин кайтарууда. Анын артында кандай оюнчулар турганы, Борбордук чалгын башкармалыгынын бир кездеги советтик аскерлерге каршы жүргүзгөн аракети кийин өз башына муш болуп жатканы эми башка маселе. Азыр ушул тапта Кыргызстан үчүн эмне маанилүү экенин ойлонуш керек.

Кыргызстан Ооганстан менен түздөн-түз чектешпейт. Ортосунда Кытай же Тажикстан же Өзбекстан бар. Кытай күчтүү мамлекет, ал жоочуларын да, качкындарын да жолотпойт, андыктан мындан ары аны кеп кылуунун да кажети жок. Ушу тапта качкындар Өзбекстан менен Тажикстанга кире качууда.

«Талибан» кыймылы чектеш мамлекеттерди басып алуу планы жок экенин далай жолу расмий билдирген жана бир да жолу андай планы бар деген күмөн ойлорго негиз болчу аракеттерге барган эмес. Анын негизги максаты – өз өлкөсүндө шариат эрежелерин толук орнотуу жана толук ислам мамлекетин түзүү. Андыктан жакын арада ал коңшулаш мамлекеттерди басып алат же алар менен түздөн-түз кагылышууга барат деп эсептөөгө негиз жок. Бирок башка үч коркунуч бар. Үчөө тең жакынкы келечекте күч алышы мүмкүн.

  1. Ооганстандагы башка улуттагы террордук топтор

«Талибан» кыймылы негизинен пуштун улутундагылардан турат, алар – Ооганстандын негизги калкы жана Пакистандагы улуттардын экинчиси. Кыймылдын ийгилигинин себептеринин бири да ушунда. Антсе да анын курамына кошулуп кеткен, калкалоосунда жүргөн, Кудайдан жөө качып кутула албаган башка улуттагы террордук топтор бар. Алар жаңы өкмөт менен тил табышса бир жөн. Бирок араздашып кете турган болсо бир маршруту Пакистан менен Индияга, бир маршруту Түркмөнстанга качат. Дагы башкалары Борбор Азия мамлекеттерине келип, кырдаалдын туруктуулугун бузуу аркылуу өзүнө убактылуу болсо да бир топ жерлерди көзөмөлүнө алууга аракет кылышы ыктымал.

Ооганстанга батпай калган террордук топтор баарынан куугунтук жесе биздин жерге өткүсү келери турган иш. Алар ачык курал менен да, качкындарга аралашып да келе бериши мүмкүн. Анткени Кыргызстанда жүрүп башка мамлекеттерге өтүү да, кырдаалды каалагандай пайдалануу да алар үчүн ыңгайлуу.

Ошондуктан чек араны жаап, айрыкча Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен көзөмөлсүз жерлерин, өзгөчө тоолуу райондорду жакшылап байкап, колдон келсе чалгын иштерин күчөтүү зарыл.

  1. Диний фундаменталисттердин баш көтөрүшү

Дүйнөдө диний негизде мамлекет курган күчтөрдүн жеңиши көп учурда ошондой эле моделди жактаган башка да кыймылдарды жандандырышы ыктымал. Кыргызстанда кеңири тамыр жайган «Таблиги жамаат» кыймылынын идеологиясы Бишкектен башкарылбайт. Анын өзөгү Пакистанда. Пакистан болсо Ооганстандагы талибдерди такай каржылап, өз максатына пайдаланып келген мамлекет катары белгилүү. Демек мамлекет муфтият менен тыгыз иш алып барып, ар кандай тескери тенденциялардын алдын албаса көзөмөлдөн тышкары түрдүү процесстер башталып кетиши мүмкүн. Диний негизде түзүлгөн партиялар жоюлуп, каттоосу жокко чыгарылышы керек. УКМК жана ИИМдин тиешелүү түзүмдөрү жер-жерлердеги диний үгүт кандай мааниде жүрүп жатканын мурдагыдан да жакшыраак байкап, кооптуу жагдай болсо дароо чара көрө турган учур келди.

  1. Качкындар

Ушу тапта ооган качкындары тээ алыскы Түркияга чейин барууда. Андыктан биз Ооганстан менен чектешпесек эле бул агым бизге келбейт деген кепилдик жок. Расмий Анкара аларды кабыл алуудан баш тартты. Анткени буга чейин Евробиримдиктин акчасына кызыгып 4 миллион сириялык качкынды жакшы шарттар менен киргизген, аны түрк коомунун баары эле жактыра берген эмес. Азыр Ирандан келчү качкындардын алдын алып кадимкидей эле чеп куруп жаткан чагы. 83 миллион калкы бар Түркия мынчалык чара көрүп жатса, демек калкы 6 миллиондон араң ашкан, анын да кыйласы миграцияда жүргөн Кыргызстан үчүн качкындарды кабыл алуу ого бетер зыян. Алардын арасында кимдер жүргөнүн билбейбиз, ниети эмне экенин билбейбиз, келгенде жергиликтүү калк менен алака-катышы кандай болорун билбейбиз. Кандай жагынан алганда да колдон келишинче жолотпош керек.

Буга чейин БУУ Борбор Азия мамлекеттерин ооган качкындарына чек арасын ачууга үндөдү. Бирок бул жагдайда Кыргызстан өз улуттук кызыкчылыгына жараша чечим кабыл алганы оң. БУУ болмоктон жөө туман болсо да расмий Бишкек эч кимди укпашы керек. Евробиримдик, АКШ жана башка акчасы көп эл аралык субъектилер чоң сумма сунуш кылып расмий Бишкекти качкындар агымын кабыл алганга көндүрүүгө аракет кылышы мүмкүн. Ага алданса пайдасынан зыяны көп. Кыргызстан экономикалык кыйынчылыктарына, элдин каршылыгына жана коопсуздукка байланышкан жагдайларга негиздеп бир өңчөй баш тартканы оң.

Кыргызстан кабыл ала турган качкындардын бир гана категориясы бар, ал — оогандык кыргыздар. Калгандары эч кандай негизде кабыл алынбашы керек.

Тажик жана өзбек багытындагы саясаттын принциби

Ушул тапта Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын күч түзүмдөрү Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араны толук жаап салууга жакшы шарт түзүлүп турат. Өзбекстан менен болгон чек аранын ачылышынан азырынча өзбек тарап гана утту, кыргыз тарап уткан жок. Ал эми Тажикстан менен чек аранын жабылышын ого бетер күчөтүү зарыл. Биринчиден, Тажикстан – Кыргызстанга кол салган агрессор мамлекет. Ал ушундай кырдаалда канчалык экономикалык блокадада болсо бизге ошончолук жакшы. Экинчиден тажик согушунун убагында Кыргызстан тажик качкындарын кабыл алып көргөн. Акыбетин көрдүңөр, кайра өзүбүзгө кол салды. Расмий Дүйшөмбү канчалык кыйчалыш кырдаалда калып, мурдуна суу жетсе чек ара маселелерин чечүүдө кыргыз тарап ошончолук пайда көрөт. Бул маселе Коопсуздук кеңешинде талданып, бирдиктүү чечим кабыл алынышы зарыл жана бардык күч түзүмдөрү тарабынан кынтыксыз аткарылууга тийиш. Буга чейин Тажикстанга каршы аракеттер боюнча сунуштар азыр да күчүндө турат.

Жыргалбек КАСАБОЛОТ. 16-август, 2021-жыл

Руслан БЕКНАЗАРОВ: «Афган элин куттуктайм. «Халифат» коркунучтуу эмес»

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун баласы, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, экс-президент Сооронбай Жээнбеков бийлигинде президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүндө эксперт болуп иштеген Руслан Бекназаровдун  айтымында, талибдер коркунучтуу эмес экен. Ал 16-августта «Фейсбуктагы» баракчасына мындай деп жазды: «Афган эли үмүт арткан Талибдер бийликке келишти. Афган элин куттуктайм. Жеке оюмда Афган өлкөсү 5 жылда болуп көрбөгөндөй өнүгүү секиригин жасашат. Биздин «акыркы үмүт» жаңы келген Афган өкмөтүн куттуктап койсо болот»

Ошондой эле ал кечээ бүгүн, 18-августта, кечки саат 20:30да түз эфирге чыгаарын билдирген.

Эске сала кетсек, Руслан Бекназаров буга чейин да «Халифат» тууралуу пикирин жазып, коомчулуктун «тепкисинде» калган. Анда ал мындай деп жазган:

Мусулманмын деген инсандар бирөөлөрдү «сөгүү», жек көрүү, каралоону жакшы өздөштүрүп алыппыз. Келгиле биз исламдын баалуулуктарын өзүбүздүн адебибиз, жүрүм-турумубуз, сүйлөгөн сөзүбүз менен тааныталы. Ар-ким өз баалуулугун митинг, жүрүш, акциялар менен көрсөтүүдө. Алар менен сөгүшүп, аларды тилдеп, аларга акаарат кылуу менен исламдын баалуулугун ачып бере албайбыз. Ошол себептен «ХАЛИФАТ, ШАРИЯТ» дегенде түшүнбөгөндөр чочуп экстремист, террорист, эскилик деп түшүнүп келишет. Халифат — СССР, Византия, Рим ж.б. сыяктуу эле тарыхтагы улуу держава болгон. Адамзатынын тарыхындагы бийлиги дүйнөгө кеңири тараган, эң кубаттуусу, адилеттүүсү, калысы, элине жыргалчылык тартуулаган, динине, өңүнө, улутуна карабай бирдей адилеттүү мамиле кылган ХАЛИФАТ мамлекети болгон. Халифалык мамлекет 100 жыл мурун кулаган. Башталышы 7-кылымга туура келет. Алгачкы Халиф Абу Бакр Ас-Сыдык болгон. Акыркы ХАЛИФАТТЫ Түрктөр 6 кылым (14-20-кылымдар аралыгы) башкарган. Дүйнөдөгү медицина, астрономия, математика, физика ж.б. илимдеринин өнүгүү убагы ушул Түрк ХАЛИФАТынын убагында болгон. Халифаттын өзгөчөлүгү — башкалардай ыңгайына карап чечим чыгарылбайт. Бардык мамлекеттик чечимдер Куран, шарият өкүмдөрүнөн чыкпашы шарт. Бул тарыхий факт. Коркунучтуу деле эмес бекен?».

Аягын күлгөн смайлик менен аяктаган. Толугун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар.

Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН: «Азимбек Бекназаров, Камчыбек Ташиев Руслан Бекназаровдун жарыяларын окуйбу?..»

Белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин Руслан Бекназаровго мындай жооп жазган:

Руслан иним, бул жарыяң Кыргызстандын Конституциясына, быйыл көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилеп жаткан эгемен Кыргыз мамлекетине каршы келээрин кантип аңдай аласың, ошенте аласыңбы. жокпу, эч билбейм. Юрист атаң Азимбек аксакал менен акылдашып көрсөң жакшы болот го дейм. Атаң Аскар Акаевдин режимине каршы чыкканда шариятка негизденген, улутту акыркы тепкичке түшүргөн илгерки молдочул халифат үчүн эмес, демократиялуу, айдыңдык (секулярдык), көп этностуу, биримдикте улутубуздун маданиятын өнүктүрүүгө түркүк болчу мамлекет — Кыргызстан үчүн күрөшкөн деп билебиз.

Ушул жарыяңдын этегинде Сейит Сооронбаев деген өзүңдөн кичүү жигит: «Руслан таксыр, газаватка чыгып, азыркы өкмөттү кулатып, Халифатка аракет кыла берет окшойбуз… өзүңүз амир сап, ляшкербашы болуп берсеңиз. Иншалла, жихатка мен даярмын», — дептир. Андан ары ал «Максат ажыны өкүмдар кылып, берки динбузар кайырдиндерди канывайран кылып таштайбыз», — деп кошумчалаптыр. Мындагы «канывайран» дегени — «кырып салабыз» деген эле сөз… Бул чакырык — иш жүзүндө «Ислам мамлекети» террорчу уюмунун урааны. Азимбек Бекназаров, Камчыбек Ташиев мырзалар мындай жарыяларды окуйбу, жокпу, билбейм. УКМК деген мекеме халифатты колдобосо керек деп өзүмчө боолгоп коём. Динге жамынган террорго чакырык эле бизге жетишпей жатат… Өтө өкүнүчтүү… Исламга жамынган террорчуларды байистүү мусулман мамлекеттеринин бийликтери да четке кагышат.

Баш мыйзамда…

Кыргызстандын Баш мыйзамынын 1-беренесинде “мамлекеттик башкарууга дин аралашпай турганы” жазылган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кайсы саясий күч болбосун мыйзамга туура келбеген диний аракети үчүн жоопкерчилик каралганын эскерткен.

«Халифатка аракет кыла берет окшойбуз, жихатка мен даярмын!» деп ачык эле чакырык таштагандарды УКМК тезинен мыйзамдуу түрдө чара көрүп, жоопко тартышы керек!

Эрзат МЫРЗА

5 thoughts on “Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН: «Бекназаров, Ташиев Руслан Бекназаровдун жарыяларын окуйбу?..»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.