ВИДЕО — Ашыралы Айталиевдин ысымын Бишкектеги көчөгө берүү боюнча Ак үйдүн жообу

ВИДЕО — Ашыралы Айталиевдин ысымын Бишкектеги көчөгө берүү боюнча Ак үйдүн жообу

III даражадагы «Манас» орденин ээси, Кыргыз Эл артисти, залкар төкмө акын, залкар обончу, дастанчы маркум Ашыралы Айталиев атанын 81 жаштагы байбичеси Наила Айталиева Бишкектеги чоӊ бир көчөгө абышкасынын аты берилсе деген тилеги менен президент Садыр Жапаровго августтун башында видео аркылуу кайрылган.

Наила апага Ак үйдөн келген кат

Урматтуу Наила Муратовна!

Ашыралы Айталиевдин ысымын борбор калаабыздын көчөлөрүнүн бирине жана мектепке ыйгаруу боюнча Сиздин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун дарегине жолдогон видео-кайрылууӊуздагы суранычты Бишкек шаарынын мэриясына жиберилди.

Сиздердин өтүнүчтү Бишкек шаарынын мэриясы карап чыгып, Бишкек шаардык кеӊешинин сессиясына киргизет.

Аталган маселе биздин көзөмөлдө тургандыгын билдиребиз жана жыйынтыгы боюнча Сизге кошумча маалымат берилет.

Урматтоом менен,  Чолпонбек АБЫКЕЕВ                                                                                                                                                              

Абыкеевге Наила апанын жообу…                                                                                       

Бул маселе боюнча эки жылдан бери баспай калган Наила апа депутаттардан президентке чейин кайрылып, барбаган жери, ачпаган эшиги калбаганын билдирип, чоӊдордон көӊүлү аябай калганынан улам аргасыздан азыркы ажого чоӊ үмүт менен кайрылганын баса белгилеп келет.

Ак үйдөн келген катты кабарлап, мындай деди: «Мындан эки жыл мурун, басып-туруп жүргөнүмдө кат менен кайрылганда оӊой менен жооп болчу эмес. Бу жолу катым жете электе эле жооп келгени мени кубандырды. Демек, менин үнүмдү президент Садыр балам угуп, мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеевге дайындаса керек. Анан ал мага жооп жазды окшойт. «Бул маселе биздин көзөмөлдө тургандыгын билдиребиз» деген жери мага аябай жакты. Алардын көзөмөлүндө болсо эле оӊго чечилет деп ойлойм. Ал эми Садыр балама, Чолпонбек мырзага ыраазычылык билдирип, Эгемендүүлүктүн 30 жылдык майрамы менен куттуктайм. Ушул маракеге карата абышкамдын залкар талантын, кыргыз маданиятына кылган ат көтөргүс эмгегин баалап, Бишкектеги бир чоӊ көчөгө ысымын чечип беришсе аттары тарыхта калат эле. Мен Садыр балам менен Чолпонбек мырзага ишенип, күн санап, абышкама берилген көчөнү көрүп кетсем экен деген тилек менен акыркы күндөрдө жашап жаткан кезим, кызым«,-дейт Наила апа.

Мэрияда кандай жагдай?

Эртең,  26-августта үч (Бишкек, Ош жана Токмок) шаарынын мэрин шайлоо эртең мененки саат 9дан 12ге чейин болот. Мэрлерди шаардык кеңештер шайлайт. Буга чейин аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлерди каттаган.

Бишкек шаарынын мэри болууга талапкер — Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Жунушалиев Айбек Жанышбекович. Анын талапкерлигин Министрлер кабинети жана Бишкек шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция көрсөттү.

Бишкек мэри шайланып, бекитилсе, Наила апанын суранычы аткарылып калаар…

Назира СААЛИЕВА

P.S. Наила апанын кайрылуусунан кийин мурдагы маданият министрлери, Кыргыз эл жазуучулары, профессорлор, журналисттер, төкмө акындар ун кошкон. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыздар болот.

Наила апабыздын кайрылуусун, демилгесин колдоо улантылат. Кыргыз Эл артисти Каныкей Эралиева, ырчы Стамгүл Турдалиева, акын Мая Осмонкулова, төкмө акын Азамат Болгонбаев жана белгилүү сүрөтчүлөрдүн, журналисттердин, коомдук ишмерлердин пикирин окуй аласыздар!

One thought on “ВИДЕО — Ашыралы Айталиевдин ысымын Бишкектеги көчөгө берүү боюнча Ак үйдүн жообу

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.