Ооганстан, Пакистан, Индия, Ирандан келген адамдар жашаган жерде жолугушуу болуп өттү

Ооганстан, Пакистан, Индия, Ирандан келген адамдар жашаган жерде жолугушуу болуп өттү

Чүй облусунда милиция кызматкерлери тарабынан чет элдик жарандарга алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Кыргызстандын бардык аймактарында жашап, иштеп жүргөн чет элдик жарандарга милиция кызматкерлери тарабынан ар дайым алдын алуу иштери жүргүзүлүп турат.

Чүй облусунун аймагында Ооганстан, Пакистан, Индия жана Иран өлкөлөрүнөн келген чет өлкөлүк жарандар жашаган жерлерде жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда кылмыштуулук жана башка тартип бузуулар боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Эгерде кандайдыр бир зарыл учурлар болгондо байланышуу үчүн жергиликтүү ИИОнун байланыш телефондору берилди.

Пакистандыктар боюнча ТИМдин маалыматы

Коомдук ишмер Жусупжан Жээнбеков «АКИpress» агенттигине 25-августта интервью берип, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Пакистандан, Ирандан, Ооганстандар келгендер бир, бир жарым айда көбөйүп жатканын баса белгилеп, коронавирус боюнча карантинде болгон пакистандыктар көчөдө ээн басып жүрүшкөнү тууралуу суроо таштаган.

Ошол эле күнү Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Пакистандан келген жарандар тууралуу билдирүү тараткан. Алардын айтымында, пакистандыктардын баары мекенинен вакцина алып келген. Кыргызстанда коронавирус менен катталгандардын 1% гана чет жактан келгендер.

Буга чейин ТИМ (23-августта) пакистандыктардын көбү Бириккен Араб Эмирликтерине жана Сауд Арабиясына жөнөп жаткан эмгек мигранттары экенин айтып, бул өлкөлөргө түз аба каттамы жок болгондуктан алар Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу кетип жатышканын, коронавируска байланыштуу жабылган чек аралар кайра ачыла баштагандыктан Кыргызстанга каттагандардын агымы азаярын билдирген.

Быйыл июль-август айларында 7,5 миң пакистандыкка Кыргызстанга туристтик виза берилгени, алардын баары улуттук коопсуздук органдары аркылуу текшерүүдөн өткөнү, жөнөкөйлөтүлгөн виза режимине уруксат 220 пакистандыкка берилгени маалым болгон.

Оогандыктарга окшоп кийингендер Бишкекте көбөйүп жатканы коомчулукта кызуу талкууланууда…

Эске сала кетсек, Ооганстандын баш калаасы Кабулга «Талибан» кыймылы 15-августта кирип, басып алып, 20 жылга созулган согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Президенти Ашраф Гани качып, Ооганстандан чыгып кетип, кайда экени белгисиз бойдон калган. Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех президент Ашрафа Гани качып кеткенден кийин, ал өзүн президенттин милдетин аткаруучу катары жарыялап, кандай гана жагдай болбосун эч качан талибдерге баш ийбей турганын баса белгилеп, талибдерге каршы турууга элин чакырган.

Ооганстанда абал курчугандан бери кызматкерлери эвакуацияланууда. Алар менен катар өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган миңдеген ооган жарандары аэропортто топтолгон сүрөттөр жарыяланган.

Ооган жарандарына окшоп кийингендер Бишкектин көчөлөрүндө көбөйгөнүн коомчулук баса белгилеп, социалдык тармактарда кызуу талкуулап жатышат.

«Талибан» кыймылын талдаган Жыргалбек Касаболоттун, Талибдердин бийликке келишине кубанган Руслан Бекназаровдун пикирин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Баш мыйзамда…

Белгилей кетсек, «Халифат» куруу идеясын жайылткан уюмдар Кыргызстанда экстремисттик жана террористтик деп таанылган. Өлкөдө тыюу салынган уюмдар тизмесинде жыйырмадан ашуун кыймыл жана уюм бар.

Кыргызстандын Баш мыйзамынын 1-беренесинде “мамлекеттик башкарууга дин аралашпай турганы” жазылган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кайсы саясий күч болбосун мыйзамга туура келбеген диний аракети үчүн жоопкерчилик каралганын эскерткен.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

One thought on “Ооганстан, Пакистан, Индия, Ирандан келген адамдар жашаган жерде жолугушуу болуп өттү

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.