Улан НИЯЗБЕКОВ: «Көз карандысыздыкты коргоо, чыңдоо, бекемдөө – ар бирибиздин ыйык милдетибиз! Майрамыңыздар менен!»

 Улан НИЯЗБЕКОВ: «Көз карандысыздыкты коргоо, чыңдоо, бекемдөө – ар бирибиздин ыйык милдетибиз! Майрамыңыздар менен!»

Ички иштер министрликтин министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракеси менен кыргызстандыктарды куттуктады:

Ардактуу мекендештер жана Кадырман замандаштар! Урматтуу ички иштер органдарынын ардагерлери, кызматкерлери жана үй-бүлөлөрү!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Карт тарыхтын катмары ырастагандай, Кыргызстан үчүн көз карандысыздыгыбыз — эң ыйык дөөлөтүбүз, эң бийик сыймыгыбыз, ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз. Кудайга шүгүр, биздин мамлекет бутуна туруп, адамзат коомунда ѳз орду, ѳзүнүн жолу бар, ѳнүгүп бараткан мамлекеттердин катарында. Бүгүнкү күндѳ эгемендүү Кыргызстанды дүйнѳ эли демократиялуу, адам укугун сыйлаган жана мыйзамдуулук ѳкүм сүргѳн мамлекет катары тааный алды. Ал эми, өлкөнүн өзөгүнө келе турган болсок Мамлекетибиздин түптөлүшүндө, анын өсүп-өнүгүүсүндө ички тартипти камсыз кылуу, эл тынчтыгын сактоо чоӊ мааниге ээ экени белгилүү. Мына ушул жооптуу милдет сиз менен бизге, мындайча айтканда, ички иштер органдарына тапшырылган. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында коомдук тартипти камсыз кылууда, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ички иштер органдарынын кызматкерлери үлгүлүү кызматы менен ишмердикте бир топ ийгиликтерди жаратканы белгилүү. Бул милдеттерди өтөөдө ар бирибиз ишмердигибизде жоопкерчиликти сезе билип, ак ниет кызмат кылсак, Кыргыз милициясынын өз элинин, коомчулуктун алдында дагы да болсо аброю жогорулайт деп ишенем. Ошол эле учурда ишмердиктин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, министрликте ири реформалар мезгил талабы менен ишке ашууда.

Кыргыз милициясынын башкы милдети бул — карапайым эл милицияны ѳзүнүн коргоочусу катары, адам укугунун жана мыйзамдын тиреги катары кабыл алуусуна жетишүү менен укуктук мамлекеттин адилеттүү сакчысы болуу! Биз саясаттан, бизнестен жана ар кандай өзүн көрсөткүсү келген мактанчаак иш аракеттерден өйдө турган мыйзамдын сакчылары экенибизди эч жерде, эч качан унутпашыбыз милдет.

Кадырман мекендештер жана ардактуу кесиптештер!

Эркиндикти кылымдар бою аздектеп келген элдин урпактары катары — көз карандысыздыкты коргоо, чыңдоо, бекемдөө – ар бирибиздин ыйык милдетибиз! Мамлекетибиздин мындан ары да гүлдѳп ѳсүшү үчүн биргеликте, бир максатта Эгемендүүлүгүбүздү, ыйык мурасыбызды түбөлүк даңктоо менен бирге Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө арналган талыкпас күжүрмөн багытыбызда ийгиликтердин жарала беришине тилектешмин. Сиздерди дагы бир ирет мамлекетибиздин эгемендүүлүк күнү, 30 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктаймын.

Улан НИЯЗБЕКОВ,

Ички иштер министри, милициянын генерал-майору

Эгемендиктин тарыхы

Мындан 30 жыл мурда биздин мамлекет эркиндикти жана көз карандысыздыкты тандап алган. 1991-жылдан тарта Кыргызстандын жаңы тарыхы башталган. Агезде Аскар Акаев президент, Медеткан Шеримкулов Жогорку Кеңештин төрөгасы эле.
Легендарлуу парламент (Жогорку Кеңеш) “Көз карандысыздык жөнүндөгү” декларацияны кабыл алган.
1991-жылдын 31-августунда дүйнөнүн саясий картасында эгемендүү Кыргыз Республикасы пайда болгон. 30 жылдан бери Кыргызстан башка мамлекеттер менен эки тараптуу дипломатиялык алака түзүп, достук мамиледе келатат.
30 жыл аралыгында жакшы, жамандыктар болду: эбегейсиз ийгиликтерди багындыра алдык, чоң жоготууларга дуушар болдук. 2010-жылы 87ден ашуун жарандарыбыз окко учкан. Анда президент Курманбек Бакиев эле, ал тактыдан жөн кетпей, өз элине ок чыгарып кеткен.
Былтыр Кыргызстанды коронавирус каптап, бул жаман илдет бир топ кыргызстандыктарды алып кетти. Белгилүү маркумдар бу жердеги ШИЛТЕМЕде.
5 президент (Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков) алмаштырдык. 6-президент кылып Садыр Жапаровду тандап, шайлап алдык. Садыр Нургожоевич бүгүн «Ала Тоо» антында сүйлөп, кыргызстандыктарды куттуктап, бардык жакшылыктар алдыда экенин айтты. Жакшылык, тынчтык гана болсун! Майрамыңыздар менен!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.