Кыргызстандагы Орусия Элчилигинин кеңешчиси Гусев менен полковник Абдиев жолугуп, кызматташтык маселени талкуулашты

Кыргызстандагы Орусия Элчилигинин кеңешчиси Гусев менен полковник Абдиев жолугуп, кызматташтык маселени талкуулашты

ИИМде Кыргызстандагы Орусия Элчилигинин кеңешчиси, кичи элчиси менен кызматташтык маселелери талкууланды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, бүгүн, 3-сентябрда ИИМ имаратында ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Нурбек Абдиев менен Кыргызстандагы Орусия Элчилигинин кеңешчиси, кичи элчиси Вадим Гусев жолугушкан. Бул жолугушууга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги Уланбек Султанов,  кинологиялык борборунун начальниги Сергей Брюзгин катышкан.

Жолугушууда укук коргоо ишмердүүлүгү багытында, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо боюнча бир катар маселелер талкууланган.

Нурбек Абдиев эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшү көп тараптуу байланыштардын кеңейишине оң таасирин тийгизээрин билдирди.

Жолугушуунун соңунда, тараптар көп жылдар бою түзүлгөн достук мамилелер эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кызмат кылаарына ишенимин билдиришти.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.