Чолпонбек АБЫКЕЕВ, мамлекеттик катчы: «Көзү өткөндөргө сыйлык берилбейт!» (Маек)

Чолпонбек АБЫКЕЕВ, мамлекеттик катчы: «Көзү өткөндөргө сыйлык берилбейт!» (Маек)

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата бир топ чыгармачыл адамдар мамлекеттик сыйлык менен августтун аягында сыйланышкан. Анда Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев «Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу» наамын алган. Сыйлык, наам алгандар тууралуу ар кандай кептердин аягы алигүнчө басыла элек. Ошондон улам, мамлекеттик катчы менен ат жалында маек курдук.
— Чолпонбек мырза, жакында эле президенттин колунан мамлекеттик наам алдыңыз. Ал боюнча ар кандай кептер болууда, сиз тууралуу сөздөрдү өзүңүз деле угуп жатсаңыз керек?
— (Күлүп) Ооба, угуп жатам, ар кандай пикирлер болууда, «мамлекеттик катчы өзүнө өзү сыйлык берип алды» деп жатышат. Эми мени Улуттук Жазуучулар Союзу сыйлыкка кечээ же бүгүн эле көрсөткөн жок, 7 жылдан бери көрсөтүп келатышат. Акырында алар Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда: «Сыйлыкка жалгыз өзүңүздү көрсөтөлү, ошондо гана мамлекет сизге сөзсуз наам берсе керек»,-деп сунушташкан. Тилекке каршы, башка эле бирөө алып кетти. Андагы бийлик бир дагы повесть жазбаган, Жазуучулар союзу көрсөтпөгөн эле адамга наам берип коюшту. «Бул эмне деген мамиле? Муну жазбасак болбойт, жазалы»,- деп жазуучулар нааразы болушканда, мен токтотуп койгом. Бу жолу дагы мени көрсөтүштү, бирок, мен бул кызматка келе элегимде эле көрсөтүштү. Сыйлык берүүнү бир гана адам чечпейт. Жазуучулар Союзунун алдындагы чоң комиссия бар, алар карап чыгат да, Маданият министрлигине жиберет. Аларда да комиссия бар, алардын элегинен өткөндөн кийин Президенттин аппаратына жиберилет. Президенттик аппаратка мен кызматка келе электе эле сыйлык ала турган адамдардын тизмеси келип тушкөн экен. Алар ким экенин мен деле билбейм. Президент менен Аппараттын жетекчиси гана билет, башка эч ким билбейт. Мен деле эл катары сыйлык, наам алгандардын тизмесин басма сөзгө чыкканда гана билдим. Эми мыйзамды толук окубагандар ар кандай сөздү айтып жатышат. Мурда сыйлык берүүнү мамлекеттик катчы чеччү да, ошондой ойлоп жатышат.
— Мыйзам деп калдыңыз, анда кандай шарттар каралган? Сыйлык берүү кандай критерийлер менен тандалат?
—  Сыйлык, наам берүү боюнча эки мыйзам бар. Биринчиси — «Мамлекеттик сыйлык берүү жөнүндө». Экинчиси —  «Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүнүн шарттары». Экөөн тейлөө жагы Аппарат жетекчисине тапшырылат. Мыйзам боюнча, комиссиялар тизмедеги адамдардын ким экендигин изилдешет, тагырагы, ал адам мурда соттолгон жок беле деген суроо менен Ички иштер министрлигине (ИИМ), «кылмышкер, чыккынчы, тыңчы» эмеспи деп Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК), үй-бүлө жагынан бузулган эмеспи деп ЗАГСка кагаз жиберет. Мына, ушунун баарын карап чыгышат. Анан, албетте, анын чыгармасы каралат. Тизме комиссияга эки ай мурун берилип, текшерилет. Сыйлыктын тизмеси берилип, каралып жаткан убакта Мамлекеттик катчы кызматы жок болчу. Бул кызмат жакында эле кайра пайда болду, аны жакшы билесиздер. А сыйлык берүү маселеси тээ апрель айында эле башталган. Менин бу жерде эч тиешем жок. Буйрук экен, сааты эми чыгып, мага ушул наам ыйгарылып, берилди. Негизи өзүмдүн катарлаш, замандаштарымдан артта алдым десем болот. Ушуга да шүгүр. Мисалы, Америкада эң көп окулган китептин авторуна жыл аягында «Жылдын мыктысы» деп сыйлык беришет. (Күлүп) Эгер бизде ошондой болсо, мен 25 жылдан бери жыл сайын сыйлык ала бермек экенмин. Анткени менин «Кызыл көйнөкчөн келин», «Бриллиант жылан» китебимдей окулган китеп жок. Бул мактаныч эмес, чындык. «Ютубга» аудиосу да чыккан, анда окурмандар оголе көп, 300 миңден ашып кетти. Ишенбегендер ошол жакты карап, текшерип алса болот. Эми баарына жага албайсың, баарына сыйлык бере албайсың. «Сыйлык тапшырууда калыс болду, болгон жок» деген пикирлер болот экен. Эми бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.
— Наамдарда акчалай сыйлык барбы?
— Мурда бар болчу, азыр жок. Мурда сыйлык, наам алып калгандар акчасына илинип калышты. А биз илинбей калдык. III даражадагы «Манас» орденин алгандарга 30, II даражадагыга 50, I даражадагыларга 100 пайыз акча кошулчу. «Кыргыз Эл жазуучусу», «Кыргыз Эл акыны» наамын алгандардын пенсиясына, иштеп жаткандардын айлыгына акча кошулчу. Менин оюмча, жогорку наам алган адамдардын пенсиясына акча кошуп койсо жакшы болмок. Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Эл жазуучусу болгондордун баарын кошкондо 30 гана адам болот экен. Ушунча адамдын айлыгына, пенсиясына акча кошуп койсо, мамлекеттин чөнтөгүнө зыян деле алып келбейт. Бул маселени депутаттар карап көрсө болот.
— Кечиресиз, бул маселени өзүңүзгө ылайыктап айтып жаткан жоксузбу?
— (Күлүп) Жок, өзүмө карап айтып жаткан жокмун. Кудайга шүгүр, оокатым өзүмө жетиштүү. Айрым бир жазуучуларыбыз, акындарыбыздын айлыгы аз. Аларга абдан эле жардам болмок.
— Бу жолу сыйлык, наамдар татыктуу адамдарга берилди деп ойлойсузбу?
— Бул жолкусунда калыстык болду го деп ойлойм. Сыйлык дагы өз убагында берилгени жакшы. Мисалы, төрт төкмө акын: Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Токтобеков (Жумакадыр), Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучевдин наам алганы жакшы болду. «Кыргыз Эл акыны» болушту. Союздан калган адатты биз жоюшубуз керек! Себеби, ал учурда картайганга чейин сыйлык беришчү эмес. Бу жолу жаш, татыктуу талантууларга берилди. Жаратмандардын эмгегин өз убагында баалаш керек. Бирок, нааразы болгондор бар, «тигиге, буга туура эмес берилди» деп айрымдары амбицияга алдырып айтып жатышат. Эми жашоо ушу менен бүтүп калбайт да, алдыда майрамдар көп. Ноябрда маданият күнү деген бар, Жаңы жыл бар. Менин кызматым кеч пайда болгон үчүн сыйлыктарга кийлигише алган жокмун, кийинкисине кийлигише алам.
— Кийлигише алсаныз анда мурунку муундагы көзү өтүп кеткен мыкты акын, жазуучуларга наам бердирте алат экенсиз да. Сиз жогоруда атаган төрт төкмө акынды таптап, аларга устат болгон — Ашыралы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Мир (Замир) Үсөнбаевге «Кыргыз Эл Баатыры» наамын берсек болобу? Айтылуу Какен Алмазбеков, Өтө Көкө уулунун (Жеңижок) ысымын атап, ырларын ырдап, сөздөрүн колдонуп эле келатабыз. Бирок, ушундай залкарлар убагында баркталбай калды эле, наам, сыйлык берилбей калды эле. Эми берилсе болобу?
— Азыркы жаңы мыйзам боюнча, мамлекеттик чоң кызматта иштеп каза болгон инсандарга гана берилет экен. Ошондуктан көзү өтүп кеткен Какен Алмазбеков, Жеңижок жана башка залкар адамдарга сыйлык, наам берүүгө мыйзам жол бербейт. Бирок, мен бул мыйзамды туура деп ойлойм, аларга сыйлык, наам берүүнү токтотуп эле койгон жакшы. Анткени ал кишинин көзү өтүп кетти да. Аларды ансыз да Баатырдай көрөбүз, урматтайбыз, сыйлайбыз, унутпайбыз. Аларга биз, калк качан эле «Эл артисти», «Эл акыны», «Эл Баатыры» деген наамдарды берип коюшкан. Бирок, көзү өтүп кеткендерге көчөгө ысымын бере алабыз. Мына, мисалы айтылуу төкмө акын Ашыралы Айталиевдин атын берүү маселеси боюнча учурда мэрияда каралып жатат.
— Бул маселе канча убакытта чечилчүдөй болуп турат?
— Кудай буйруса, жакында чечилет. Бул маселе менин көзөмөлүмдө. Жаӊы эле шайланган Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев (ал шаардык кеңештин 43 депутатынын добушу менен 26-августта мэр болгон. Анын талапкерлигин Министрлер кабинети менен шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн — авт.) менен сүйлөштүм. Ал жакында чечилээрин айтты. Кудай буйруса, октябрь айына чейин чечилип калат.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

P.S. Президент Садыр Жапаров республиканын маданий, интеллектуалдык жана рухий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн жана Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка 31-августта кол койгон.

Сыйлык алгандардын ТИЗМЕсин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Мамлекеттик катчы кызматы кайра качан пайда болгонун, бул кызматка Чолпонбек Абыкеев качан дайындалганы тууралуу билгиңиз келсе, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыңыз.

3 thoughts on “Чолпонбек АБЫКЕЕВ, мамлекеттик катчы: «Көзү өткөндөргө сыйлык берилбейт!» (Маек)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.