МИНИСТРЛИК: «Окуучулар милдеттүү түрдө маска тагынышы керек!»

МИНИСТРЛИК: «Окуучулар милдеттүү түрдө маска тагынышы керек!»

Бүгүн, 13-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин катышуусунда маалымат жыйыны болуп өттү. Маалымат жыйынында окуучулар милдеттүү түрдө маска тагынышы керектиги тууралуу министрдин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча мектептер 15-сентябрдан тартып иштей баштайт. Быйыл өлкө боюнча 158-159 миң бала 1-класска барат.

Окуу жылынын кеч башталганын себеби…

Белгилей кетсек, быйыл жаңы окуу жылы 15 күнгө кеч башталаарын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирген. Окууну жылдыруу эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу болгонун айтышкан.

Учурда билим берүү мекемелерде кенже жана техникалык персоналды кошкондо 152 827 кызматкер эмгектенет. Ошол эле учурда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 12-августка карата 56 114 кызматкерге COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасы сайылган, бул 36,7 пайызды түзөт. Жамааттык иммунитетти түзүү үчүн кызматкерлердин 70 пайыздан кем эмеси эмделиши керек!”, — деп жазылган маалыматта.

Бүгүнкү маалымат жыйынында, мугалимдердин 70%ы коронавируска каршы эмделгени маалым болду.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.