ВИДЕО — Досунун адамгерчилигин, жакшылыгын унутпаган Мамат Сабыров. Анын интервьюсу ыйлатты…

ВИДЕО — Досунун адамгерчилигин, жакшылыгын унутпаган Мамат Сабыров. Анын интервьюсу ыйлатты…

Эсен болуп, эстей жүр!

18-сентябрь, дал ушул күнү айтылуу Мелис Эшимканов менен коштошуп, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлуп, кыргыздын мыкты бир уулун акыркы сапарга узатканбыз. Андан бери айлар агып, мезгилдер алмашып билинбей 10 жыл өтүптүр. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо быйыл 9-декабрда 59 жашка чыкмак экен…

Бирок, агабыздын элеси эскирбей аны жакшы билген, сыйлаган, урматтаган, жакшы көргөн жүрөктөрдө жашап, жыл сайын эскерилип келет.

Быйыл да жубайы Асел Эшимканова 15-сентябрда жолдошунун бейитинде эскерүү уюштуруп, куран окутту

Мамат САБЫРОВ: «Мелис акыркы тыйынына чейин элге берчү эле…»

«Ленинчил жаш», «Асаба», «Агым» гезиттеринде чогуу иштеген Мелис Эшимкановдун жакын досу,  эч бир иш-чарадан калбаган, белгилүү журналист, жазуучу Мамат Сабыров гезиттеги күндөрүн эстегенде көзүнө жаш тегеренип кетээрин айтып да, жазып да келет. Бу жолу да  эскерүүгө келип, бейит үстүндө да, кафеде да досуна багыштап куран окуду. Досунун адамгерчилик сапатын баса белгилеп, чексиз берешендигин, марттыгын айтып берди:

Бу дүйнөдө бүт баары убактылуу нерсе экенин көрүп атабыз: бийлик, байлык жана башка нерселер… Түбөлүктүү нерсе бул —  адамгерчилик, жакшылык экен. Мен Мелистин адамгерчилиги жөнүндө айтайын деп турам. Досум кимге гана жакшылык кылбады. Экөөбүз бир кабинетте отурчубуз, киши үзүлчү эмес. Жок дегенде эле он адам келчү, анын жети, сегизи акча сурап келчү. Мелис жок дегенди билчү эмес, колу ачык, март жигит эле. Чөнтөгүндөгү акыркы тыйынына чейин берчү… Ушундай адамгерчилиги, жакшылыгы туугандарынын, досторунун, элдин эсинен чыкпай, аты унутулбай келатат. Адамгерчиликтүү досумдун элге кылган кызматы, жакшылыгы эч качан унутулбайт, аты өчпөйт, түбөлүк сакталат. Жаткан жери жайлуу болсун!

Архивден…

Эрнис АСЕК уулу: «Мелис байкем аскадай көрүнгөнү менен ички дүйнөсүндө алсыз бир гүл эле да…»

«Досуңду көрсөтчү, сенин кандай адам экениңди айтып берейин» деген кыргызда жакшы сөз бар го. Анынсынарындай, чыныгы, нак дос Мамат байкедей болуп адамдын жакшы жагын көрө билип, башкага үлгү болот. Мамат байкебиздин да адамгерчилиги бийик. Эрнис агасынын аманатын аткарып, «Баягы «Асаба» гезитин чыгарып жатканда, улуу башын кичик кылып, редакцияга келип, куттуктап, байымдан интервью алып кетти эле. Бул маекти убагында элес алган эмесмин, Эрнисимдин да көзү өтүп кеткенден кийин окуп алып ыйлагам… 

— Эрнис, орус, кыргыз тилинде ырларды жазып, башка тилдеги чыгармаларды которуп жүрчү элең. Азыр кайсыл багыт менен көбүрөөк алек болуп атасың?

— Чыгармачыл адам болгондон кийин жазгандан калбайт экенбиз. Менимче, Маканин айтса керек эле: “Когда не пишу, чувствую себя дурно, а когда пишу, чувствую себя еще дурнее” деп. Мен да өзүмдү “еще дурнее” сезип жүрөм.

— Ошондо ыр жазып жатасыңбы?

— Менимче, ыр жөн келбейт. Гүл сугарсаң, эртең менен ачылып калат го? Ырга да суу куюп койсоң, эртеси ачылып калат. Бирок, аны дыйкандай болуп бага албайсың. Анткени, ыр өзүнчө өзгөчө гүл… Анан “Кагындылар” деген китепти баштап койгом. Артка кылчайып, кагынып да коюш керек экен.

-“Баягы Асабанын” эки-үч санынан Конфуцийдин котормолорунан окуп калдым. Ара-чолодо которуп жүрөсүң го?

— Жок, ара-чолодо эмес. Мен 6 жыл жалгыз жашадым. Анан которгум келди. Россиядан Конфуцийдин чоң жыйнагы чыккан. Беш бөлүм, ар бир бөлүмү 20 главадан турат. Ошого отурдум. Кубат аке айткандай, Конфуций кыргыз болгон окшойт. Которсом эле кыргыздын макалдары болуп калат. Мен кытайча билбейм да. Ошон үчүн орус тилинен котордум. Орус тилине 6 котормочу которгон экен, мен ошолордун баарын синтездеп кыргызчаладым. Китеп кылып чыгарайын деген деле ой келе элек.

— Кубат акени өзүң айтып калдың. Ал кишинин “устатым” деп ээрчигендердин арасында сен дагы бар элең. Азыр байланышып турасыңбы?

— Байланышым жок. Мамат аке, өзүңүз билесиз, мен адамга шыгым жок кишимин. Адамдар менен сүйлөшкөндөн качпайм, бирок, атайын барбайм, шыгым жок. Мелис байкемдин (Эшимканов) улуулугу ушунда болчу да. Шыгы жок адамды да алып барып, сүйлөштүрүп койчу. Бир айлап, үч айлап Кубат акенин жанында жүрчүмүн. Байкем кайтыш болгону Кубат аке менен да байланышым үзүлүп калды. Бирок, баягы калыптанып калган сый-урмат дале бар. 70 жылдыгын өткөргөндө бардым да тез эле кетип калдым. Себеби, атмосферасы жаккан жок. Ал жерде Кубат акени чындап түшүнгөн адамдар аз экен. Кубат акеден качкан жокмун, аны түшүнбөгөндөрдөн качтым.

— Жакын, кымбат адамыңдын жоктугу улам мезгил өткөн сайын катуу сезилет экен. Мисалы, Мелистин жоктугу 3 жылдан кийин өзгөчө сезилип жатат. Сенде да ошондой сезим болобу?

— Мелис байкем мен үчүн агам да, атам да, досум да болчу. Досумдай кеңеш айтчу, атамдай урушчу, агамдай жардам берчү. Бири-бирибизди далыбыз менен түшүнчүбүз. Ушу тапта Мелис байкем жетишпей турат. Сиз айткандай, башында көп сезилбейт экен. Азыр ал жөнүндө бир китеп жазып жатам. Бала күнүнөн баштап, өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин жазсам дейм. Мелис байкемди көбү түшүнө элек. Баягы орустун чыгыш таануучусу Радий Фиш, Жаладиддин Румини сонун ачкандай, ошондой ачып бериш керек болуп жатат. Мелис байкем мага эле эмес, жалпы кыргыз журналистикасына, саясатына да жетишпей турат. Мелис байкемдин улуулугу ушунда болчу, кошулбаган “кочкорлордун башын бир казанга салып” койчу. Кээде аны тегирмендер менен алпурушкан Дон Кихот катары элестетем. Бирок, ички дүйнөсүндө Мелис байкемен өткөн назик киши жок болчу да. “Аска элең бороондордон тосуп турган, алсыз бир гүл да элең өсүп турган” деп ошон үчүн жазгам. Аскадай көрүнгөнү менен ички дүйнөсүндө алсыз бир гүл эле да. Элдин баары асканы көрүп, бирок, ичиндеги назик гүлдү эч ким көргөн жок. Ал гүлдү тебелеп-тепсешти.

— “Баягы Асабаны” кайра чыгаруу да дал Мелистин демилгеси эмес беле. Өлөөрүнөн мурда мени чакырып, “Гезитти каттоодон өткөрүп койдум, Кудай буйруса, эски “асабачылардын” баарын кайра чогултам” деди эле… Сага рахмат, Мелистин ошол жакшы тилегин ишке ашырдың.

 

—  Чынын айтканда, Мелис байкем гезитке кайра кайрылып келбейт деле болчу. “Үкам, сен чыгар. Мен каражатыңды таап, коллективди жыйнап берейин” дечү. Менин арман кылганым – ошол айтканда эле макул десем, гезит ошондо эле чыгып калмак. Ошондо эле баарыбыз чогулмакпыз. Бүт баары менен сүйлөшкөн экен да. Алыкем, Шакем, Түкөм, сиз менен… Бирок, мен “жок” деп туруп алдым да… Акыркы кездерде Мелис байкемди башка жакка оодара баштаган. Анткени, бала кезинен кино тарткысы келчү. Шукшинди көрүп, Феллинини көрүп. “Акча таап, тарта баштабайсызбы” десем, кызыгып калган. “Кино тартканды билиш керек да. Сен экөөбүз окубасак. Сени Садык Шернияздай кылып атайын Москвага жиберейин, сен барып окуп кел. Анан чогуу тарталы” деди. Бирок, ал тилеги да ишке ашпай калды. Менин кийин деле “гезит чыгарайын” деген оюм жок болчу. Бирок, келинчегим Назира: “Чыгаралы, Мелис байкенин аманатын аткаралы, “Асабанын” салтын уланталы” деп туруп алды. Мен азыр 44 жаштамын. Эсептеп көрсөм, 22 жыл журналистиканын казанында кайнаптырмын. Ачыгын айтканда, гезит биз үчүн нан табуунун амалы эмес. Тескерисинче, бир аз тапкан тыйыныбыздын баарын гезитке жумшап жатабыз.

— Дем алышыңар бүттүбү, гезит качан чыгат? Окурмандарды кандай материалдар менен сүйүнтөсүңөр?

—  11-сентябрда чыгабыз, Кудай буйруса. Менин бүгүнкү журналистиканын деңгээлине ичим чыкпайт. Муну менен мен коллегаларымды күнөөлөгөндөн алысмын. Турмуш өзү ушуга алып келди окшойт. Журналисттер гана эмес, акын- жазуучулар, саясатчылар, бүт эле майдаланып кетти. Коом майдаланып кетти. Коомдо ажырым пайда болду. Адам менен адам ажырым, ата менен бала ажырым. Мен өзү глобализация деген нерсеге каршымын, бирок, Кыргызстандын ичинде Улуу Ынтымак керек болуп турат. Биригүү керек болуп турат. Экономика, маданият, саясат боюнча элди бириктирүүгө багытталган жакшы идеяларыбыз бар. Америкада улуу депрессия болгондо Бернард Шоунун минтип айтканы бар: “Говорите только о своем сердце. А сердце у всех одинаково. Түшүнбөсө да айта бер, айта бер, акыры бир тамчысы жүрөгүнө тиет” дейт. А биз кыргыз элинин жүрөгүнө эмне тамчылатып жатабыз? Ошону ойлонуп жатабызбы? “Асаба” колунан келишинче тазалыкты, акыйкатты, ынтымакты тамчылатса дейбиз.

Кепке тарткан Мамат САБЫРОВ

«Азия ньюс»,  28.08.2014-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.