Ош облусунда эки жолу жер титиреди

Ош облусунда эки жолу жер титиреди
Ошто эки ирет жер силкинди. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы бүгүн, 20-сентябрда билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 19-сентябрда, саат 08:40та Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилди. Ошондо эле 19-сентябрда, саат 21:21де жер титирөө Алай районунун Сары-Таш жана Арча-Булак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
ӨКМнин басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.