Украинада жашырынган кыргызстандык Холдаров интернет аркылуу экстремисттик ишмердүүлүк кылганы аныкталды

Украинада жашырынган кыргызстандык Холдаров интернет аркылуу экстремисттик ишмердүүлүк кылганы аныкталды

Ташкенттин Юнусабад районунда «Хизб-ут тахрир» диний экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө катышкан деген шек менен 12 киши кармалды. Бул тууралуу Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, алар Украинада жашырынып жүргөн кыргызстандык Махмуджон Холдаров аттуу жаран менен интернет аркылуу байланышып, анын идеялык таасиринин алдында экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенишкен.

«Алар калк арасында «Хизб-ут тахрир» уюмунун материалдарын жана Холдаровдун лекцияларын жайылтып, анын тапшырмасы менен «тахрирчилердин» катарына жаңы мүчөлөрдү тартышкан. Мындан тышкары алар туруктуу негизде Өзбекстанда халифат түзүү идеясын пропагандалап жүрүшкөн», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Тинтүү маалында кармалгандар жашаган үйдөн жана алардын уюлдук телефондорунан «Хизб-ут тахрир» уюмунун экстремисттик мүнөздөгү материалдары жана адабияттары табылган.

Белгилей кетсек, буга чейин, 16-сентябрда Ташкенттин Алмазар районунда «Хизб-ут тахрирдин» ишмердүүлүгүнө катышкан деген шек менен 10 киши кармалганы кабарланган. Сентябрдын башында Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Ташкент облусунда «Хизб-ут тахрир» уюмунун идеяларын пропагандалоо айыбы менен 29 аял кармалганын билдирген.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.