Акылбек ЖАПАРОВ: “Центерра» дагы, биз дагы сүйлөшүү жөнүндө маалыматты чыгарбайбыз деп кол коюп бергенбиз»

Акылбек ЖАПАРОВ: “Центерра» дагы, биз дагы сүйлөшүү жөнүндө маалыматты чыгарбайбыз деп кол коюп бергенбиз»

Сындалган сайын кызматтан кызматка көтөрүлүп келаткан, ар бир бийликтин тилин тапкан эпчил экономист Акылбек Жапаров кечээ Министрлер кабинетинин төрагасы болду. Ал «Кумтөр» кени тууралуу “Азаттыкка” комментарий бериптир.

Акылбек ЖАПАРОВ: «Кумтөрдү» мындан ары дагы өзүбүз иштетебиз»

— “Кумтөрдү» бүгүнкү күнгө чейин өзүбүз иштетип келдик, мындан ары дагы өзүбүз иштетебиз. “Центерра” менен сүйлөшүүлөр болду. Алар дагы, биз дагы сүйлөшүү жөнүндө маалыматты чыгарбайбыз деп кол коюп бергенбиз. Сүйлөшүүлөр уланышы мүмкүн. Сүйлөшүүнүн демилгечиси Скотт Перри болду. Алар принципиалдуу түрдө Кыргызстандан кеттик деген чечимин айтты. Бирок силер 26% акцияңарды бизге берсеңер деген ойду дагы айтып жатышат. Биз андай болбойт, дообуз көп дедик. Эң оболу, эки тарап үстөлгө отуруп, бири-бирибизди уктук. Сын-пикир, талаптарды гана айтпастан, бул маселени кандай жолдор менен чечсек болот деген бир топ механизмдерди сүйлөштүк. Кийинки кадамдарды көрө жатарбыз!.

Садыр ЖАПАРОВ: «Эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатам” деп Акылбек Жапаров сөз берди»

Жаңы Конституция менен иш алып барып жаткан президентибиз Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик аппараттын жетекчиси кызматына сунуштаганын кечээ, 12-октябрда социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялаган. Анда аны менен макулдашып, келишкени жазылган. Акылбек Жапаров мамлекеттин казынасын быйыл 280 миллиард сом менен жапса, эмдиги жылы 400 миллиард сом менен жабат экен. Ушинтип президентке катуу убада бериптир. Президенттин айтымында, Акылбек Жапаров айткан суммасына жеткире албаса, ага чара көрүлөт экен. Азырынча ал кишини сындабай, өкмөт башына коюп, убакыт беришибиз керек экен. «Анын мурдагы ишмердиги кандай болгонуна баа берип, “ичкен-жеген” деп сындап жаткан жарандарыбызга айтарым, менин убагымда анын ар бир баскан-турган кадамы, кыймыл-аракети толук жеке көзөмөлүмдө болот«, — деп жазыптыр президентибиз. Акылбек Жапаров убадасын аткара алаар бекен?..

Акылбек ЖАПАРОВ: «Эмки жылдын жыйынтыгы менен кирешебиз 400 миллиард сом болот»

Акылбек Жапаров кечээ парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берээрден мурда Мариповду мактап өттү. «Улукбек Асамидинович жаман иштеген жок, жакшы иштеди. Оор мезгилде кыйынчылыктарды бирге басып өттүк. Ал тажрыйба топтоду. Жаш кадр, анын келечеги алдыда«,-деди А.Жапаров.

Ал эми жогоруда президентке берген убадасы (400 миллиард сом тууралуу) депутаттарга мындай деди:  «Салык чогултуу ыкмаларын жөнгө сала турган болсок, саясат киришпесе, олигархтар, депутаттар, министрлер же ошолордун үстүндө турган саясатчылар экономикага кийлигишпесе, анда бюджетти көтөрсө болот. Жалпысынан быйыл консолидация болгон мамлекеттик бюджет 280 миллиард сом болот, ошону менен жылды жабабыз деп жатабыз. Эмки жылдын жыйынтыгы менен кирешебиз 400 миллиард сом болот».

Исхак МАСАЛИЕВ: «Кумтөр» боюнча Акылбек Жапаровду камаш керек!»

Экс-депутат Исхак Масалиев: «Кумтөр» боюнча мурунку президент Аскар Акаевди эмес, Акылбек Жапаровду камаш керек!»,- деп «Kaktus.media» сайтына билдирген. Дегеле ал «Кумтөр» боюнча Акылбек Жапаров да суракка чакырылып. жооп беришин талап кылып, байма-бай айтып эле келатат. Толугун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Акылбек Жапаровдун аялынын салыгы тууралуу…

Салык чогултуу ыкмаларын жөнгө салуу боюнча жогоруда Акылбек Жапаров жакшы айтпадыбы… Былтыр, 30-октябрда Акылбек Жапаровдун жубайы жетектеген компаниянын мамлекетке келтирген акчалай зыяндын көлөмү ачыкталып, чуу болгону эсиңиздерде болсо керек. Анда ал Жогорку Кеӊештин депутаты болчу. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча башкармалыгы «МИС» ААКсы (Анара Жапарова) ири суммадагы салык төлөбөгөнүн аныктаганын айткан. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Ушул маселенин аягы жабык боюнча калды жана «Кумтөр» боюнча Акылбек Жапаровду деле суракка алышса болмок…

Сырдуу, табышмактуу «Кумтөр» алтын кениндеги келишим…

Чубактын кунундай чубалган «Кумтөр» алтын кенинин чыры, “ыры”, келишпестик дале чечилбей келет. Бул сырдуу да, чырдуу да маселе тээ Аскар Акаевдин бийлигинен бери эле келатат. Кыргызстанда «Кумтөрдү» иштеткен “Кумтөр голд компани” жана “Кумтөр оперейтинг компани” ишканаларына байланыштуу соттук териштирүү 2012-2013-жылдары эле башталган. Экотехинспекция 4 доо менен: “кенден чыккан калдыктар муздун үстүнө ташталган”; “жер катмары бузулган”; “эсепке алынбаган уу заттар калдык сактоочу жайларга төгүлгөн” жана “суу үчүн акы төлөнгөн эмес” деп сотко кайрылган. Сот да улам жылып отуруп, 2016-жылдын май, июнь айларында Бишкектин райондук соту бул өтүнүчтөрдү канааттандырган. “Центерра” «кыргыз өкмөтүнүн дооматтарын негизсиз» деп, Гаагадагы эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын жарыялаган. 2017-жылы Стратегиялык келишимге кол коюлгандан бери “Центерра” да эл аралык арбитраждагы териштирүүнү улам кийинкиге жылдырып келди…

А чындыгында «Центерра Голд» компаниясы кайсы Өкмөт келбесин, аны менен тез тил табышып келишимди узартып келатышканы ачуу чындык. Тилекке каршы, бир дагы премьер-министр же президент муну ачык айткан эмес жана айтпайт деле…

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.