Исхак МАСАЛИЕВ: «Кумтөр» боюнча Аскар Акаевди эмес, Акылбек Жапаровду камаш керек»

Исхак МАСАЛИЕВ: «Кумтөр» боюнча Аскар Акаевди эмес, Акылбек Жапаровду камаш керек»

ЖКнын мурдагы депутаты Исхак Масалиев «Кумтөр» боюнча мурунку президент Аскар Акаевди эмес, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаровду камаш керек деп билдиргенин «Kaktus.media» жазып чыкты.

Исхак Апсаматовичтин айтымында, ал 2007-жылы парламент комитетинин төрагасынын орун басары катары Башкы прокуратурага Аскар Акаевге карата ачылган кылмыш иштеринин эсеби боюнча сурап кайрылган. Анда прокуратура мурунку президентке козголгон кылмыш иши жоктугун, кылмыш иши анын уулу Айдар Акаевге ачылганын расмий билдирип жооп беришкен. Кийин Аида Салянова Аскар Акаевге карата бир катар суроолор бар экенин айткан.

Экс-депутаттын айтымында, Акаев бир учурда мекенине кайтууну каалаган, анда аны ал оюнан айнытып коюшкан.

Ал эми Аскар Акаевди УКМК кызматкерлеринин Бишкекке алып келиши боюнча Акаев буга чейин Москвада эле болгонун, эч кайда жашырынбаганын, атүгүл окуу жайда сабак берип иштегенин эске салган.

«Аны «Кумтөр» иши боюнча суракка алыштары мүмкүн. Бирок мөөнөттөрү өткөн учур эчак эле бүткөн. Ал президент кезде коррупция үчүн мөөнөттүн эскириши деген бар болчу. Бирок азыр мыйзамдар башка жана алар тескери күчкө ээ эмес. Акаев 16 жылдан бери өлкө башкарбайт. Андан бери көп нерсе өзгөрдү, 4 жолу Баш мыйзам алмашты. Эгер ага айып тагып, камакка алышса, бул укуктук ээнбаштык. Андан да Акаевдин жазуу түрүндө көрсөтмө бергени жок да. «Кыргызалтында» анда Сарыгулов менен Кудайбергеновдор отурушкан.

Ал (Аскар Акаев – ред.) жашы өйдөлөп калган куракта. Менимче, калган убактысын мекенинде өткөргүсү келет. Ал баласын жерге берди, агасын акыркы сапарга узата албай калды. Жетиштүү эле жазасын алды. Ал өзү ичип-жеген жок, иштерге уулу, аялы аралашкан.

Эгер «Кумтөр» боюнча кимди жоопко тартыш керек болсо, анда ал — Акылбек Жапаров. 2003, 2009 жана 2013-жылдары активдүү катышкандардан. Акылбек Жапаровду кылмыш жоопкерчилигине тартпай туруп башкаларды камаган адилетсиздик», — деген Исхак Масалиев.

Эске салсак, бүгүн дүӊ болгон жаӊылыктардын бири – Кыргызстандын туӊгуч президенти Аскар Акаевдин Бишкекке келиши болду. Анын келиши – «Кумтөр» боюнча жүрүп жаткан тергөө-иликтөө иштерине байланыштуу. Аскар Акаев менен катар мурдагы бир канча аткаминерге 1992-жылы «Кумтөр» кени боюнча башкы келишим түзүүдө, 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жана 2003-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы келишимди реструктуризациялоодо болгон делген коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ал боюнча тергөө-тескөө жүрүшүндө Аскар Акаев президент кезде «Кумтөрдөгү» коррупцияга катышы бар бардык адамдарга юридикалык баа берилген болчу.

Айтмакчы, «Азаттыкка» маек берген коомдук ишмер Бекболот Талгарбековдун пикиринде, Аскар Акаевдин «Кыргызстанга келгенинин эки максаты бир. Биринчиси, УКМКнын сунушуна макул болуп, коюлган суроолорго жооп берүү. Экинчиси, мурдагы бийликтин тушунда эки агасы дүйнөдөн өткөн. Ошолорго топурак салып, куран окута алган эмес. Мына ошол агаларына куран окутуу. Андан кийин кайра эле Москвага кайтып, өз ишин улантат. Ал Москва университетинде профессор. Андан тышкары, Санкт-Петербургда Акаевдин атайын институту ачылган болчу. Ал жерде жетекчи«.

Бекболот мырзанын тастыктоосу боюнча, Аскар Акаевич сурактан кийинки жакынкы күндөрү Бишкекте жана кичи мекени Кеминде болуп, 4-5 күндөн кийин кайра эле Москвага кетет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Исхак МАСАЛИЕВ: «Кумтөр» боюнча Аскар Акаевди эмес, Акылбек Жапаровду камаш керек»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.