Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда комуз черткен 1000 комузчунун бири — Айдарбек Илиясов апасынын нанын сагынып…

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда комуз черткен 1000 комузчунун бири — Айдарбек Илиясов апасынын нанын сагынып…

РЕДАКЦИЯДАН: Биздин редакция көп жылдан бери Ички иштер министрлиги менен кызматташып, ары кооптуу, ары жооптуу кызматта иштеп жаткан ИИМдин эр-азаматтары, айымдары тууралуу макала-материалдарды сүрөттөрү менен жарыялап келет. Ошондой эле, ушул жылы (кечээтен бери) Республика боюнча укук коргоо органдарынын адистерин даярдаган жалгыз адистештерилген жогорку окуу жай катары эсептелген ИИМдин Академиясында окуган курсанттарды чыгарып жатабыз.
Бүгүн бизде конокто — ИИМ Академиясынын 4-курсундагы курсанты, комузда, гитарада жана башка инструменттерде ойноп, ырдаган, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда комуз черткен 1000 комузчунун бири — Айдарбек Илиясов.
Айдарбек Илиясов ИИМдин Академиясындагы жашоосу, музыка дүйнөсүнө болгон кызыгуусу жана президент Садыр Жапаровдун колунан сыйлык алып жатканда сүрдөп, толкунданганын айтып бериптир.
— Мен кичинекей кезимде Чолпон-Ата шаарында иштеген милиционер таякелерим үйгө дайыма келип турушчу. Ошондо таякелеримдин кийген формаларына кызыгуум артып, фуражкаларын кийип көрүп, сүрөткө түшкөндү жактырчумун. Ошондогу алган таасирлер да бул кесипти тандап алуума өбөлгө түзгөндүр деп ойлойм. Жогорку класстарда окуп жүргөндө кесип тандоо боюнча чындап ойлоно баштадым. Талдап көрсөм башка окуу жайларды бүтүргөн жаштар иш издеп чет жактарга кетип калышат экен, биздин окуу жайдын жакшы жери — өз бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыз кыларын билдим. Бул нерсе да мага жакшы ой калтырды.
Орто мектепти бүтүргөн соң, ИИМдин Академиясына документтеримди тапшырдым. Сынактар татаал болду, түрдүү окуялар менен коштолду. Ошентип, сынактарды ийгиликтүү тапшырып, окууга өттүм. 1-курста окуп жүргөндө кыйынчылыктарды баштан кечирдик, күнүгө саат алтыда турмай, аскердик даярдык, темирдей катуу тартип, күнү-түнү окуу. Ага кошумча, айылдагы ата-энебизди сагынабыз. Казармадан чыгып, окуу жайга чейин бир километрдей жол басчубуз. Ошол убакытта дайыма үйдө жүргөн кезимди, апамдын ысык нанын эстечүмүн. Бош боло калсам эле үйдөгүлөргө телефон чалган адатым бар болчу. Ал күндөр да өттү, учурда баары жакшы.
Президенттик стипендия тууралуу окуу жайдын «Инстаграм» баракчасы аркылуу окуп, таасирленгеним эсимде. Жалаң «5» деген баага окуу үчүн, албетте, тынымсыз аракет, талбаган эмгек керек экен. Окуудан сырткары, кошумча сабактарга катышып жүрдүм. Бул сыйлыкка жетүү үчүн бир гана мыкты окубастан, коомдук иштерге да активдүү катышуу зарыл. Ушул жерде айта кетчү нерсе, мен өзүм музыкага жакынмын, атайын музыкалык билимим бар. Андыктан, биздин окуу жайдагы бардык коомдук, маданий иш-чараларга үзбөй катышып келем. Комузда, гитарада ж.б. инструменттерде ойнойм, ырдайм. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда комуз черткен 1000 комузчунун биримин.
Ошентип, аракетимден натыйжа чыгып, президенттик стипендияга ээ болгон бактылуу күнгө да жеттим. Президенттин колунан сыйлык алып жатканда абдан сүрдөдүм, толкундандым. Аны менен бирге мага чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн, алдыга карай дагы да болсо умтулуу керек экенин сездим. Ага кошумча, Билим берүү министринин бизге айткан акыл-насааттары жүрөгүмдө сакталып калды. Башка окуу жайларда окуган студенттер менен тааныштык, достоштук. Шаңдуу маанай коштогон бул иш-чара баарыбыздын эсибизде сакталып калды деп ишенем.
«Бетме-бет» гезити
P.S.  ИИМдин Академиясынын 4-курсунун курсанты, спорт чебери Кымбат Нуржанованын маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.