Алтынай ТЕМИРОВА: «Бут тоспой, көралбастыкты токтотуп, академик Сабырбек Жумабековду колдойлу!» (Видео)

Алтынай ТЕМИРОВА: «Бут тоспой, көралбастыкты токтотуп, академик Сабырбек Жумабековду колдойлу!» (Видео)

Бүгүн, 3-январда Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жетекчиси, академик, профессор Сабырбек Жумабеков журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айткандарын четке кагып, «жалган жалаа» деди. Ошондой эле, ал журналисттердин суроолоруна жооп берип, президентке кайрылуу жасады.

Алтынай ТЕМИРОВА: «Президент Сабырбек Жумабековго медал бериши керек!»

Белгилүү жазуучу, драматург, акын, котормочу Алтынай Темирова академик Сабыр Жумабеков жана министр Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу пикирин социалдык тармакка жазды:

— Мындай көралбастыктын эмне кереги бар! Министр башы менен эл үчүн сонун иштеп аткан, миңдеген адамдардын сообуна калган врачтын түптөлүп калган оорууканасын кыйратуунун эмне кереги бар?!.. Тез жардамга олигархтардын хан сарайларынын бирин деле ала беришпейби?! Толтура го?!.. Эми оорууканаларды тоноо башталдыбы — «черный рейдер» болуп, министр башы менен?!.. Кичине акыл-эс деген болуш керек да!!!.. Ушу медицинанын башчылыгына нормальный министр келбей койду! Качан болсо эле ызы-чуу! Оңолгулачы! Өзү оңдоп-түздөп иштеп аткан оорууканаларга сүйүнүш керек! Оңдолбогон, ичине кирсең ыйлай турган абалдагы оорууканаларды оңдогула жардам берип, ремонттоп, жаңы аппараттарды алып берип, шарт түзүп!..Кыйын экениңерди ошол жактан көрсөткүлө!.. Даярга тап болуп сонун иштеп аткан кишиникин тартып ала бербей! Кудайга шүгүр деп ичти кенен койсоңор! Ал жерден үч революцияда канчалаган адамдар окторун алдырып, сынган, бүлүнгөн жерлерин бекер дарылатып, тез жардамдарды алышты! Кудайды карасаңар боло, бетпактыктын да чеги болот да!

Президент Садыр Жапаров акыл калчап ойлонсун, мындай министр уят кылат аны эл алдында, аброюн кетирет, башка пайда жок! Президентибиз Сабырбек Жумабековго медал бериши керек, медицинадагы каармандыгы үчүн! Анткени эл эчактан сыйлаган, элден көп жардамын аябаган Сабыр Жумабеков Республикабыздагы эң таланттуу хирург-ортопед, эл үчүн кызмат кылып аткан мыкты дарыгер. Эч жактан айыга албагандар бүт ушу кишиге барышат! Көралбастыкты токтотолу! Мыкты иштеп аткандарга бут тоспой, башка оорууканаларды оңдоп-түздөп, жардам берип иштетели! Министр мас болобу, соо болобу, бул иши туура эмес! Ал мыкты дарыгерлерди талкалаш үчүн эмес, иштей албай жаткан, шарты жок оорууканаларды оңдош үчүн келиши керек! Эмгекти, талантты баалабаган мындай министрге уят! Башка айтаарым жок!

Сабырбек ЖУМАБЕКОВ: «Мамлекеттик бюджетке кол салуудан кудай сактасын!»

Сабырбек ЖУМАБЕКОВ: «Министрдин айтканынын баары жалган!»

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Кактус медиага» берген маегинде Сабырбек Жумабековго доомат коюп, оорукананы менчиктештирип, таластыктарды толтуруп алып, «коррупцияга кол салган» деп айыптаган. Министрдин айткандарын Сабырбек Жумабеков жокко чыгарды. «Министр буга чейин оорукана жөнүндө далилсиз сөздөрдү айтып келди, кечээ күнү менин дарегиме дагы сөз тийгизди. Мен жолукканга аракет кылдым, бирок макул болгон жок. Бул мамлекеттик мекеме, эч кандай менин менчигим эмес«,-, деди.

Ушурда Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы катары кайра түзүү аракети жүрүп жатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.