ВИДЕО — Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы болуп келди. Аны президент канча мөөнөткө дайындады?

ВИДЕО — Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы болуп келди. Аны президент канча мөөнөткө дайындады?
Президенттин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Медербек Сатыев Жогорку сотунун төрагасы болуп дайындалган Замирбек Базарбековду Жогорку соттун судьяларына жана аппарат кызматкерлерине бүгүн, 3-февралда тааныштырды. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Медербек Сатыев президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Базарбеков Замирбек Курамаевич 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы болуп дайындалды. Ошондой эле, ал мамлекет башчысы сот реформасынын ийгиликтүү уланышына чоң үмүт артарын баса белгиледи.

Ал эми Замирбек Базарбеков ынтымакта жана биримдикте сот реформасын биргеликте жүргүзүүгө болгон күч аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Ой, ким бул, ой?!

Замирбек Базарбековдун таржымалы

Замирбек Базарбеков 65 жашта. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистигин аяктаган. 1990-1993-жылдары Ысык-Көлдө райондук жана облустук прокуратурада тергөөчү, 1993-1995-жылдары өкмөттүк аппаратта референт, 1995-1997-жылдарда Жогорку сотто консультант болуп эмгектенген. 1997–2005-жылдары Сузак, Ак-Суу райондук сотунда, Каракол шаардык сотунда судья, төраганын орун басары, 2005–2006-жылдары Ысык-Көлдө адвокат, 2006-2016-жылдары Балыкчы шаардык сотунда судья, соттун төрагасы болгон. 2011-2014-жылы Сотторду тандоо кеңешине мүчө жана төрөга, 2016-2020-жылдары Чүй облусунда адвокат болуп, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин 27-ноябрдан 16-декабрга чейин Судьялар кеңешинин алдындагы тартип комиссиясынын төрагасы болуп дайындалган. 2020-жылдын 16-декабрынан 2021-жылдын 2-июнуна чейин президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматында иштегенден кийин Жогорку соттун судьясы болгон.

Жогорку соттун төрагасы кызматына Замирбек Базарбековдун талапкерлигин президент Садыр Жапаров парламентке сунуштаган. Анын талапкерлиги кечээ, 2-февралда парламентте каралып, депутаттар колдоп берген. Андагы сессияда Замирбек Базарбеков Садыр Жапаровго 2016-жылдан кийин адвокат болгонун билдирген.

Бакирова кызматтан өзү кеттиби же кетириштиби?

Жогорку соттун мурдагы төрайымы Нургүл Бакированын кызматтан кетээри 31-январда белгилүү болгон. Анын өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызы Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде 1-февралда каралып, канааттандырылган.
Жогорку соттун басма сөз кызматы да Нургүл Бакирова кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө чечим кабыл алганын билдирген.
Бакирова Нургүл Жакыповна менен жыл башында (биздин сайт: alakan.biz) маектешкен элек. Анда анын кызматтан кетүү ниети жок болчу… Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.