Анатай ӨМҮРКАНОВ: «Эх, турмуштун татаалдыгы тардыгы, Сиздей болсо депутаттын бардыгы…»

Анатай ӨМҮРКАНОВ: «Эх, турмуштун татаалдыгы тардыгы, Сиздей болсо депутаттын бардыгы…»
Эсен болуп, эстей жүр!

Айтылуу Дооронбек Садырбаев агабызсыз 14 жыл…

Бүгүн залкар кинорежиссер, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Эл артисти Дооронбек САДЫРБАЕВ жарык дүйнөгө келген күн. Көзү өткөнчө Жогорку Кеңештин депутаты (1995-2008-ж.ж.) болуп, парламентте, дегеле саясатта тайсалдабай калыс, курч, мурч сөзүн айтып, чындык деп чыркырап өткөнүн баарыбыз билебиз…  

Агабыз Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан (мурдагы Бирлик колхозу) айылында 1939-жылы 13-февралда жарык дүйнөгө келген. Көзү тирүү болгондо 83 жашка чыкмак экен. Элибиздин бактысына бир жаралып келип кеткен асыл адамдан 2008-жылдын 28-майында ажыраганбыз: узакка созулган оорунун айынан 69 жашында көз жумуп, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. Андан бери ортодо айлар, жылдар агып 14 жыл өтүптүр…

Агабыздын чыгармачылык жолу да бардык жагынан салмактуу болду: 70тен ашуун даректүү тасма, 16 көркөм фильм тартты. Аңгемелери, ырлары топтолгон 8 китеби, 700дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көрдү. Анын бир канча тилге которулган юмордук аңгемелери тууралуу өзүнчө кенен сөз кылсак болот. (Кыргыздын кийгизген кийити кайрылып кайра ээсине келгенин элестүү жазган «Сатин көйнөк» аңгемеси учурунда көп гезит-журналдарга которулуп басылып (орусчасы «Ситцевый бумеранг»), союз маалында миллион нуска менен чыккан «Работница» журналына жарыяланып дүң болгон). («Автор катары мага 1500 рубль төлөп беришкен, анда ал акча азыркы 1500 доллардай эле болчу» деп өзүнүн эскергени бар).  Кыргыз эл акыны Алыкул Осмонов тууралуу роман, тагырагы, агабыз өзү белгилегендей кинороманды жазып, ал боюнча киносценарий жазууну суранышканда, көп сериялуу тасма тартууну максат кылып, бирок биринчи сериясын тарткан учур союздун ураган туура келип калган. Ал чыгарма Москвада гана чыгат деген шарт менен китеп болуп чыгып, Агабыз гонорар катары китептин 100 нускасын гана берүүнү суранган экен.

Китеп 11 миң нуска менен жарык көрүп, агабызга ал айткан 100дү эмес, 1000 нусканы калтырып коюшат. Кийин  китепти баскан басмакана агабызды Москвага чакырып, барганда «Гонорарыңызды алыңыз» дешсе, агабыз «китеп эле алам дегем да» дейт. Басмакана ээлери: «Сиз менен мындан нары да кызматташкыбыз келет. Сиздин китептин 10 миң нускасы тең бир жумада эле сатылып кетти. Бизде мындай болгон эмес. Кеткен чыгымдарыбызды да жаптык, үстүнөн чоң пайда да көрдүк, автор менен бөлүшпөй койсок туура болбой калат го» дешкен экен… 

Эми, ар бир жараткан эмгегинин, ар бир айткан сөзүнүн өзүнө тете таржымалы бар агабыздын айрым ырларына обон чыккан, 2018-жылы  «Даанышман» аттуу беш томдук китебин Садырбаев атындагы кайрымдуулук фонду чыгарган, ысымы Бишкектин мурдагы Бах көчөсүнө берилген деп жөн тизмелеп айтып койгонубуз, албетте, супсак бир баяндай эле болуп калат. Андыктан анын баарына өзүнчө кайрылып сөз кылабыз… 

Анткен менен, эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар! Биз эскерүүнү Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов агабыздын Дооронбек Садырбаевге арнаган ырынан баштадык…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВГЕ
Бир кишинин карап кабак-кашына,
Бийлик шондой каргыш тийген машина.
Бир олтурсаң болду, ээ болбойсуң,
Сөзүң эмес иче турган ашыңа.
***
Аккын десе албуут суудан агасың,
Тангын десе караны ак деп танасың.
Оюң башка, жүрөк башка, сен башка,
Бир заматта манкурт болуп каласың.
***
Оюң башка, жүрөк башка, сен башка,
Чоңдор башка, жүдөп жаткан эл башка.
Машинага отургандар бүт баарын,
Унутушуп «өзүм » дешет заматта.
***
Бирок, Доке, сиз анетпей эч качан,
Такыр талбай тагдыр берген кайраттан.
Өзүңүздү саткан жоксуз кайриет,
Ой аман да, жүрөк аман, сиз аман.
***
Эх турмуштун татаалдыгы тардыгы,
Сиздей болсо депутаттын бардыгы.
Азыркыдан жашоо канча жакшырып,
Жакшы багып калмакпыз биз жанды бу.
***
Топ чүкөгө томпойдойсуз, сакасыз,
Жаманга бел, жакшыларга атасыз.
Атпай журтка атуулдукту көргөзүп,
Жаныңдан жан бөлүп келе жатасыз.
***
Акыр бирөө тартыш керек жазаны,
Адам болуп күн көрүүнүн азабы.
Күндөн күнгө оорлогондон оорлоп,
Күндөн күнгө алып барат мазаны.
***
Эртели кеч эл деп кайгы жей берем,
Эркектери Сиздей болсо дей берем.
Кыргыздарга таң калам да, арданам,
Кылычтан курч уулун таанып көрбөгөн…
Анатай ӨМҮРКАНОВ,
«Асаба»,  1999-жыл

One thought on “Анатай ӨМҮРКАНОВ: «Эх, турмуштун татаалдыгы тардыгы, Сиздей болсо депутаттын бардыгы…»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.