Кечээ, 12-февралда Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, атайын статуэтка жана диплом тапшырылды.
«2021-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү» сынактагы 1-орунга “МедиаХаб” коомдук фондунун иликтөөчү журналисттери: Али Токтакунов, Арген Бактыбек уулу, Мээрим Айныкеева ээ болду. Алар «Калкты карызга батырган финансы махинациялары: «Сомо», «Акчамат», «Финико» аттуу иликтөөлөрү биргелешип даярдашкан.
2-орунга иликтөөчү журналист Мээрим Сырдыбаева ээ болду. Ал «МедиаХаб” коомдук фонду менен биргелешип «Өлүм менен өмүрдөн акча жасагандар» аттуу иликтөөсүн даярдаган.
3-орунду «Жолдон жоголгон 934 миллион» аттуу иликтөөсү үчүн «Азаттыктын» журналисти Айбек Бийбосунов ээледи.
Андан сырткары, “Телевизионная Академия” коомунун астында Адил Турдукулов, Булат Сатаркулов, Александр Тропейко (“Мыйзамсыз миграция” иликтөөсү), “ПолитКлиника” онлайн-медиасынын жетекчиси Дилбар Алимовага (“Кайыңды кабел заводунун жаңы кожоюндарга берилиши: атайын кызматтардын жана депутаттын мурунку жубайынын изи”), Борбор Азиядагы Америкалык университетинин студенттери Валентина Галич, Диана Светличная, Таалайбек Талантбек уулу, Екатерина Афанасьева, Сезим Дигербаева, Жүзүмкан Асхатбекова жана окутутуучу Анастасия Валеевага «Жарака»: эмне үчүн кыргызстандык окуучулар экстремалдык шарттарда билим алышууда?” деген аталыштагы журналисттик изилдөөсүнө атайын сыйлыктар тапшырылды.
Сынакка 80ден ашуун материал келип түшкөн…
![](https://i0.wp.com/alakan.biz/wp-content/uploads/2020/12/Ulan-Egizbaev-220x300.jpg?resize=220%2C300)
Журналист Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүү болгондо, быйыл 32 жашка чыкмак. Ал 2018-жылы, 22-июлда каза болгон. Маркумдун өлүмү тууралуу териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, «журналист сууга чөгүп каза болду» деп билдирген.
2018-жылы Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду ачылган. Алар ишин ошол жылы 14-сентябрда баштаган.
Фонддун максаты — Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо.
Аталган фонд сыйлыкты жыл сайын, маркумдун туулган күнүндө, 12-февралда тапшырат. Быйылкы төртүнчү жолу уюштурулду. Фонддун маалыматына караганда, быйыл сынакка 80ден ашуун материал келип түшкөн.
Кесиптештерди сыйлыгы менен куттуктайбыз!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы