Кыргызстан былтыр донорлордон 448 миллионго жакын доллар алды

Кыргызстан былтыр донорлордон 448 миллионго жакын доллар алды

Кыргызстан 2021-жылы эл аралык донор уюмдардан жалпысынан 38 миллиарддай сом (447 милион 585 миң 394 доллар) алган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Финансы министрлигинин Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Нурбек Акжолов билдирди.

Ал Кыргызстанга сырттан акча эки максатта, тактап айтканда, мамлекеттик инвестициялар аркылуу ири долбоорлорду ишке ашырууга жана бюджетти колдоого келерин белгиледи.

“Донорлордон алынган 11,4 млрд. сом бюджетти колдоого жумшалган. Ири долбоорлорго 26,4 млрд. сомду сырттан алып келгенбиз, башкача айтканда өздөштүргөнбүз. Мунун ичинде 17,9 млрд. сому насыя, 8,5 млрд. сому грант”, -деди Акжолов.

Президент Садыр Жапаров өткөн аптада өлкөнүн эгемен жылдарында топтолгон карызы 5 миллиард долларга жакындаганын, кайра кайтаруу мөөнөтү анын президенттик мезгилине туш келип отурганын билдирген. Быйылтан тарта 2026-жылга чейин эң жогорку сумма – 350 миллион доллар төлөш керек болорун, андан кийин төлөм ылдыйлап отуруп, 2030-жылдарда төлөнүп бүтөрүн айткан.

Соңку расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы былтыр жыл ортосунда 416 млрд. сомдон (4 млрд 921 млн доллар) ашкан, бул сумманын 85% тышкы, 15% ички карыз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.