ИИМ: «Свердлов округундагы талапкердин штаб жетекчиси, үгүттөөчүсү добуш сатып алуу боюнча кармалды»

ИИМ: «Свердлов округундагы талапкердин штаб жетекчиси, үгүттөөчүсү добуш сатып алуу боюнча кармалды»
Бишкек шаарында шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 26-февралда билдирди. 
Алардын айтымында, Бишкек шаарынын Бакай-Ата жаңы конушунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча бир талапкердин шайлоо штабынын жетекчиси Т.С. жана үгүттөөчүсү Т.Э. депутаттыкка талапкер үчүн үгүт иштерин жүргүзүү учурунда шайлоочуларды сатып алуу максатта конуштун тургундарына көмүр таратып жана ар бир добуш үчүн 2000 сомдон бере тургандыгы да аныкталган.
Т.С. менен Т.Э. Свердлов РИИБне жеткирилип, суракка алынган. Жогорудагы жарандардын даректеринде тинтүү иш-чарасы дагы жүргүзүлүп, шайлоочулардын тизмелери толтурулган бланктар жана кимге канча суммада акча берилген тизмелер далил катары алынды.
Учурда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү менен (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) катталып, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эске сала кетсек,  былтыр (2021-жылы) 28-ноябрда парламенттик  шайлоо болуп өткөн. Свердлов, Биринчи Май округдагы шайлоочулардын көбү “баарына каршы” добуш берген. Ошондон улам, БШК быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындаган. Шайлоонун үгүт иштери 7-февралда башталган. Ал бүгүн, 26-февралда, таңкы саат 8:00дө аяктаган. 

Белгилей кетсек, былтыр 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланат, азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат. Эртеңки парламенттик кайра шайлоодо утуп чыккан эки талапкер Жогорку Кеңешке депутат болуп келет. 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.