ВИДЕО — Сот кызматкерлери ишембиликке чыгып, “Чыңгыз Айтматов” паркын тазалашты

ВИДЕО — Сот кызматкерлери ишембиликке чыгып, “Чыңгыз Айтматов” паркын тазалашты

Бүгүн, 5-март Сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун Сот системасынын кызматкерлерин майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Замирбек Базарбековдун куттуктоосу:

Урматтуу кесиптештер!      

Баарыңыздарды бүгүнкү “Кыргыз Республикасынын сот кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Кыргыз Республикасынын Конституциясында адам укуктары жана эркиндиктери бардык мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктайт деп көрсөтүлгөн. Андыктан, адам укуктары жана эркиндиктери өлкөбүздөн эң жогорку баалуулугу катары мыйзам жана сот аркылуу бекем корголууга тийиш. Ал эми алардын эффективдүү корголушуна көз карандысыз, компетенттүү жана эң негизгиси — адилеттүү сот тутумун түзгөндө гана жетише алабыз. Бүгүнкү күндө элибиз сот тутумунан реалдуу реформаларды күтүп жатат. Биз өзгөрүүлөрдү тез арада ишке ашырып, коомдун сотторго болгон ишениминин деңгээлин жогорулатышыбыз керек. Акыркы учурларда соттордун көз карандысыздыгы боюнча маселеде көбүрөөк көңүл жалпысынан сот системасына, башкача айтканда анын институционалдык түзүлүшүнө бурулуп келди, ал эми мындан ары судьянын жеке көз карандысыздыгына көбүрөөк көңүл бурулушу керек деп эсептейм, анткени сот адилеттиги жалпы система аркылуу эмес, ар бир конкреттүү соттук иште, жеке судья аркылуу жүзөгө ашырылат. Ошондуктан, судьялардын жеке көз карандысыздыгын реалдуу ишке ашыруу чоң мааниге ээ. Бул үчүн зарыл болгон механизмдер иштелип чыгып, тиешелүү ченемдик укуктук актыларда камтылышы тийиш. Бул багытта Жогорку сот тарабынан мыйзам чыгарууга демилге укугунун алкагында керектүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыгып, парламенттин кароосуна киргизилет.

Урматтуу кесиптештер, көпчүлүк учурларда сотто адамдын тагдырына таасирин тийгизе турган чечимдер кабыл алынат. Ошондуктан сот тутумунун кызматкеринен чоң жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана бийик адамгерчилик талап кылынат. Сиздерге ишенип берилген сот адилеттигин жүзөгө ашыруу  милдетин абийир жана адамгерчилик менен ак ниет аткарууга чакырам. Ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү жана ошол эле убакта сыймыктуу ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!

Майрамында ишембиликке чыгышты

Ушул эле күнү Жогорку соттун жүзгө жакын аппарат кызматкерлери ишембиликке чыгып,  “Чыңгыз Айтматов” атындагы парктын айланасын тазалап, ирээтке келтиришти.

Ишембиликке ошондой эле Бишкек шаардык соту менен Биринчи май райондук сотунун кызматкерлери чыгышты.

Белгилей кетүүчү жагдай, Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май администрациялык районунун аймагын көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо максатта бүгүн  министрлик менен ведомстволор аларга тийиштүү болгон аймактарды тазалашты.

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.