ЖАПАРОВ: «Бийик Ала-Тоону туюнткан Ак калпак кыргыздардын башынан түшпөсүн!»

ЖАПАРОВ: «Бийик Ала-Тоону туюнткан Ак калпак кыргыздардын башынан түшпөсүн!»

Бүгүн, 5-март — Ак калпак күнүн белгилей турган майрам күн. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады.

Садыр ЖАПАРОВ: «Бакай бабабыз, Айкөл Манас атабыздан тарта Ак калпакты ыйык тутуп, бийик сактаган»— Урматтуу мекендештер! Кадырлуу калкым!

Кыргызстан эли муундан-муунга өтүүчү тарыхый жана маданий мураска өтө бай. Ал улуттун руханий, экономикалык жана социалдык кенчи болуп саналат. Биздин ак калпагыбыз баш болгон улуттук кийим – элибиздин тарыхы менен тыгыз байланышып, анын маданияты менен турмуш-тиричилигинин ажырагыс бир бөлүгү болуп келди. Ошентип, ата-бабаларыбыздан калган ак калпак маданий мурасыбыздын маанилүү көрөңгөсүнө айланды.

Жыл сайын өлкөбүздө 5-март ‒ Ак калпак жана улуттук кийим күнүнө карата анын маани-маңызын чечмелөө, жайылтуу менен, кыргыз маданиятына болгон атуулдук сезимдерди ойготуу максатында жер-жерлерде салтанаттуу иш-чаралар уюштурулуп келе жатканы кубандырат. Аларды белгилөө менен кыргыз элинин салттуу маданиятынын асыл-наркы жаштар арасында жайылтылып, өнүктүрүлүп, даңазаланып келет.

Ата-бабаларыбыз эзелтен маданий мурасыбызга аяр мамиле кылып, кастарлап сыйлап келишкен. Элибиздин баш кийимге болгон мамилеси бүгүн да өзгөчө. Анын ысык-суукка бирдей кызмат кылган кийизден жасалышына, калпакка түшүрүлгөн оймо-чиймелердин философиялык маанисине, жаш курагына жараша кыргактарынын ар кандай түстө болушуна да көңүл бурушкандыгынын өзү эле кыргыз элинин улуулугунун далили десек жаңылышпайбыз.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Ак калпак күнү менен чын дилимден куттуктайм. Биздин салттуу кийим улуттун улуулугун сактап, байыркы нарк-насилибиз, көөнөргүс казына болгон асыл-наркыбыз өнүгүп, кылымдар сынынан өткөн маданиятыбыз дүйнөгө тааныла беришине тилектешмин! Ар дайым аскар зоолуу, бийик Ала-Тоону туюнткан ак калпак кыргыздардын башынан түшпөсүн!

Бул майрамдын автору ким?

5-март «Ак калпак» күнүнүн негиздөөчүсү, «Ар бир айдын алтысы» долбоорунун автору, улуттук «Кыргыз бийи» долбоорун ишке ашырган белгилүү кинорежиссер Ырысбек Жабиров. Ал Ак калпак күнүн белгилөө демилгесин 2011-жылы көтөрүп чыккан.  Бул демилге Жогорку Кеңеште 2016-жылда, 29-мартта, парламенттин токтому менен расмийлештирсе, 2017-жылдын 29-июнунда “Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү” катары жарыяланган.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгон — улуттук баш кийимибизди даңазалаган Ак калпак күнү менен куттуктайт!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.