Жума намазга мечиттерге келген жарандар менен милиция кызматкерлери эмнеге жолукту?

Жума намазга мечиттерге келген жарандар менен милиция кызматкерлери эмнеге жолукту?
ИИМдин кызматкерлери ысырапкерчиликти алдын алуу максатта эл менен жолугушту. Бул тууралуу басма сөз кызматы бүгүн, 5-мартта билдирди.
Алардын маалыматына караганда, президент Садыр Жапаровдун «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча» Жарлыгын жергиликтүү тургундарга жеткирүү максатта профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү. Тагырагы, ИИМ кызматкерлери жума намазга мечиттерге келгендер менен жолугушуп, президенттин Жарлыгы тууралуу кенен түшүндүрмө беришип, суроолоруна жооп беришкен.
Эске сала кетсек, 24-февралда, президент Садыр Жапаров өлүм чыккан жерде мал союлушуна тыюу салган Жарлыгына кол койгон. Ал Жарлык бул ШИЛТЕМЕде!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.