Акылбек Жамангуловдун баш коргоо чарасы каралып, эки айга камалды

Акылбек Жамангуловдун баш коргоо чарасы каралып, эки айга камалды

Бүгүн, 14-мартта, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Мегакомдун» мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангуловдун баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечими менен ал №21 тергөө изоляторуна эки айга камалды.

Эске сала кетсек, Акылбек Жамангулов Башкы прокуратурага 12-мартта суракка чакырылып, кармалганы маалым болгон. Азырынча ага кайсы айып коюлганы, ким арыз жазганы жана иштин-чоо жайы тууралуу азырынча белгисиз. Ал эми адвокат Канат Хасановдун «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, Жамангуловго Түштүк Кореянын эки жаранынын ортосундагы каржылык маселеге байланыштуу шек саналууда… Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Акылбек Жамангулов тууралуу учкай маалымат бере кетсек, ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. 2018-жылы «Мегакомго» жетекчи болуп келип, 3 жыл башкарган. 2021-жылы 16-мартта өз каалоосу менен башкы директорлук кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.