Кыргызстанда Антикризистик комитет түзүлдү. Аны Акылбек Жапаров жетектейт

Кыргызстанда Антикризистик комитет түзүлдү. Аны Акылбек Жапаров жетектейт

Кыргызстанда социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитет түзүлдү. Жаңы түзүлгөн комитетти Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектейт. Анын курамына бир катар мамлекеттик органдардын башчылары кирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечим президент былтыр октябрда кол койгон «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндөгү» жарлыкты ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Анын негизги милдети – өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген дүйнөдө болуп жаткан окуяларга ыкчам чара көрүү үчүн антикризистик башкарууну түзүү.

Өткөн жумада Бишкектеги супермаркеттер айрым негизги товарларды сатууда чектөөлөрдү киргизип жатканы маалымдалган. Ага ылайык, бир адамга чектелүү гана өлчөмдөгү товар сатылат. Бишкектеги ири дүкөндөрдө кумшекердин баасы 80 сомго чейин жетүүдө. Өсүмдүк майынын литри 160-170 сомдон сатылууда.

10-мартта орус өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салган.

Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан бери доллар кескин кымбаттап, Орусияга карата катаал экономикалык санкциялар киргизилүүдө.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.